Бир бүркүм... ЖАПАРОВ ОТУНБАЕВАГА ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА...

№466 7-13-октябрь, 2011

  • Өлкөдө 2011-жылдын 9 айынын ичинде 1013 митинг болуп өтүп, анын 503ү Бишкек шаарында катталган.
  • Ош шаарында Июнь окуясында ата-энесиз калган 203 балага 3700 сомдон жөлөк пул берүү каралды.
  • "Ата Журт" фракциясынын өкүлү Садыр Жапаров өлкө башчысы Роза Отунбаевага импичмент жарыялоону парламенттен талап кылууда. "Ал Ош окуясында алдын ала маалыматы болгонуна карабай президент катары эч кандай чара көргөн жок. Мындан башка да каталары көп",- дейт Садыр мырза.
  • Мыктыбек Абдылдаев “Ата Журт” фракциясынын убактылуу лидери болуп тандалды.
  • Германиялык эл аралык кызматташуу коому түштүк облустарынын 2 миңге жакын айыл чарба ээлерин дан азыктары менен камсыз кылат.
  • “Легалсыз түрдө чет өлкөдө эмгектенип, айлык акысын ала албай калган жарандардын 13 миллион рубль айлыгы алынып берилди”,- деди Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаев.
  • Ушул жылдын 1-октябрынан 2012-жылдын 28-февралына чейин Кыргызстанга сырттан ташылып келген кумшекерге бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.
  • Кыргызстанда экстремизм аракеттерине шектүү делип 1315 адам катталган.
  • Жылына 5 миңдей ымыркай тубаса жүрөк дарты менен төрөлүп, анын 300-400ү чарчап калат.
  • 2012-жылы өлкөбүзгө 1,1 миллион тонна салыксыз күйүүчү майды Орусиядан алып келүү боюнча келишим түзүлдү. Ай сайын 90 миң тонна ташылып келип, анын 45% дизель майы, 55% бензин түзөт”,- дейт Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев.
  • Орусиядан Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 1,6 миллион рублга бааланган коляскалар жардамга келди. Ал мээнин сенектиги менен жабыркагандарга берилет.
  • Жалал-Абадда 2011-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын базалык бөлүгү 500 сомго көбөйтүлгөнүн Жалал-Абад шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Рустамбек Тургунов билдирди.
  • 2012-жылы Каржы министрлигинин 20 пайызы, башкача айтканда, 2 миң мамкызматкери иштен бошотулат. Бул өз кезегинде республикалык бюджеттен кеткен чыгымды 804 миллион сомго кыскартат”,- деп айтты Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошов.
  • Ала-Бука районунун акими Улан Баймурзаев жасалма дипломун жашыруу үчүн 224 миң сом пара берген жеринен кармалды.
  • Эмгек ардагерлери “ар бир депутатка мамлекеттик казынадан канча акча каржыланып жатканын эсептеп жарыялагыла” деген талап коюшту.
  • Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 702 миллион сомго жетти.
  • 5-октябрда парламенттин өздүк студиясы ачылды. Ага 6 миллион сом сарпталды.
  • 1-Октябрь – Карылар күнүнө карата 417 ардагерге Бишкектин ресторандарынын биринде дасторкон жайылып, ар бирине 500 сом каражат КСДПнын депутаты Турсунтай Салимов тарабынан тапшырылды.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
10.10.2011. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр бироонун буйругун аткарып жатса керек, болбосо, бийликти откоруп берээр маалда эсине келиптирби. Отунбаева куулбай, сыйы менен кете турганы кээ бир ичи тарларга уйку бербей жатса керек.
10.10.2011. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3700 som??? Al ak4a emnege jetet? Bul ak4a bir deputattyn 2 kunduk tushku tamagyna ketken ak4a go...
11.10.2011. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekzhan, Кечиресиз, бирок биздикилерге бул бир жолу туштонууго да жетпейт!
11.10.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаевага ипичмент жарыялагандын богун жейт бекен ыя. Биринчи кезекте озун карасынчы. Отунбаевага ыраазы гана болуш керек.
16.10.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer, вахахахахаха Отунбаеванын эмнесине ыраазы болойлу?кайсыл кылган жакшылыгына?Бир жылдан бери Кыргызстанга пайдалуу нерсе кылдыбы?кылса жазып берчи....ОШ окуясында бир ооз конул айтып койгон жок кыргыздарга,бир колунун учун кыймылдатып койгон жок....кайра озбектерге жардам берди,Кадыржан Баатыровдун качканына жардам берди...Ыраазы болсон озун ыраазы боло бер,бизди кошпой...
12.10.2011. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асер саясатты тушуносунбу озу билбей кайдагы нерселерди жаза берет экенсин ар бир коментарийинде мектепти жаны бутунбу
12.10.2011. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer, +1000
13.10.2011. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент алдын ала чара колдонгондо жонокой элдин омуру кыйылбайт эле жана башка жактан миротворческие силы сурап бизди уят кылды озубуздо турса ошого ыраазы болойлубу Асер. Деби-1000.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо