ПСОРИАЗ -ТЕРИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮНӨН КЕЛИП ЧЫККАН ООРУ

№315 14-20-ноябрь, 2008-ж.

Оорунун келип чыгуу себептери
Келип чыгуу себептери белгисиз болсо да, окумуштуулар псориаздын пайда болушун төмөнкү факторлор шарттайт дешет:
Иммундук системанын жаңы­лыш­ты­гынан. Иммундук система организмге реакцияны күчөтүүгө жана жаңы клеткалардын өсүү процессин тездетүүгө “буйрук” берет. Калыптагыдай шартта теринин клеткалары картаят, өлөт жана теринин сыртына ар бир 28-30 күндө чыгарылып турат. Псориаз оорусунда тери клеткаларынын өсүп жетилиши жана өлүшү болгону 3-6 күндүн ичинде болуп өтөт. Андан соң алар теринин сыртына чыгат. Түртүлүп түшүүнүн ордуна алар жаранын формасында топтоло беришет.
Ген. Окумуштуулардын маалыматына караганда, псориазды чакыра турган гендер бар. Ал гендер организмдин иммундук системасынын реакциясын аныкташат. Реакциясына карап иммундук системага байланыштуу ооруларды, мисалы, кызыл жүгүрүк коштогон артрит, 1-даражадагы диабетти же псориазды чакырышат.
Тукум куучулук. Маалыматтарга караганда, оору тукум кууйт. Бирок, үй-бүлөсүндө псориаз менен ооруган адам болсо да, кээ бирлер эч качан бул оору менен оорушпайт. Көрсө, оорунун келип чыгышы үчүн атайын түрткү керек экен. Түрткү болуп теринин жаракатка кабылышы, күнгө катуу күйүү, стрептококтуу инфекция, стресс жана айрым дары-дармектер эсептелет. Мисалы, калтыратманы, кан басымды жана жүрөк ооруларын дарылоодо колдонулуучу кээ бир дары-дармектер да оорунун келип чыгышын шарттайт. Дерматологдор аталган оорулар менен ооруган адамдар дарылангандан соң күтүлбөгөн жерден псориаздын пайда болушун байкашкан.
Башка факторлор. Тукумунда псориаз менен оорубагандарда да псориаз оорусу кездешет. Оорунун себептери жогорудагыдай эле стресс, өнөкөт инфекциялык оорулар, мисалы, гайморит, тонзиллит (тамак оорусу), ашказан-ичеги жана боордун, өттүн оорулары, ошондой эле, заара чыгаруучу жолдордун оорулары болушу мүмкүн. Көбүнчө теринин жаракатка кабылышы (тытылуу, чийилип калуу, тырмалгандан теринин сыйрылып калышы), күйүк жана кээ бир дары-дармек түрүн кабыл алуу да ооруга алып келет. Климаттык факторлор жана ичеги курттары (острица, аскарида, лямблия ж.б.) да оорунун себепкери боло алат.
Оорунун белгилери
Адатта псориаз бети кургак кабырчыктар менен капталган кызыл же кызгылт түстөгү так түрүндө пайда болот (ошондуктан, элде “кабырчыктуу чакалай” деп аталат). Оорунун башталышында андай тактар тегерек формада болуп, аз санда кездешет. Көбүнчө баштын чачтуу бөлүгүндө, денеде, кол-буттун муундарында, алаканда, таманда, кээде булардан тышкары тырмакта, жыныстык мүчөлөрдө кездешет. Акырындап тактар көбөйүп, бири-бири менен кошулуп, көлөмдөрү ар кандай болгон кабырчыктарга айланат. Ал кабырчыктар калыңдай баштайт. Кабырчыктар жарага айланып, бул кычыштыруу менен коштолот. Жаранын бети кесилип, жарылып, канайт. Оор түрүндө оорулуу түнү менен уктай албай кыйналып, оорутуу сезими азапка салат. Тактап айтканда, оору адамга физикалык жана психологиялык жактан азап алып келет. Эгер дарыланбаса, адамды майыптыкка жеткирет.
Оорунун түрлөрү
Псориаздын түрлөрү көп. Кээ бир түрлөрүнө мисал келтире кетсек:
Гипс өңдүү псориаз (Жаранын бети гипс сүр­түлгөндөй ак ала болуп кө­рүнөт)
Кадимки псориаз
Сөөл сыяктуу псориаз (папилломатоздуу форма)
Эритодермикалык псориаз ( жара көрү­нү­шүнөн кызыл өңдөнөт)
Псориаздын нымдалышып турган түрү (экссудативдүү псориаз) жана башкалар.
Тамчы түрүндөгү псориаз. Мында көп сандаган майда кабырчыктуу жаралар кездешет.
Тырмак псориазы. Бул түрүндө оору денеде кездешпей, тырмактарда гана кездешет.
Диагноз
Жараны сыртынан карап диагноз коюу анчалык кыйынчылыкты туудурбайт. Антсе да, толук диагноз коюу үчүн анализ тапшыруу керектелет. Боор менен уйку бези, ошондой эле, ичеги-карында мите курттардын бар же жок экендиги да текшерилет. Кээде тери биопсиясы (оорулуунун тканынан алып текшерүү) жасалат. Аталгандардан тышкары да кошумча текшерүүлөр сунушталышы мүмкүн.
Дарылоо
Оорунун клиникалык түрүнө карап дарылоо ыкмалары сунушталат. Башкача айтканда, ар бир оорулууга жекече дарылоо чектелет. Дарылоодо биринчи кезекте:
Организмдеги зат алмашуунун бузулуусуна алып келген себептерди тактап жана аны жоюуга;
Ички бездердин иштөөсүн калыпка кел­ти­рүү­гө;
Инфекциянын очогун таап, жок кылууга (мисалы, тонзиллит, холецистит, кандидоз ж.б.)
Иммундук системаны көтө­рүү­гө;
Ашказан-ичеги жол­дорун, ошол кезде эле бүт организмди тазалоого көңүл бурулат.
Дарылоодо иммунитетти көтөрүүчү дары-дармектер, аутогемотерапия (канды венадан алып кайра жамбашка куюу), витаминдер, гормоналдык дары-дармектер, кээде антибиотиктер,ПУВА-терапия (ультрафиолеттик нурлар менен дарылоо), аллергияга каршы дары-дармектер, Кубадан чыгуучу псориазга каршы гель (гормоналдык эмес) жана Франциядан чыгарылуучу “Содермекс” каражаты колдонулат. Оорунун түрүнө жараша аталгандардын кээ бирлери гана колдонулушу мүмкүн.
Псориаз оорусу көбүнчө күзүндө жана кышында курчуйт.Андыктан, жайында иммунитетти көтөрүү максатында курортко баруу, мүмкүн болсо деңиз суусуна киринүү жана деңиздин туздуу абасы менен дем алуу, күн ваннасын кабыл алуу сунушталат. Аталгандар айыгууга да түрткү болот.
Терини күтүү
Оорулуу терисине абайлап мамиле жасоосу керек. Мончого түшкөндө катуу жышыгычтарды колдонбоосу кажет. Аарчынганда жумшак сүлгүнү денеге акырындан басып кургануу ылайык. Жара жерлерди мүмкүн болушунча жаракатка кабылтпоо зарыл. Псориазда дамамат дерматологдун байкоосунда болуу кажеттигин оорулуу эсинен чыгарбоосу керек.
Диета
Оорулууга сөзсүз диета кармоо сунушталат. Малдын майын, татымалдарды, тузду, таттууларды (мисалы, кантты, балды, кыямды) ичимдиктерди чектөө керек. Балык, жашылча-жемиштер жана деңиз азыктары, мисалы, деңиз капустасы, кальмар, креветка абдан пайдалуу. Аптасына 1-2 күн жалаң айран, быштак, алма, жашылчалардан башка эч нерсе жебей, жеңилдетилген күн түзүп алуу да кажет.
Алдын алуу
Оорунун алдын алуу үчүн орга­низмди чыңдоо, спорт менен алек­те­нүү, стресстерден убагында арылуу, териде өзгөрүүлөр же жаралар пайда болсо, тезинен тери дарыгерине кайрылуу кажет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова


