ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Түркия

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ КЫРГЫЗДАР КАЗА ТАБЫШТЫ
23-октябрда Түркиянын Ван провинциясында болуп өткөн 7,2 баллдык жер титирөөдөн 217 адам көз жумду. Каза тапкандардын ичинде 3 этникалык кыргыз бар. Айта кетсек, Ван провинциясындагы Улуу Памир айылында 2 миңге чукул этникалык кыргыз жашайт. Бул кырсык Ван шаарында түрмөдө отургандардын качуусуна өбөлгө түзүп, 150 кылмышкер абактан качып кеткен.

Аргентина

КРИСТИНА КИРШНЕР ИЙГИЛИГИ ҮЧҮН КАЙРАДАН ПРЕЗИДЕНТ
Аргентинада 23-октябрда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент айым Кристина Фернандес де Киршнер жеңүүчү деп табылды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, 58 жаштагы мамлекет башчы шайлоочулардын 55 пайыз добушун алган. Көп добуш алуусунун себеби 2007-жылы ажо болгондон тарта экономиканы кыйла бутуна тургузуп, калкты социалдык жактан камсыздай алганына байланыштуу дешүүдө эксперттер.

Таиланд

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ СУУ КАПТООДОН УЛАМ БАШТАЛА ЭЛЕК
Өлкөнүн 77 провинциясынын 28инде июль айында башталган суу каптоодон улам балдар мектепке бара албай жатышат. Таиланддын бийлик органдары 1-ноябрдан тарта окуу башталарын билдиришкен, бирок көптөгөн аймактар суудан арыла албай жаткандыктан, кайра 15-ноябрга жылдырылды. Азыркы тапта каза тапкандардын саны 356 адам, жабыр тарткандардын саны 2 миллион 460 миңге жетти. Таиланддын дарыяларындагы суу декабрдын башында азайып, суу каптоо токтойт деген үмүт бар.

Кытай

ТЕМИР ЖОЛДУ КУРГАН АШПОЗ
Кытайда темир жол куруу долбоорлорунун 70 пайызы убактылуу токтотулду. Анткени эл ичинде уу-дуу кепти Гирин провинциясында темир жол куруп жаткан “Рейлвей №9 груп” компаниясы курулуштун башчылыгына ашпоз Лу Тяньбону дайындаганы жаратты. Ал 2010-жылы темир жол өтүүчү көпүрөнү бул тармакта адистиги жок мигранттардын жардамы менен курган. Анын үстүнө көпүрө куруп жаткан жумушчулардын бири “бул жол менен жүрүүчү поездге эч качан отурбаймын” деп айткан.

КМШ

КАЗАКСТАН, КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ӨЗБЕКСТАН – ЖОГОЛГУС ӨЛКӨЛӨР
БУУ жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, кыргыз, казак жана өзбектер дүйнөдө түбөлүккө жашашат. Ал эми 83 өлкө жакынкы аралыкта жер жүзүнөн жоголот. Орусия 2888-жылы калкынын саны азайып отуруп, жок болууга дуушар болот. Андан соң Бириккен Араб Эмираттарына өтүп, кийин кырылуу процесси Батыш өлкөлөрүн, Вьетнам жана Мьянмини кучагына алат. Ал эми 3700 жылдан ашык тарыхка ээ Кытайдын дагы 1500 жылдык өмүрү калды дешүүдө. Адистердин айтымында, кайсы өлкөдө кыздар көп төрөлсө, ал өлкө жок болуу коркунучунан арыла алат.

Казакстан

БАУРДАСТАР “КЕТСИН!” ДЕП КЫЙКЫРЫШУУДА
"Өкмөт башчы Карим Масимов кетсин!” деген талап менен 25-октябрда Алматы шаарынын 8 миңден ашуун студенти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кат жөнөтүшкөн. Студенттер 2007-жылдан бери премьер-министрликти аркалап келген Карим Масимовду Казакстанды Бажы союзуна киргизгендиги үчүн иштен кетүүсүн талап кылышты. “Орус эксперттеринин айтымында, Орусия 2017-жылы Бажы союзунун негизинде СССРди түзөт. Ошондон улам бул союз кымбатчылыкты гана алып келбестен, эгемендүүлүккө да шек келтирет”,- дешет студенттер.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
04.11.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура кыргыздар да бажы союзуна кирди дегиче оруссияга гана коз каранды болот.Оруссия уруксат бербесе чет олколордон бир кукурт да алып кире албай калат.Натыйжада Дордой чон кризиске учурайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо