БУЛГААРЫ КИЙИМДЕРГЕ КАМ КӨРҮҮ

№467 14-20-октябрь, 2011

Булгаары сырт кийимдин жумушка, конокко барганда же болбосо жөн гана сейилдөөгө кийип жүрүүгө ыңгайлуу экени талашсыз. Бүгүнкү саныбызда сиздер менен дал ошол булгаары сырт кийимдерге туура кам көрүү жана аларды тазалоонун сырлары менен бөлүшмөкчүбүз.

КАНТИП КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

  • Жаңы сатып алынган булгаары буюмдарга тиешелүү өз­дүк жыты болот. Эгер сиз сырт кийимиңиздин андай жытынан арылгыңыз келсе, анда майдаланган кофени кийимиңизге сээп, бир күн таштап коюңуз. Андан соң щётка менен тазалайсыз.

Эскертүү! Ачык түстөгү булгаары кийимдерге кофе себүү – анын өңүнүн өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал. Андыктан кофени кийимдин ички бетине гана себиңиз.

  • Ошондой эле жаңы булгаары кийимиңизди кийип сыртка чыгардын астында аны атайын май менен майлап алганыңыз оң. Ал сиздин сырт кийимиңизди суудан жана булгануудан сактайт.
  • Нөшөргө кийүүдөн ка­чыңыз. Капысынан жамгырда калып калсаңыз, суу болгон булгаары сырт кийимиңизди кургак чүпүрөк менен сүртүп, кийим илгичке илип, бөлмө температурасында кургатуу керек. Өтө ысык же күндүн нуру тик тийген жерде кургатуу булгаарынын сапатын начарлатат.
  • Эгер үтүктөө кажет болсо, анда өтө дыкаттык менен мамиле кылууңуз абзел. Ички бетинен жана бир нече кат даки үстүнөн төмөнкү температурада гана үтүктөңүз.
  • Булгаары буюмдарды маал-маалы менен глицерин же вазелин менен майлап туруу кажет. Ал эми өңүн жоготуп бараткан эски булгаары сырт кийимдерди апельсиндин кабыгы менен сүрүп коюуга болот. Бул ыкма булгаарыны жалтыратып коёт.
  • Эч убакта полиэтилен баштыгына салып сактабаңыз! Сырт кийимиңизди сандыкка саларда булгаарыларды беттештирбегенге аракет жасаңыз. Антпесеңиз боёктору сиңишип, чамбыл-ала түскө ээ болуп калышы мүмкүн.
  • Кокусунан булгаары сырт кийимиңизди бир нерсеге чийдирип алсаңыз, анда аны түспөлдөш боёк менен боёңуз да, кургаган соң май менен майлап коюңуз. Ал эми булгаарынын бир жерин илдирип (айрып) алсаңыз, анда анын ички бетине калың чүпүрөк же жука булгаары коюп, айрылган жерди клей менен жабыштырыңыз. Андан соң боёп, майлап коюу абзел.

БУЛГААРЫ КИЙИМДЕРДИ ТАЗАЛОО

  • Эч убакта булгаары сырт кийимдерди жуубаңыз. Себеби булгаары катуу болуп жана өңүн жоготуп коёт. Ал эми кээ бир тактар кетпей да калышы толук ыктымал.
  • Эгер булгаары кийимиңиз булганып калган болсо, чүпүрөктү жылуу сүткө малып, аны менен сүртүү кажет. Бул ыкма булгаарыны тазалайт жана жумшартат.
  • Булгаары кийимди тазалоонун эң жөнөкөй жана жеңил жолу бул – самындуу сууга чүпүрөктү малып, тазалоо. Бирок мындай тазалоодон соң сөзсүз майлоо керек. Анткени самын булгаарыны катырып коёт.
  • Булгаарыны тазалоодо эч убакта ацетон же бензинди колдонбоңуз! Булар булгаарыны күйгүзүп жиберет.

Эскертүү! Кандын, майдын же боёктун тактарын дароо тазалап, кетирбесеңиз, такыр кетпей калуу коркунучу бар. Андыктан тактын пайда болгонуна капа болуп кала бербестен, тезинен чара көрүүңүз зарыл!

  • Ал эми булгаары бую­муңуз өтө кымбат баалуу болсо жана аны тазалоодон коркуп жатсаңыз, анда химиялык тазалатууга бергениңиз оң.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
17.10.2011. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kak raz maga kerek bolup atty ele kopton beri tazalagymkelbei salafanga salypkoiupkoigom da iiiiii
20.10.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy kenew eken
23.10.2011. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булгары кийимди эч качан самын же суу менен тазаланга болбойт.анткени,кожанын деформациясы болот!!!!!!!!!!!!!гладкая кожа,замша,велюр,нубук деген материалдарды атайын шампунь же пена-очиститель менен тазалоо керек.бул каражаттарды атайын бут кийим же булгаары кийимдерди саткан дукондордон ала аласынар
23.10.2011. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул менин специальностум менен байланышкан тема экен:))))
23.10.2011. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булгары кийим сууну бат синирип алат,ошондуктан атайын Водоотталкивающая пропитка колдонуш керек
25.10.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут кийимди (таза булгаары) кантип тазалоого болот жазып кое аласыздарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо