БИРИНЧИ ТҮНДӨГҮ ООРУНУ СЕЗБӨӨ ҮЧҮН ДАРЫ ИЧИП АЛСА БОЛОБУ?

№193 14-20-июль, 2006-ж.

– Биз жигитим экөөбүз бир айдан кийин баш кошууну пландап жатабыз. Ушундан улам биринчи түндү, андагы оорутууну ойлоп, эмитеден тынчсызданып жатам. Ооруну сезбөө үчүн анальгин сыяктуу дарыларды ичип алсам болобу? Зина, Карабалта.
– Көпчүлүк учурларда биринчи түндөгү оорутуу психологиялык жабыркоодон улам келип чыгат. Эгер оорутуу жаатында аябай тынчсыздансаңыз, анда дары ичүүнүн ордуна интимдик кремди колдонуңуз. Мындай кремдер дарыканаларда жана секс шоптордо сатылат.

ЖАТЫНЫНАН АЖЫРАГАН АЯЛ КАНТИП ЭНЕ БОЛО АЛАТ?
– Жакында эле аялдардан “жатыны алынып салынган аял эне боло алат” дегенди угуп ишенбей жатам. Же чындап эле ушундай болушу мүмкүнбү? Жазира, Каракол.
– Таң калуунун кереги деле жок. Себеби, бул жаатында атайын ыкма бар. Эгер аялдын жатыны кайсы бир себептер менен хирургиялык жол аркылуу алынып салынса, анда ал аял бул ыкмадан пайдалана алат. Аялдын урук клеткасы күйөөсүнүн уруктугу менен уруктандырылган соң, донор аялдын жатынына жайгаштырылат. Убакыт-сааты жетип төрөлгөн бала генетикалык ата-энесине берилет.

“Голубойлуктан” айыктырууга мүмкүнбү?
– Менин жакын таанышымдын иниси “голубой” экендиги жакында эле билинди. Муну уккандан бери таанышым менен кошо мен да анын иниси үчүн абдан кабатырланып келүүдөмүн. Ушундан улам муну айыктырууга болобу, болсо кандай жол менен айыктырат деп сурайын дедим эле. Замир, Кызылкыя.
– Бачабаздыкты (гомосексуалдуулук) айыктырууга мүмкүн эмес. Буга чейин психиатрлык жана медициналык жол менен айыктырылган мындай окуя катталган эмес. Негизи, адамдын сексуалдык жаатындагы сезимин жасалма жол менен өзгөртүүгө болбойт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(1)
26.07.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииииии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо