№466 7-13-октябрь, 2011
Президенттик жарышка түшкөн талапкерлер дүңүнөн чыгып, эми чекесинен чертиле баштады. 6-октябрда БШК дагы төрт кишиге талапкер күбөлүгүн карматса, ошол эле тапта катталгандардын ичинен М.Султанов “Түлеевди колдойм” деген шылтоо менен күрөштөн баш тартты.
Марат Султанов Нариман Түлеевди колдоорун өзү ачык билдирсе,
«Акылбек Жапаров Атамбаевди колдойт» деген кептер айтылууда.
МАКСАТЫҢ КАНДАЙ, ТАЛАПКЕР?
Шайлоо убактысы жакындаган сайын талапкерлердин саны суюлуп отуруп 20га жеткен болчу. Үгүт иштеринин жарымы өтсө да, 9 талапкердин тагдыры жар учунда турган. Алар Биринчи Май райондук сотуна кайрылышып, жеңип чыкканда кайрадан тил сынагын тапшырышты. 6-октябрда алардын тагдыры чечилди. Жарымына “президенттикке талапкер” деген күбөлүк берилсе, жарымы марадан четтетилди.
БШКнын чыгарган чечиминин негизинде Төрөбай Колубаев, Турсунбай Бакир уулу, Нариман Түлеев жана Акбараалы Айтикеев талапкер болуп катталышты. Ал эми С.Дыйканов, К.Арабаев, Т.Үмөталиева, У.Сооданбеков жана А.Абышевден турган 5 талапкер өтпөй калды.
ЖАРЫШТАН НЕГЕ ЧЕТТЕДИ?
БШК тарабынан президенттиктин талапкери катары катталган 20 талапкердин ичинен «муну же тигини колдойм» деп өз ыктыяры менен баш тарткандар да чыкты. Салмактуу талапкер Марат Султанов Нариман Түлеевди колдой турганын айтып, талапкерлигин алып салгандыгын билдирди. Акылбек Жапаровдун да “шайлоодо Атамбаевди колдойм” деп баш тартары айтылууда. “Ар-намысчы” депутатка өкмөттөн “вице-премьер болосуң” деп сөз беришкен имиш. Талапкерлердин бири Кубанычбек Исабеков: “Министрдин ордун мага да сунушташкан, бирок мен баш тарттым”,- дейт.
ТАЛАПКЕРДИН ШАЙЛОО ФОНДУ
Катталган талапкерлер Кыргызстандын булуң-бурчуна көрнөк-жарнактарды илип жатышат. Айрым көрнөк-жарнактар кол салууга дуушар болуп, өрттөп жиберген окуялар да угулууда. Үгүт иштери десе дароо “канча акча кетти?” деген ой кылт дей түшөт. Эң эле капчыктуу талапкер азырынча Алмазбек Атамбаев сыягы. Анын шайлоо фондуна 24 миллион 400 миң сом түшкөн. Мунун 16 миллион 265 миң 554 сому коротулду.
Каражатты сарптаганы боюнча биринчиликке Адахан Мадумаровдун шайлоо фонду чыкты. Адахан мырза жалпысынан 16 миллион 715 миң 902 сом короткон. Шайлоо фондуна эң эле аз акчасы Шамшыбек Медетбековдуку болду. Ал 80 миң сомду чапчып, анын 73 миң 97 сому сарпталган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Madumarov PRISIDENT bolso bolor, birok PRESIDENT emes.
- эмне учун?
- иши кылып Адахан болсун
- Ал Бакиевдей болом дептир го
- Эмне кылайын Адахан адахан адахан адахаааан!
Суроо берген киши ичтен ойлонот: соо элеби мобу.