Псориаз - азаптуу дарт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
09.01.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул псориаз бир адамдан бир адамга жукпайт бекен а.
SUPER.KG видео
09.01.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооругандарга АЛЛА ТАЛЛААМ шыпаа берсин кайталанбай турган кылып ылаайым
SUPER.KG видео
09.01.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мн денем кычышат жан кашайтып
SUPER.KG видео
10.01.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oorynyn jakwysy jok , anan kim bilet byttyn tyrnaktary aldy jaka karap osboy eki kaptalga kirip irindep jakwy bolboy jatat bolnitsaga 4-5 joly baryp kyrktyryp kelseda kayra 2-3 ayda ele janagynday abalga tyw bolatat, bilsenizder aytyp koygyla ///
SUPER.KG видео
16.01.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimka, 4oon raxmat
SUPER.KG видео
26.01.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lexus-2014 men da oshol oory menen aiabai kunalgam aiagunda basa albai kalgam bolnitsaga barsam xiryrygdar jylyp salat tyby menen. Anan kaira ele sen aitkandai ych aida osyp chugat. Aiagunda men pedikur kuldurup jurgap kaldum azur ai saiun kuldurup tyram byiyrsa v norme.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштарым... Атам псариаз менен ооручу, синдим да ошо мээнет менен жабыркап журот, эстеп алып, заманам куурулат, байкушту псариаз эле жеп бутту. Кудай боор оорусунчу.
19.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уфф мен да псориаздан тажадым
Медиа-портал
23.11.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам. Менин апам ушул псориаз жана экземаны 20-жылдан ашык дарылап келе жатат. Миндеген адамдарды айыктырды. Жардамга муктаж болуп жатсаныздар кайрылсаныздар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо