Бир бүркүм... ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ КОАЛИЦИЯ ЛИДЕРИ БОЛОБУ?..

№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл

  • Кытайдын “Шенсия көмүр-химиялык өнөр жай” компаниясы Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводунун курулушуна 600 миллион доллар инвестиция сарптайт.
  • “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого бараткандыгы үчүн Садыр Жапаров анын ордун убактылуу ээледи.
  • Өкмөт кызматтык унаалардын санын кыскартат.
  • Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев: “2014-жылга карай бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери кыргыз, орус жана англис тилдерин билүүгө милдеттендирилет”.
  • Өкмөт 2012-жылдан тарта дүйнөнүн 57 өлкөсү үчүн визасы жок режимди киргизмекчи.
  • 2011-2012-окуу жылдарында 2222 билим берүү мекемелери ишке киришип, анда 1,2 миллион билим алуучулар окуйт.
  • Эмдиги жылдан тарта мектеп окуучулары ар бир китеп үчүн 25 сом ижара акысын төлөп калышы ыктымал.
  • КСДП фракциясынын депутаттары коалициянын лидери Канатбек Исаевди Чыныбай Турсунбековго алмаштыруу керектигин сунуштап чыгышты.
  • Ош шаарында “Ак кызмат” жаштар уюму Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган социалдык көрнөк- жарнактарды өрттөп салышты. Алардын ою боюнча, боз үйдүн үстүнө жабылган Кытай, Орусия жана АКШнын желектеринен турган сүрөттөр кыргыз идеологиясына каршы келет.
  • Борбордук мечит президенттик шайлоодон кийин өз курулушун баштайт.
  • Өкмөт “Газпром” компаниясына мурунку “АзияУниверсалбанк”, азыркы “Залкар” банкын сатып алууну сунуштады.
  • “Кувейт” фонду Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реконструкциясына 12 миллион доллар насыя бөлдү.
  • Хажимурат Коркмазов жана Акылбек Эшимов “Ата Журт” менен “Республика” фракцияларынын чыгып кеткен депутаттарынын ордуна келип, ант беришти.
  • Быйыл дыйкандарга баш-аягы 565 миллион сом көлөмүндөгү 4,7 миң насыя берилди.
  • Депутат Светлана Левина мектептердеги окуу жылын 20 күн кечирээк баштоону сунуштады. Анын айтымында, туристтик сезон, эгин жыйноо жана кышка камылга көрүү окуучулардын сабагына тоскоолдук жаратат.
  • Кыргыз-кытай чек арасы 12-сентябрь күнү Кытайда Ай майрамы белгилене турганына байланыштуу убактылуу жабылат.
  • “Мегаком” компаниясына ай сайын орточо эсеп менен 30 миллион сом киреше түшөт”,- деп эл өкүлү Дастан Жумабеков айтты.
  • Бишкек шаарында Дүйнө эл эпосторунун II фестивалы башталды.
  • Жогорку Кеңеш Кыргызстан президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнө «мамлекеттик коргоого алуунун кереги жок» деген чечим чыгарды.
  • Айыл чарба министри Төрөгул Беков АКШнын департаментинен 100 миң тонна буудай, 10 миң тонна шекер жана 2 миң тонна өсүмдүк майынан турган гумжардам көрсөтүүсүн сурады.

Элвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо