№462 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БШК президенттикке аттанган 11 талапкерди өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү үчүн 7-сентябрда каттоодон баш тартты. Анын ичинде Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков да бар. Ошентип, талапкерлер 67 адам болуп калды. БШКнын маалыматына ылайык, бул күнгө чейин 5 талапкер гана 30 миң кол топтоого жетишти. Алар: Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров жана Жантөрө Сатыбалдиев. 100 миң сом күрөө тапшыргандардын саны болсо 22 адамга жетти.
8-сентябрь күнү талапкерлер Жусупжан Пиримбаев, Темирбек Асанбеков жана Адахан Мадумаров кыргыз тили боюнча экзаменден өтүштү. Ал эми Сейтек Байгуттиев менен Эркин Булекбаев жакшы жооп бере албай, сынактан кулашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |