Бир бүркүм... 7-НОЯБРДА КУРМАН АЙТ БЕЛГИЛЕНЕТ...

№467 14-20-октябрь, 2011

  • Кыргызстанда Курман айт болжол менен 7-ноябрда белгиленерин Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев айтты. Так датасы айтка он күн калганда жарыяланат.
  • “Манас” эпосу азербайжан тилине которулду.
  • “Түндүкэлектр” ААКсы электр жарыгын туура эмес же уурдап колдонгондордон 12 миллион 327 миң сом төлөттүрүп алды.
  • “Парламентке өлкөдөгү чукул кырдаалды жарыялоо укугун берүүгө каршымын. Алар каникулда же командировкада болсо, 120 депутаттын топтолушу, анан дагы маселенин каралып бүтүшү өтө оор”,- дейт УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.
  • 2009-жылы өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө күнөөлүү деп Казакстанда эки казак жараны: Алмаз Игиликов 10 жылга, Шалкар Уразалин 11 жылга камалып, кыргыз жараны Алдаяр Исманкулов 17 жылга катуу режимдеги колонияга отургузулду.
  • 2012-жылдын 1-январынан тарта күнү-түнү акысыз түрдө 112 номери Ош жана Бишкек шаарында ишке кирет. Тургундарыбыз 101, 102, 103, 104 жана газдын авариялык кызматына чыга албаган учурда 112 номерине чалып тез жардам сурай алышат.
  • “Коопсуздук максатында депутаттардын телефондорун тыңшоого уруксат берели”,- деп сунуштады депутат Ирина Карамушкина.
  • Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы М.Алыбаев атындагы орто мектептин көмүр сакталчу кампасындагы 336 тонна көмүр күйүп кетти.
  • “Кыргызстанда жыл сайын жолдорду куруу жана оңдоого 1,5 миллиард сом керектелет. Учурда өлкөбүздө 34 миң чакырым жол бар, анын 5 миң чакырымы асфальтталган”,- деди Роза Отунбаева Чүйдөгү асфальт-бетон заводун ачуу аземинде.
  • “Дордой” базарында 15 миңдей ишкер иштейт, бирок 8 миңи гана патент алат. Ошондон улам азыр салык кызматында штаттан тышкары иштеген кызматкер бир жылдын ичинде “Дордойдон” салык жыйноодон хан сарай кура алат”,- деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев.
  • 20 жылдан бери алгачкы жолу мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, Баткен шаарынын 25 жолу ремонттолду.
  • 2011-жылы 9 айдын ичинде Кыргызстанга 1,5 миллион турист келген. Өткөн жылдын көрсөткүчү 1,2 миллионду түзөт.
  • Кытай-кыргыз-өзбек темир жолун курууда кытай эксперттер тобу каржы маселесин, кыргыз эксперттер тобу техникалык жактан көзөмөл кылат.
  • Президенттик шайлоого Тажикстандан 100 адам катышарын маалымдады Таджикстандагы кыргыз элчиси Урмат Саралаев.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо