Роза Отунбаева: «ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖАШООСУН ТАЛКАЛООГО ЖОЛ БЕРБЕЙМ!»

№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл

2012-ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНАН ТАРТА КАЗИНОЛОР ЖАБЫЛАБЫ?
Жогорку Кеңештин Фискалдык жана акча-насыялык саясаты боюнча комитети “Кыргызстандын аймагындагы оюн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу” мыйзам долбоорун кабыл алышты. Анда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов Кыргызстанда 21 казино жана 2063 оюн автоматтар залы, анын 1437си Бишкекте жайгашканын айтты. Ал кошуна Казакстанда тыюу салынып, ал эми Орусияда оюн ишмердүүлүгү чектелгендиктен улам бизде көбөйгөнүн белгилеп өттү. Ошол себептен бюджетке анча деле көп пайда алып келбеген оюн автоматтарын жабууну сунуштады. Ошентип, депутаттар 2012-жылдын 1-июлунан баштап кумар оюндарына тыюу салууну сунушташты. Бул мыйзамдын долбоору жакынкы убакытта Жогорку Кеңештин отурумунда талкууга чыгарылмакчы.

“ЭРТЕҢ КЕЧ БОЛУП КАЛАТ”
Президент Роза Отунбаеванын да бул маселеге байланыштуу тынчсызданып жүргөнүнө интернеттеги өз блогуна казиного каршы күрөшүүгө чакырган видеотасма далил болду. Анда: “Келгиле, биргелешип казинолорго үй-бүлөбүздү жана жеткинчек өспүрүмдөрүбүздүн жашоосун талкалоого жол бербейли! Эртең күрөшүүгө кеч болот”,- деп билдирди. Бирок ал казинолорду жабуу менен анын көмүскө түрдө иштеп, мындан ары улана берерин баса белгилеп, иштөөсүнө тоскоол кылган чараларды гана көрүү керек экендигин билдирди.
Депутаттардын арасында эки тараптуу ой жаралып, бири түп тамыры менен жабалы десе, экинчилери оюн автоматына 50 миң доллар, казиного 500 миң доллар акча төлөтүү чараларын гана көрөлү деп чыгышты. Жабууга каршы болгондор казино жана оюн автоматтарынан бюджетке жылына 403 миллион сом каражат түшүп турарын белгилешти.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
26.09.2011. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы идея. Кыргызстандын бюджетине пайда жок болсо анда жапса деле болот.
26.09.2011. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында ушул казино менен оюн автоматтары канча адамдардын бактысына балта чаап жатат.ойноп уйронуп алган адамды эч нерсе токтото албай калат экен.казинолорду жаап салса аябай коп адамдын сообуна калмакпыз.
26.09.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол арамдан пайда алып келген бюджет жакшы нерсе алып келбейт го.Чын эле Азамат айткандай канча адамдын сообуна жана уй-булосун сактап калганга жардам болмок жаап салса.
27.09.2011. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казинону жапканга 100 пайыз кошулам.Бирок,Россия токтото албай жатат Кыргызстан түп таамыры менен жок кыла алаар бекен деген суроо пайда болот?
Борбор каалабызда эмес,айыл жерлеринде да күчөп баратат казино(шайтан аппарат)
28.09.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди ойлоп жабалы деп жаткан турбайбы деп ойлоп окуп жатсам мамлекекеттин бюджетине анча деле пайдасы жок деп журот го.Россия почти токтотуп эле койду го,казино башчыларына кылмыш иши козголуп камалып жатышпайбы.
29.09.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы идея!
29.09.2011. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да давно ушундай кылыш керек болчу бул тупойлор ойлогонду мен давно ойлоп койгом казахстанда россияда жааб салган ошого байланычтуу баардыгы бизге келишет ойнойт ичет чычат жаш балдарды азгырып... бундан пайда только креслодо отурган депутаттарга карапайым элге бир сом да пайда жок ким казинону жапканына каршы чыкса ошол адмды бизнеси казинодо...
02.10.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19zamir87 туура айтасын Россия бул ишти токтото албай жаткандан кийин биздилер кантип токтотсун!Мен азыр RU дамын эч кандай токтотулган жок,баары ошол эле боюнча.А Кыргызстанга келсен жогорудагылардын ою бир гана президенттик шайлоодо болсо керек...
05.10.2011. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан башка проблема калбай калгансып...жеткинчектерди ойлойлу десек алгач аларды окуу китептери менен онураак камсыз кылып алалыкчы алгач..кайдагы дуйнолук денгээлдеги проблеманы которушот...ал деле керек ооба..бирок азыр эмес, кийинчерээк.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо