Бир бүркүм... КУТКАРУУЧУЛАР 4 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛЫШАТ...

№463 16-22-сентябрь, 2011-жыл

  • Ош облусунда 8 айдын аралыгында 954 турак үй пайдаланууга берилди.
  • Ош шаарындагы 8 базарда соода-сатык менен алектенгендер 2012-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөөдөн бошотулушту.
  • 12-сентябрь күнү Бишкек шаарында 17 жаштагы Акылбек кызы Айзада көз жарып, үч эм кыз төрөдү.
  • 30-октябрь – шайлоо күнү 6 миң милиция кызматкери жана 13 миң элдик кошуундун өкүлдөрү коомдук тартипти камсыз кылышат”,- дейт Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков.
  • Улутташтырылган “БНК” компаниясы биринчи баскычта 123 миллион сомго бааланып, ал аукцион аркылуу сатылат,- деди биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов.
  • Салык кызматы Тажикстанга күйүүчү май ташуунун контрабандасына шектүү 56 фирманын материалдарын сотко өткөрүп берди.
  • Талас, Нарын жана Чүй облустарынын медициналык мекемелерине АКШдан 558 миң долларга бааланган гуманитардык жардам келет.
  • Ош жана Жалал-Абад облустарында учурда 1700 квартира курулуп жаткандыгын Жантөрө Сатыбалдиев айтты.
  • Алмазбек Атамбаев Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьер-министри Вэнь Цзябао менен жолугушту. Анда Цзябао Кытай Кыргызстандын жакшы коңшусу жана өнөктөшү болууга даяр экенин билдирген.
  • Өлкөдө кант диабети менен ооругандардын саны – 33 миң.
  • Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы 4 миң сомду түзөт.
  • Жалал-Абад шаарында “Мен Кыргызстанды бөлбөйм” аттуу форум өтөт.
  • Быйыл салыктын көбүн түстүү металлургия, байланыш жана дүң соода менен алектенген ишканалар төлөштү.
  • Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күз-кыш мезгилинде маал-маалы менен жарык өчүрүлбөйт.
  • Ысык-Көлдө Шанхай Кызматташтык Уюмунун биринчи Жаштар форуму уюштурулмакчы.
  • Жалал-Абад облусунда жылдын башынан бери 562 жол кырсыгы катталып, анда 146 киши набыт болгон.
  • Бишкек шаарына 16-сентябрда Казакстандын премьери Карим Масимов иш сапары менен келет.
  • Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, "Верзила" деген лакап аттуу Чыңгыз Жумагулов Тажикстандан кармалды.
  • Кыргызстан элдеринин ассамблеясы мамлекеттик тилди колдоого телемарафон өткөрөт.
  • "Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн 14 талапкерди Роза Отунбаева чакыртып алды",- деп президенттин ЖКдагы өкүлү Данияр Нарымбаев айтты.
  • Монополияга каршы көзөмөлдөө агенттигинин маалыматына ылайык, көмүрдүн баасы бул аптада 97 сомго чейин кымбаттап, 1 тоннасы 3,5 миң сомдун тегерегин түзүп калды.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо