ЫЙМАНГА ЧАКЫРГАН АЯТ-2 ТАСМАСЫ

№466 7-13-октябрь, 2011

Азамат Арыков менен бирге көчөдө жүрүп, элдин “боксёр жигит го”, “бул Али го” дегендерин угуп калганым бар. Демек, “Аят” тасмасы элге жетип, Алинин образы жаккан.

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тартылган жылы – 2011-жыл
Жанры – Боевик
Режиссёру – Азамат Арыков
Башкы ролдордо – Азамат Арыков (Али), Жазгүл Акпарали кызы (Фатима), Рахат Бердикеев (Баатырбек), Мирлан Абдулаев (Тима)

КЫЗЫКТАР

  • Тасма 4 айдын ичинде тартылды.
  • Тасмадагы спортчу балдардын баары чыныгы жашоодо деле спорт чеберлери.
  • Кримчөйрө менен спортчулардын “разборкасында” актёрлор ойнобой эле, чын мушташып тартылышкан. Андан айрымдар жаракат да алышкан.
  • Көп эле акча корогон, бирок сыр катары аныгын айтышпайт.

АЛГАЧ ШОУ, АНАН КИНО
Жакында эле Спорт Ордосунда шоу-концерт коштогон “Аят-2” тасмасынын ачылыш аземи болуп өттү. Ал күнү жерге төшөлгөн кызыл килемден сулууларды бек кучактай актёрлор, ырчылар жана уюштуруучу топ өтүштү. Спорт Ордосунда кино биринчи жолу көрсөтүлүп жаткандыгына карабастан, залдын элге толгонун жакшы жышаан деп туралы.
“Биздин жаштарга азыр патриоттук сезим жетишпейт. Бул тасманы көргөндөн кийин жаштар ыйманга кирип, жок дегенде спорт менен алектене башташат” деген режиссёр Азамат Арыков тасмада патриоттук духту негизги планга коюптур.

КРИМЧӨЙРӨ МЕНЕН КАГЫЛЫШ
Али – бокс менен машыккан, ыймандуу жигит. Ал дин жолуна түшүп, мушташканды таштап, жөнөкөй таксист болуп үй-бүлөсүн багып жүрөт. Бир күнү ага кримчөйрөнүн башчысы Баатырбек байланышып, бирөөгө “Али мушташка чыгат” деп сөз берип койгонун айтат. Али байкесинин сөзүн эки кылбай, таиланддык жигит менен рингге чыгат. Ошентип, каарман спортко кайра кайтып, күнү-түнү машыгууга өтөт. Акыры жеңишке жетишип, аялына бул спорттогу акыркы кадам болоруна сөз берет. Бирок кызыктын, сыноонун баары алдыда эле...
Анын Аскат аттуу досу кримчөйрөнүн башчысына карыз болуп, из жашырып кетет. Артынан сая түшкөн “чёрныйлар” Алиге келип, “досуңду таппасаң, эртеңки күнүңдү ойлоп койгун” деп кысым көрсөтүп, жадакалса үй-бүлөсүнө коркунуч туудурган нерселерди жасай башташат.
Ошондо гана Кудайдын жолуна түшкөн Али аргасыздан Баатырбек агасына жардамга кайрылууга мажбур болот. Ошентип, ал агасынын насааты боюнча спортчулар менен кримчөйрөнүн жигиттери “разборка” кылып, абалды чечишет. Ушундай тагдыр сыноолору уламдан-улам пайда болуп отуруп, акыры тасма жакшылык менен аяктайт.

ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ ЧОҢ
"Тасма жаштарды ыйман жолго үндөйт”,- дейт режиссёр. Бирок тасмада кримчөйрө жана спортчулар бири-бирине өчөшүп, урушуп-мушташуу сыяктуу сюжеттер басымдуулук кылат. “Анын эмнеси тарбия?” дешибиз мүмкүн.
Мындай көрүнүштөр чыныгы реалдуу турмуштан алынган. Андай нерседен алыс качып кете албайбыз. Ал эми Алинин намаз окуп, ар бир сюжетте Курандын сүрөлөрүнүн берилип жатканы ар бир адамдын аң-сезимине жеткидей чагылдырылат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, аны сыноо деп билип, жакшы жакка чече билүү керек. Ошол эле учурда ата-эне, жубайга, балага кандай мамиле кылуу керектигин “Аят-2” аркылуу элге жеткирүүнү максат кылышкан.

Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg


Репортаж - "Аят 2" тасмасы кызыл килем менен ачылды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
08.10.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз биз сизди дайым колдойбуз.сиздин жонокойлугунуз сизди алыска алыпбарат.эч качан озгорбой ушул бойдон калыныз.
SUPER.KG видео
09.10.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
билбейм фильм кандай экен,бирок узундусуно караганда ун жагына анча окшошпой калгандай.биздин копчулук жаны кинолорду коруп отурсан соз байлыгы ото эле аз анан жасап суйлогондору билинип турат.ошол жагын бираз оздоштурсо жакшы болот
SUPER.KG видео
09.10.2011. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jak6y abdan jak6y! kazak tugandardyn reketir degen kinosunan dagy otup ketti...
SUPER.KG видео
09.10.2011. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абдан жакшы ийгилик чет жактагы кыргыздарга да тартууласанар жакшы болмок?
SUPER.KG видео
09.10.2011. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Birinchi kinosu jakkan ekinchisi dagy jakshy bolot bolush kerek.
SUPER.KG видео
09.10.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
En jakshi, maga ozgocho Kizil kilem menen achilgani jakti. Kinonu bolso korgondo aitam, birinchisi jakkan, ekinchisi andanda jakshi bolush kerek,, Azamat Azamatta atina zati jarashkan, Bravoooo
SUPER.KG видео
09.10.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a Azamattyn ayaly bolup atkargan kyz korunboit da kyzyl klemde
SUPER.KG видео
09.10.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчисин кордум но пиратский дисктен
SUPER.KG видео
09.10.2011. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сезип жүрсөм бул кинону көрдүм го деп,көрсө ал биринчиси турбайбы.Жакында эле мой мирден көргөм жакты мага эми экинчисин күтөбүз.
SUPER.KG видео
10.10.2011. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
амбалдар келген го жакты норма
10.10.2011. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын спортчулары азаматсынар алга Кыргызым!
SUPER.KG видео
10.10.2011. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бандит болуп орусча суйлогон жигитти главный кылып рекетирдей кино тартыш керек
SUPER.KG видео
10.10.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар
12.10.2011. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azmatsynar chyn ele,super info mende sizderdin bir video/klibiner achylbai jatat,a bashka saitta jakshynakai ele achyp jatat.Emne bolushu mumkun???
13.10.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке сизге ийгилик!
SUPER.KG видео
14.10.2011. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иийайй Баха Голливудсунго)))))))))))))))))
...Эгер тамашасы жок айтсам, азаматсынар жигиттер, элибиздин кино казынасын байыта бергиле. Бул тасма коруучулорго , озгочо осуп келе жаткан жаштарыбызга тарбиялык таасир калтырат деген ойдомун. Мындан ары дагы онугуп -осуу жана ийгиликтреди каалайм, келечекте дагы коптогон тасмаларды жаратып элибизге тартуулайсынар деген умуттомун!
SUPER.KG видео
09.11.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми иншАлла окшошсо керек. коруп атып уялып кетпейт окшойсун
SUPER.KG видео
13.06.2013. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
onorunor orchundosun, birok maga zhakkan zhok. Bir da akter zhakshy oinoi algan emes. Ozunor dele korup atsanar kerek kemchiliginerdi. Araket bar en negizgisi. Araket dep ele bir nerseni tarta bergen bolboit. Men bolsom korugo alyp chykmak emesmin. Dagy kyzyl Gilem menen uiat ele.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо