№467 14-20-октябрь, 2011
“Майрам Акаевага таандык болгон конок тосуучу үй эми Башкы прокуратурага берилет”,- деп башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Имарат таба албай кыйналышкан прокурорлордун чоң имараты былтыркы жылы 7-апрель окуясында толугу менен күйүп кеткен. Ошондон улам прокуратура мэрияга бул имаратты бөлүп берүүсүн суранып кайрылды. Ал эми мэрия Акаеванын конок үйү бош тургандыктан, аны колдонууга берген. “Имарат мэриянын мамлекеттик бюджетке 200 миллион сом карызын жабуу максатында берилди. Үйдүн аянты прокурорлуктун администрациясына да туура келет ”,- дейт Аида айым.
Башкы прокуратурага чалып, бул конок үйдүн так дарегин биле албай курудук. Беш-алты номерге чалып көрсөк, кызматкерлердин ичинен эч кимдин маалыматы жок экени айкын болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |