ТАГДЫРДЫН ӨГӨЙ БАЛДАРЫ

№466 7-13-октябрь, 2011

Жашы 70тен ашса да, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова күчүндө. Өнөрлүү балдарды тарбиялап, актёрдук чеберчиликке үйрөткөн мектеп ачып, жыйырмадан ашык баланы окутуп келет. Алардын катышуусунда жаңы тасма да жаратууга жетишти...

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Тасманын жанры – Драма
Режиссёру – Жамал Сейдакматова
Сарпталган каражаты – 23 миң доллар
Башкы ролдордо – Жамал Сейдакматова, Айдина Камчыбекова, Асель Нурлан кызы, Кубан Камалов, Нуриса Бурханова

ЭБЕПКЕ-СЕБЕП
“Акыркы жыйырма жылда төрөлгөн балдардын тагдыры оор болгондугу талаш эмес. Үй-бүлө багуу үчүн ата-энелердин дээрлик көпчүлүгү чет жерде иштеп жүрүшөт. Ал эми балдары туугандарынын кароосунда, болбосо, батирлеп өздөрүнүн киндигин өздөрү кесип, ар кайсы жакта баш калкалашат. Күндүзү эптеп сабакка барышса, кечкисин кафе-ресторандарда тейлөөчү болуп иштеп курсактарын тойгузушат эмеспи. Мындай тагдырды башынан кечирген балдардан келечекте эмнени күтө алабыз да, эмнени талап кылабыз? Алар ким болушат? Мына ушул суроонун тегерегинде көп ойлончумун”,- дейт тасманын режиссёру Жамал Сейдакматова.
Жамал эже бир күнү өзүнүн шакирттери менен сырдашып калат. Дээрлик көпчүлүгүнүн ата-энелери эмгек мигранттары болуп, балдардын көкүрөгү сагыныч менен кусалыкка толо экенин туюп жашып алат да, анын таасири астында үч күндүн ичинде кинотасманын сценарийин жазып чыгат.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Атасы каза болуп, апасы турмушка чыгып, 92 жаштагы чоң энесинин колунда калган кыз мектепти аяктаган соң шаарга келет. Театралдык институтка тапшырып, бир күнү группалаштары менен талаага кино тартканы барышат. Жаштардын тамашасы менен күлкү-каткырыгын кызга айтылган “чоң энең каза болду” деген суук кабар токтотот. Курбулары “жалгыз кантип жөнөтөт элек?” деп баары чогу барууну чечишет да, бир бала үйүнөн атасынын автобусун уруксатсыз айдап чыгат. Албетте, “ата, автобустан кам санаба, эки күндөн кийин келем” деген кат калтырат. Ошентип, окуялар уланып отуруп кыздын үйүнө жетишсе, каза болду деген чоң энеси бакта көлөкөлөп теспе тартып отурган болот...
Тасманын акырында бул топтогу балдардын баарынын жашоого болгон көз караштары өзгөрүп, таптакыр башка адам болуп кайтышат. Чоң эненин балдарга кандай таасир калтырып, ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүүгө кантип жетишкендигин тасмадан гана көрүү керек.

ТААЛИМ-ТАРБИЯ БЕРҮҮЧҮ ТАСМА
Бул тасмада эч кандай мушташ, коркутуу, өлтүрүү же зомбулук жок. Мындан бир гана таалим-тарбия ала алабыз. Тасмадагы көйгөйдөн улам адамдын жашоо табити же принциптери жакшы жакка өзгөрүшү мүмкүн.
“Жалаң жаш балдар тартылгандыктан, кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Бир күнү бири уктап калса, экинчи күнү дагы бири уктап калып же болбогон себептер менен кечигип келип жан кейиткен учурлар көп эле болду. Анан да бир күнү тасма талаасына камерабызды унутуп барып алыптырбыз. Ал үчүн кайра келип алып кетүүгө туура келди. Дагы бир кызыгы, бир бала образга кирип кетип тасмадагы аялын сабаган учурда чын эле байкуш кыздын бети-башын көгөртө сабап салыптыр. Ага да бир топ кейидим.
Жалпылап айтканда, тасманын толук тартылып бүтүшү 23 миң долларга турду. Анын 5 миңи демөөрчүлөрдөн түштү”,- дейт тасманын режиссёру Жамал Сейдакматова. Учурда тасма «Туңгуч» театрынын залында көрсөтүлүүдө.

Чолпон Сүйүнбаева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
10.10.2011. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo progress!!!
10.10.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa kyzyk korush kerek okshooit

10.10.2011. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу кино кошойт коруш керек экен.
11.10.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамал эже сизге рахмат биздин эн койгойлуу маселени которупсуз. Азыр аябай коп ата энелер балдарын тыштап акча табуу максатында талаалап журушот эмеспи. Аларды деле тушунсо болот балдарына билим беруу учун акча табыш учун журушот Бирок уйдо калган балдары талаалап тарбия албай журушот. Сиз бул тасмага эч кимге белгилуу эмес жаны актер актрисаларды тартканыныз дагы жакты. Себеби кайсы киного барбайын бут жерлерде баягы эле ырчылар же алардын туугандары тартылышкан. Эн туура кылыптырсыз.
11.10.2011. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кинолорун чет жерде жүргөндөр көрө албагандары жаман болуп жатат. Супер инфо ушунун да айласын тапса жакшы болмок.
11.10.2011. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага саунтреги да жакты.
11.10.2011. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвадамын, кино аябай кызыктуу окшойт. Анын устуно Жамал эже тарбиялаган балдар болсо актерлор аябай таланттуулар. Акыркы кезде образга кире албаган актерлор кобойуп кетти го. Жамал эже ишинизге ийгилик !!! Кинону коргум келип жатат !!!
11.10.2011. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу кино окшойт а дискин каяктан алса болот экен?
12.10.2011. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandaycha berilip ketip kyzdy kok ala kylyp sabap salyptyr... bashkalar karap tura berishtbi?
13.10.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тема, басан-турсан эле "Биздин жаш чакта, улууларды урматачыбуз, сыйлочубуз, азыркы жаштар..." деген создорду коп угасын. Бул макала абдан жакшы жазылган, жашоо чындыгын чагылдырат десем да болот го...
16.10.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Жакшы
16.10.2011. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылдаш кыздар дагы ошол Жамал эжеде билим алышат.Аларга ийгилик.Жамал эже,омурунуз узун болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо