Бир бүркүм... ТӨӨ-АШУУДА 15 САНТИМЕТРГЕ ЖЕТКЕН КАР ЖААДЫ...

№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл

  • “Бир айдын ичинде негизги азык-түлүктөрдүн баасы 20 пайызга жогорулады. 26-октябрдан баштап мамлекет тарабынан баалар жөнгө салынат”,- дейт Айыл чарба министринин орун басары Кубат Касейинов.
  • Билим берүү министрлиги мектепке жоолук салынып барууга тыюу салынбагандыгын билдирди.
  • Ош шаарындагы Катта-Сай массивинен 22-октябрдан тарта 28 миң адамга жер бериле баштаарын Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков маалымдады.
  • Экс-президенттин тууганы Санжар Бакиев Жалал-Абаддын колониясынан Бишкектин убактылуу кармалуучу жайына алынып келинди.
  • Орусиядагы жарандарыбыз Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында жайгашкан шайлоо участокторунда өз добуштарын бере алышат.
  • 2011-жылдын январынан июль айына чейин Кыргызстанга 12 өлкөдөн 45,9 миң тонна кумшекер ташылып келинген.
  • Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен 7,62 мм калибрдеги Сайга снайпер мылтыгын тапшырды.
  • Чүйдүн Жайыл районунда жана Бишкек-Ош жолунун 124-129-чакырымында 21-сентябрь күнү калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен кар жаады.
  • Кыргызстан өткөн жылы БУУ менен иштешүү аркылуу жарандык согуштун алдын ала алды”,- дейт Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
  • «Республика» фракциясы «7-Апрель – Элдик төңкөрүш күнү» деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул күн майрам катары эсептелгени менен, иш күнү бойдон кала берет.
  • Таласта 1-ноябрга чейин картошка иштетип чыгаруучу завод иштей баштайт.
  • Иркутскта 2009-жылы 28-сентябрда кыргыз жаранын өлтүргөн үч такыр баш (скинхед) темир тор артына камалды.
  • Сузак районунда ата-энелер балдарын №14-мектепке жөнөтүүдөн коркушат. Анткени бул мектеп урай турган абалда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо