«АЯЛДАРДЫН ООРУСУ ИЧКЕ ЖАНА ТАМАНГА СУУК ӨТҮҮДӨН БАШТАЛАТ»

№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл

Аялзатына байланышкан оору түрлөрү көп. Алардын кээ бир түрлөрү боюнча Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Макен Мусуралиев менен маек курдук.

“КРИМИНАЛДЫК АБОРТТУН АЙЫНАН ИЧИ ИРИҢДЕП КЕТКЕН”
– Сөздү учурдагы маселелерден баштасак. Айтсаңыз, жаш кыздар арасында кандай гинекологиялык оорулар көп кездешүүдө?
– Ысык-суукта иштеп, жыныстык органдарын сезгенүүгө кабылтып, оорусун күчөтүп алгандар көп. Жарандык никеде жашап, анан боюнан алдырам деп да ооруга чалдыккандар бар. Жыныстык жактан жугуучу гонококк, хламидия, гонорея, уреаплазмоз сыяктуу ооруларга жолуккандардын саны эсепсиз. Буга көбүнчө ички жана сырткы миграция, анан кыздардын өзүнүн сабатсыздыгы күнөөлүү. Мисалы, кээ бирлерди барган жеринде каттоосу жок болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлер көрбөйт. Жеке дарыгерлерге көрүнөйүн десе, кымбат. Анан акчасын аяп ооруган боюнча жүрө беришет. Же өз алдынча туура эмес дарыланып, айыкпайт. Эркектер менен мамиле түзөт да, бойго бүтүрбөө жана ооруну жуктурбоо жолдорун билишпейт. Булардын натыйжасы тукумсуздукка, боюнда болуп калса аборт жасатууга же баланы ара төрөөгө, ал тургай оорусу күчөп, кыздын көз жумушуна да алып келүүдө.
– Мисал келтирсеңиз...
– Бизге жашы 30га чыга элек бир айым келди. Орусияда иштеп жүрүп боюнда болуп калса, криминалдык аборт (медициналык мекемелерден тышкары жерде мыйзамсыз түрдө жүргүзүлгөн аборт) жасаткан экен. Абортто инфекция кирип кеткендиктен ичи шишип, ириңдеп, жатыны чирий баштаптыр. Бул аборт жасаткандан бери 70 күн ооруса да чыдап жүрө бергендин кесепети. Анализ тапшыртып, толук текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Кандай дарылоо ыкмасын колдонобуз, анан чечебиз.
– Баланын ичтен өлүп калуусуна эмнелер түрткү болот?
– Себептери көп. Мисалы, инфекциялык оорулар (сасык тумоо, пневмония, пиелонефрит), жүрөк жана кан басым оорусу, жыныстык органдардагы сезгенүү, ичимдикке ууланып калуу жана башкалар.
Өлгөн түйүлдүк кан аралаш чыйканга же эт чалыш чыйканга айланат. Кээ бирде катып жана кургап, мумия сыяктуу (“кагаз бала”) болуп калат. Өлгөн түйүлдүк жасалма жол менен (атайын шайман, же дары-дармектердин жардамы, же операциялык жол менен) алынып салынат. Бизде бир окуя болгон. Жаш келиндин баласы ичинен өлүп калыптыр. Ага өмүрү коркунучта экенин айтып, дароо хирургиялык жол аркылуу алып салыш керек экенин айтсак, макул болгон. Анан заматта качып кетип жатпайбы. Качан кыйналып, абалы оорлошуп калганда келди эле, бардык аракетти жасап, зорго аман алып калдык. Бирок жатынын алып салууга туура келди. Ошентип, эми өзүнүн күнөөсүнүн айынан балалуу боло албай калды.

“ЖАТЫНСЫЗ АЯЛ ООРУКЧАН БОЛУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН”
– Жатын демекчи, төрөт учурунда аялдардын ушул башкы органы айрылып кетет дешет. Бул эмнеликтен?
– Толгоо кармаганда өзүн жоготуп, өтө катуу чиренсе, жатын айрылып кетет. Кээде чат көтөн чучукка дейре айрылат. Аягы пластикалык операцияга жеткирет. Андыктан төрөт үйүндө, врачтын көзөмөлүндө, анын кеңеши менен төрөө кажет.
– “Жатыны түшүп калыптыр” дегенди угабыз. Бул эмнеден келип чыгат жана кандай залалдарды алып келет?
– Жатындын түшүшү көп төрөттөн, баланы чоң салмакта төрөөдөн, оор нерселерди көп көтөрүүдөн же жаракатка кезигүүдөн улам келип чыгат. Жатын жана ага жакын жайгашкан булчуңдар (анын ичинде көтөн чучуктун) бошоп, жатын ылдый түшүп кетет. Кээде жатын жыныс кынынан сыртка чыгып, салаңдап көрүнүп калат. Мындай болгондо адам заарасын, ичтеги желди кармай албай калат. Заң да куюлма болуп калышы мүмкүн. Аял көпчүлүк эмес, балдарынын жанына да отура албай кыйналат.
Кээ бир аялдар доктурга келгенден же үйүндөгүлөргө “врачка көрсөткүлө” деп айтуудан тартынып жүрө берип, азап чегишет. Айласыз чоңдордун памперсин кийип жүрүп калгандары да кездешет. Ушинтип жүрө бербей, жатыны салаңдап ооруганы же түшкөнү билинер замат врачка кайрылса, пластикалык операция жасап ордуна келтирип коёбуз. Болгону, эртерээк келишсе жакшы. Анткени булчуңдар өз функциясын көп жогото элек кезде операция сапаттуу болуп, булчуңдар да кайра өз ордуна келет. Бизге ушундай бир аял келген. Ал той-ашка баруу дегенди мындай кой, балдарына да аралашпай, бир бөлмөгө жашынып жашоо кечирип калган экен. Операция жасатып, жакшы болуп кетти.
– Кандай учурларда жатын алынып салынат? Жатынсыз жашоонун зыяны барбы?
– Жатынды алып салууга себептер көп. Мисалы, боюна бүтө электен мурда эле жыныстык органдары сезгенип, дарыланбай жүрө берип өнөкөткө айлантып жибергендер толтура. Анан каттоого убагында турбай, текшерилбей жүрө беришет да, төрөөгө келгенде баягы ооруларынын баары козголот. Анан төрөт кыйындап, кан да көп кете баштайт. Канды токтотууга мүмкүн болбой калганда жатын алынат.
Мындан тышкары жатындагы шишик (жатын миомасы, аденомиоз), төрөт кезинде жатындын айрылып кетиши, баланын тонунун жатынга жабышып өсүп калуусу да жатынды алып салууга жеткирет. Мен ушул жаатта илимий китеп жазып, жатынды сактап калуу идеясын көтөрүп чыккам. Азыр бизде жана өнүккөн көп өлкөлөрдө ошол менин ыкмам менен жатынды мүмкүн болушунча сактап калуу операциялары жүргүзүлүүдө.
Эмне үчүн жатынды бүтүн же эч болбосо жарымын сактап калуу керек? Биринчиден, аял дагы балалуу болууга мүмкүнчүлүк алат. Экинчиден, аялдарда картаюу убагы (климакс) жеңил өтүп, аял кыйналбайт. Жатынсыз аял оорукчан болуп калышы мүмкүн.

“ЭТЕК КИРДИН КЕЛҮҮСҮ БУЗУЛСА, БОЙДОН ТҮШҮҮ КҮТҮЛӨТ”
– Кандай учурларда кесар кесүүсү колдонулат жана бул ыкма эмнеге ушундайча аталат?
– “Кесар” сөзү Байыркы римдиктердин “цезарь” (император титулу) деген сөзүнөн келип чыккан. Латынча “Lex Caesarea” деп айтылганы үчүн медицинага “кесар кесүүсү” деп кирип калган. Байыркы Римде падышанын мыйзамы боюнча каза болгон кош бойлуу аялды көмөр алдында курсагын жарып, баласын алып чыгышчу. Медицинада да ич керегеси (курсак) кесилип, бала алынат.
Кесар кесүүсү аялдын жамбаш чарасы кууш (узкий таз) болгондо, жатындын жарылып кетүүсү же өнөкөт оору курчуп, бала менен эненин өмүрүнө коркунуч жаралганда жана башка учурларда жасалат.
– Эрте жана кеч бойдон түшүү кандайча болот?
– Эрте бойдон түшүү бул – бойго бүткөндөн 16 аптага чейин. Кеч бойдон түшүү кош бойлуулуктун 16-аптасынан 22-жумага чейин. Себептери бир топ. Мисалы, жыныстык органдардын сезгенүүсү (инфекциядан), бойго бүтө элек кезге чейин эле этек кирдин келүү ыргагынын бузулушу, жатын моюнчасынын кемтиги, жакшы тамактанбоо, ооруп калуу, оор көтөрүү, стресс жана башка.
Ушул жерден айтып кетчү нерсе, кош бойлуу аял улам эле сасык тумоолой берсе, анда жатындагы суу азайып же көбөйүп кетет. Бала аң-сезими начар, же жүрөк оорулуу же дагы бир кемчиликтери менен төрөлүп калышы мүмкүн. Андыктан бойго бүтүрүүдөн мурда аял ден соолугун чыңдап, доктурга бир сыйра текшерилип, анан бала көтөрүшү кажет.

“МОДА КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ООРУ АЛЫП КЕЛҮҮДӨ”
– Энелик бездин барсылдагы (киста яичника) эмнеден келип чыгат?
– Барсылдак энелик бездин (жумуртканын) сезгенүүсү (бул киндигин ачып жүрүүдөн да чыгат) менен этек кирдин келүү ыргагынын бузулушунан, бөйрөктүн сезгенишинен пайда болот. Ал өсүп отуруп, 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Кээде врачтар мындай болгондо операция жасап, барсылдакты алып салыш керек дешет. Бул туура эмес. Дарылоо менен сезгенүүнү жоюп, этек кирдин ыргагын калыпка келтирип койсо эле барсылдак сорулуп кетет. Андыктан ушундай ооруга чалдыккандарды операция жасатууга эмес, дарыланып айыгууга чакырат элем.
– Окурман аялзатына кайрылууңуз...
– Ар бир аялзатынын ден соолугу өз колунда. Андыктан өзүнө өзү кам көрүп, сактануу жолдорун билип, өзүнөн акча аябай убагында дарыгерге кайрылып туруулары кажет. Мода кубалайм, сулуу көрүнөм деген кыздар болочок эне экенин унутуп коюшууда. Көпчүлүгү ичтерин ачып, күз-кыш дебей жука кийинип, капрон колготкичен жүрүшөт. Ичи менен тамандарынан сыз, суук өтүп, гинекологиялык гана эмес,башка ооруларга да кабылышат. Мунун айынан кээлери тукумсуздукка, кээлери улам боюнан түшүү сыяктуу оор жагдайларга туш болушат. Андыктан кыздар болочок эне катары өздөрүн сактап, карап жүрүшсө дейм.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(22)
03.10.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммддааа ото коркунучтуу тема...
03.10.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAH ozu saktasyn
Saktyka korduk jok degendei..........
03.10.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тема болуптур билбегендеримди билип алдым, рахмат
03.10.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат
сизге
03.10.2011. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын кулагына кумуш сырга!!!
04.10.2011. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai aiabai jakshi bilip aldim rahmat silerge superchiler!
04.10.2011. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men okubadym,uiat bolot dep.:):):)
04.10.2011. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа девушки берегите себя
04.10.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kysdar keede kyzykpyz da ushugon jokmun dep kyshynda dele jalgyz shymdyn osun el kiyip alyp juro berebiz baary oshondon bashtalat!aa korko bashtadyym kuioogo tiygenden
04.10.2011. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кочодо же маршруткада кетип атып,ичи,киндиги ачык кыздарды корсом ,оло жиним келет,алар келечектеги энелер да,анан дагы мындай жургон биздин менталитетке туура келбейт!!!
06.10.2011. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге киндиктерин корсотуп журушот десен?кээ биринин киндигин корсон кашкулактын эле ийини.Ужассс...
07.10.2011. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай кенештерден коп-коп жазып турса ото жакшы болт
07.10.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ден соолука пайдалуу кенештерди жазган сон, ал дарыгерлердин байланыш телефондорун калтырсаныздар жакшы болот эле.Сиздерден сураныч
09.10.2011. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны да тушунгондор озун карайт, тушунбосо уабгы келгенде окунуп калбагыла да кыздар
20.01.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа... жакшы кенештерди айтып кетиптир!
30.01.2012. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaktı
17.03.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен жатындан сырткары бойгоо бутуулор келип чыгат болду экен?
31.03.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял затына аябай пайдалуу тема экен мега жакты эн сонун
04.05.2012. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сиздерге.коп нерсени билип алдым.бирок жаман коркуп калдым...эрге тийгенден кийин тез тез текшерилип турбасам.
06.05.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир кыз,келин болочок эне болоорун ойлосо дейм,азыр баары мооданы кубалап жыланачтанып журушпойбу.9 ай кторуп ара торосо жэ майып торосо анда эмне кылат.Жылуусунан сулуусу
05.06.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай темаларды кобурок жазсанар жакшы болот эле
17.10.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул телефонун берип койсонор сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо