№465 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011-жыл
«1-октябрдан баштап газ арзандайт» деген куш кабарды Энергетика министри Аскарбек Шадиев билдирди. Кыргыз-казак өкмөтүнүн келишиминин негизинде эми Казакстандан газдын 1 миң м3 195 долларга сатылып алынат.
Буга чейин Өзбекстан Орусияга 1 миң м3 газды 200 доллардан сатып, Кыргызстанга 300 доллар деп жүрүп, араңдан зорго 278 долларга түшүргөн эле. Өзбек кошуналар куйкасын ого бетер куруштуруп, быйыл төртүнчү кварталдан тарта 310 доллардан сатам деп калышкан. “Өзбекстан эмес, Казакстандан сатып алуу менен биз 26 миллион доллар үнөмдөй алабыз”,- деп премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |