-
Кытайдын 62 жылдык Көз карандысыздык күнүнө карата кытай-кыргыз чек арасы 1-9-октябрга чейин жабылат.
-
“Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын биротоло кечти. Ошол эле учурда 10 миллион доллар грант бөлүп берет”,- деди ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков.
-
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө Орто Азиядагы туруктуулукту сактоо үчүн Казакстан 3 миллион долларга бааланган кайтарылгыс аскерий-техникалык жардам көрсөтөт.
-
2012-жылдын күз айларында Кара-Балтада 800 миң тонна нефтини кайра иштетип чыгаруучу завод ишке кирет.
-
“Баткен облусунда 20-июлдагы жер титирөөдөн кийин 13 мектептин окуучулары чатырларда сабак окуп жатышат”,- дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Сооронкулов.
-
Чет өлкөдөн көчүп келген этникалык кыргыздар кыргыз жарандыгын алуу үчүн мамлекетке төлөнүүчү салыктан жана консулдук төлөмдөрдөн бошотулат.
-
Кулчулуктун курмандыгы болгон 123 адам эл аралык миграциялык уюмдун жардамы менен Кыргызстанга кайтып келишти.
-
2012-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу учактар колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу пайдалануудан алынып салынат.
-
Кыргызстан Казакстанга 3,2 миллиард киловатт электр жарыгын 90 миллион долларга сатат.
-
Жалал-Абадда 2012-жылы муниципалдык асфальт-бетон заводу ишке кирет.
-
Кыргызстанда эки жылдан бери 44 чакырым чек ара гана такталып, Тажикстан менен 68, Өзбекстан менен чектеш 63 участок талаш бойдон калууда.
-
Жаштар иштери боюнча министрлиги Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын сынагына документтерди кабыл алууну 15-октябрга чейин жылдырды.
Турдугүл Каримов
politika@super.kg