№468 21-27-октябрь, 2011
“Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун 6 паспорту бар” деген чуулгандуу билдирүүнү ЖКнын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди. Эл өкүлү мунун курулай сөз эмес экенин далилдей турган Башкы прокуратурадан алынган документ да бар экенин баса белгиледи. «Кулматовдун 6 паспортунун үчөө Кыргызстандыкы, үчөө Орусияныкы»,- дейт ал. Ошол эле учурда Кулматов: “Менин орусиялык жарандыгым жок. Бул депутаттын жөн гана мени жактырбагандыгы”,- деп айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |