ТЕКЕБАЕВ ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТАБЫ?

№464 23-29-сентябрь, 2011-жыл

«Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин алып салышы мүмкүн». Гезитибиз басууга кетерде ушундай күбүр-шыбыр тарады. Бул тууралуу билдирүүнү «ата мекенчи» 23-сентябрда жарыялашы ыктымал.

"БИЗ АРТКА КАЙТУУГА ЖОЛ БЕРБЕШИБИЗ КЕРЕК!”
Эл өкүлү "өткөн кландык бийликти көксөгөн реваншисттик күчтөр тактыга келүүгө аракет кылышууда" деп тынчсызданып турган чагы. Анын талапкерлигин алышы мүмкүн экендигин да ушул тынчсыздануу менен байланыштырып жатышат. Ал демократиялык өнүгүүгө умтулган күчтөрдүн башын бириктирип, "бакиевщинанын" реванш алышына бөгөт коюуга аракет кылат деп күтүлүүдө. Так талашка түшүүдөн баш тартса, анда негизги себеби ушул болушу мүмкүн.
Өмүрбек мырзанын билдирүүсүндөгү урунттуу учурларга маани бурабыз: “Демократиялык реформалар үй-бүлөлүк-кландык режим менен байланышып, чырмалышкан чиновниктер тарабынан айыгышкан каршылыкка тушукту. Мурунку президенттин жакын айланасында жүргөн чиновниктер жаңы бийликти күч менен оодарып түшүүгө кайра-кайра далбастап жатышты. Апрель, май айларында Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө провокация жасалып, анын натыйжасында кайрадан айыпсыз адамдардын каны төгүлдү. А июнь айында иш жүзүндө бийликсиз калган Ош, Жалал-Абадда улутчул маанайдагы радикалдардын уюштуруусу менен улут аралык жаңжал чыкты. Бул трагедия Убактылууөкмөттүн жана ага кирген партиялардын рейтингин түшүрдү. Анын ичинде “Ата Мекендин” да.
Бул кырдаалды реваншисттик мүнөздөгү саясатчылар пайдаланып, алар бирдиктүү фронтко биригүү менен көңүлү чөккөн шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна жетишишти. Шайлоонун жыйынтыгында, Жогорку Кеңешке Курманбек Бакиевдин санаалаштары эсептелген жоон топ чиновниктер депутат болуп келди.
Жакында Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөөдө мурдагы бийликтин чыныгы жүзү ачылды. Бакиевдин жакындары, бир туугандары аны уурдап, кыйнап, өлтүрүүнү алдын ала пландаштырып, ага түздөн-түз катышышкандыгын, ошондой эле жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктер жана генералдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешип аракеттенишкендигин тергөө аныктады. Ал режим мамлекетти кылмыш уюмуна, мафияга айланткан болчу.
Бүгүн, 7-апрель революциясынан бери бир жарым жыл убакыт өткөн кезде эски режимдин тартип, жол-жоболорун кайра калыбына келтирүү коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуулукка жетишти. Мурдагы президенттин жакын айланасында жүрүп, кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимге берилип кызмат кылган саясатчылар дагы президенттикке талапкер болуп чыгышты. Алар бийликтин авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык системасын кайра орнотууга ниеттенгендиктерин жаап-жашырып жатышкан жок. Биз моюнга алууга аргасызбыз, Кыргызстандын шайлоочуларынын ичинде бул саясатчылардын да колдоочулары аз эмес.
Мындай шартта прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыга албай койгон өткөн жылдын катачылыктарын кайталоого акыбыз жок. Ал өзгөрүштөр үчүн берилген добуштардын бөлүнүп-чачылып, жоголушуна алып келген болчу. Ошол каталыкты кайталабоо үчүн мен шайлоодо президенттикке өз талапкерлигимди алып салдым."

“КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮН ТАЗАЛООГО УБАКЫТ ЖЕТТИ”
Депутаттар ушинтип билдирүү таратууга жетишишти. Мунун баарына маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин ачылышы себеп болду. Ооба десең, шектүү адамдардын тизмесин караган адамдын чачы тик турбадыбы. “Ишенген кожом сен болсоң...” демекчи, өлкөдөгү бараандуу саясатчынын көзүн тазалоого катыштыгы далилденсе, бул ИИМ, Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалык, Мамлекеттик коргоо кызматы жана чек арачыларды түп тамырынан реформалоо зарылдыгы даана көрүнөт. “Генералдардын киши өлтүрүүгө байланышы тастыкталса, анда катардагы кызматкерлеринен кайсы жакшылыкты көрмөк элек?” деген суроо туулбай койбойт.

ВОДОЛАЗ КИМДЕН КОРГОНУП “ЧЕП” КУРУП АЛГАН?
Эки аптадан бери жылдызы жанып жаткан Мелис Турганбаевдин айтымында, Кыргызстанда уюшкан үч кылмыштуу топ бар. Алар Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Максат Абакировго таандык. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев: “Водолаз” деген каймана аттуу Максат Абакировду жигиттери автомат менен катуу кайтарууга алып, Ысык-Көлдөгү туулган айылынын четине шлагбаум орнотуп алыптыр”,- деди.
Депутат кримчөйрөнүн бул өкүлү ар бир саясатчы тууралуу саймедиреген чоң интервью бергенине токтолуп, "биз мындайга жол бербешибиз керек, ал эле эмес, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн маектери ММКларга жарыяланышына тыюу салуу зарыл",- деди.
Азыр экс-президент Курманбек Бакиевдин учурунда саясат менен криминалдын бекем байланышта болгону дембе-дем айтылууда. Өмүрбек Текебаев башынан "бакиевщинага" каршы болгону белгилүү. Аны менен кошо очор-бачар болуп, гүлдөп өнүккөн кримдүйнөнү тыптыйпыл кылуу эң башкы миссиясы экенин танбай айтып келет.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(26)
26.09.2011. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев президент болушуна козу жетпей калды окшойт, кайра эле оппозиция болот го.... Крыгыз элим аман болсун !!!
26.09.2011. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевдин бул оюну туура, биригиш керек, Бакиевщинанын жузу ачылыш керек.
26.09.2011. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевди колдойм жана колдой бермекчимин. Бакиевге эркек болсон муунуп ол деп бетине айткан бир убакта. Бар бол.
03.10.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sahalin, ооба, бул инсандын бул журушу мактоого арзырлык. Жетик саясатчы экенин дагы бир жолу далилдеди.
27.09.2011. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев Кыргызстандын келечеги таза болуш учун курошуп жатат.Туура бизди,кыргыздарды 20 жыл мафия,криминал,бандиттер башкарды.Кыргызстандын аброю дуйно ичинде томондоду,мыйзамды эч кандай чон же крутойлор тоготпой жашашты.Текебаев бул чыныгы саясатчы.Текебаев кыргыз эли сени менен.Текебаев Кыргызстандын келечеги таза болуш учун курошуп жатат.Туура бизди,кыргыздарды 20 жыл мафия,криминал,бандиттер башкарды.Кыргызстандын аброю дуйно ичинде томондоду,мыйзамды эч кандай чон же крутойлор тоготпой жа
27.09.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы чынчыл адам.
27.09.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура Бакиевдин куйруктарына Криминалга безпределге жол бербеш керек. Биригиш керек.
27.09.2011. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок болсунчу ошол Текебаев тезиреек
27.09.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев чыныгы эркек.
27.09.2011. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanatt, сен эмне, озунчо эле Кудайга буйрук берип алгансын?! "Бар болсун!", "жок болсун!",- деп! Анча кыйын экенсин, Кыргызстан онуккон олкого айлансын дебейсинби! Бироонун куноосун которо бербей!
27.09.2011. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа, бул байкуш да отпой калышын билди го. Караса АША эч кимге шанс берчудой эмес, алып салды да анан айласы кетип.
28.09.2011. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев кандитатурасын албай эле койгондо жакшы болмок, мен ушул кишини колдомокмун, чыныгы кыргызымдын атуулу, чыныгы эркек.
28.09.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевтин кандитатурасын алып салганы туура деп ойлойм.Андан коро демократтык кучтор болунбой, бир куч болуп чыкса добуштар болунбой жакшы болмок.Негизи мен добушумду Текебаевке берейин деген ойдо болчумун,эми Атамбаевке добущумду берем.
28.09.2011. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер кандидатурасын алып салса жакшы болмок ушундайында.
28.09.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текебаев 2 дуйнодода президент боло албайт
28.09.2011. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tekebaevdin erkek ekenin Yuo tubdan korgon emessinerbi? Baary ele erkek erkek dewet go
28.09.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zikonostra - билесиңби баягы матрешканы?Ал жерде да ошондой подстава ошонун барына чыдап жүргөн Текебаевге рахмат.
28.09.2011. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаеву - кок чай!
29.09.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер кандай кучтуу саясатчыны жек коруп жататасынар.Андай адамдар КР де 1 гана.Атамбаевда,Ташиевда башкалары да анын астында билими томонуроок адамдар.Мен анын озу кандай адам экен билбей,бирок анын жасаган иштери,айткан создорундо жан бар.Силер кандай кучтуу саясатчыны жек коруп жататасынар.Андай адамдар КР де 1 гана.Атамбаевда,Ташиевда башкалары да анын астында билими томонуроок адамдар.Мен анын озу кандай адам экен билбей,бирок анын жасаган иштери,айткан создорундо жан бар.
29.09.2011. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билими кучтуу адам.
29.09.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulutbek эмне Мадумаров Атамбаев Текебаевди отургузуп алып алардын билим денгээлин текшергенсизби?(кызык)бул жерде Текебаевдин билимдуулугу боюнча соз кетпеди го?чындыгында ал кыйын киши бирок уже видно!?
29.09.2011. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев эмне учун дагы эле Бакиев кетсе да асылганын токтотпойт апрельде озу революционерлер менен бирге болдуго май айында анын иниси жана Кадыржан Батыров экоо Бакиевдердин уйун ортошту Ош окуясы жонундо документалдуу фильмди корсонор ошондо тушуносунор Кадыржан Батыров айтат озунун озбектеринин алдында жыйналыш откоруп атып 20жыл чыдадык бышып жетилди эми чара колдонбосок болбойт жана бийлик бизди колдойт дейт ошол кезде ТЕКЕБАЕВ вице-премьер эле Бул мырза озу тушунуп калды отпой калышын
01.10.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nikolay, туптуура жазыптырсын,былтыры Оштун эли Кадыржан Баатыровду кармап бергиле дегенде,Текебаевтер качырган деп айтышат
03.10.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nikolay, мунунарга эч ким ишенбейт азыр, сен андан коро абийиринди калыбына келтиргендин камын кор. Сага ошол керек, бироонун айдагына кирип журо берсен акыры озуно эле жаман болот.
29.09.2011. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tekebaev küchtüü saiasatchy, Putin, Nazarbaev menen tike karashyp suiloshkongo toluk kujureti jetet. Alar Tekebaevden korkushat oshonduktan jakyn joloshpoit. Korup jatabyzgo bashka men degen saiasatchylarybyz Putin, Nazarbaevdi körgöndö aldynan artynan churkap jandary kalbait.
Tekebaev onoi kishi emes, abdan oilonup turup ushul kadamga baryp jatat. Men emi kimdi koldoorumdu bilbeim, arasynda tatyktuusu jok. En negizkisi Tashievden kudai saktasyn, al bolso baiagy tas keipibizdi kiiebiz.
03.10.2011. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин менен Назарбаевдер тике карап суйлой албагыдай ким эле? Назарбаевди билбейм, Путинди албетте сыйлайм, бирок биздин Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Каптагаев ж.б. Мен учун андан жогору. кандай гана кырдаалда тизгин кармап, жалтанбай турушту!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо