ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

Грузия реформалардын негизи катары ачык экономиканы тандап алды. Анын натыйжасында негизги стратегиялык жайларды таанышына же жергиликтүү ишкерге, же көңүлүнө жаккан инвесторго эмес, койгон талаптарына жооп берген инвесторго өздөрү каалаган баага сата алышты.
Башкача айтканда, мамлекеттик жана стратегиялык жайларды кимдин акчасы болсо, ошолорго сатып жатышты. Алсак, чоң мекемелерди чет өлкөлүк инвесторлор, кичинекейлерин жергиликтүү ишкерлер алышты.
Крцанистеги өкмөт резиденциясын 15 миллион долларга америкалык “Basel Group”, “Телекомду” 90 миллион долларга казакстандык “TuranAlem банкы”, “Тбилгазини” 12,5 миллион долларга “Казтрансгаз”, “Тбилцканканалини”, “ЖинвалГЭСти” жана Гардабани шаарындагы суу тазалоочу жайдын баарын швейцариялык “Multiplex Solutions” 85,7 миллион долларга сатып алуу менен алардын калыбына келүүсү жана андан ары өнүгүүсү үчүн
350 миллион долларлык инвестиция жасамай болушту. Бир гана улуттук шарабын менчиктештире алышкан жок.
Албетте, Грузиянын энергетика, көгүлтүр от, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жагындагы иштери тууралуу айтсак, макалабызга сыйчудай эмес. Биз ал жасаган иштеринин натыйжасында келип чыккан жыйынтыктарын айтсак. Мисалы, Грузия коррупцияга каршы күрөштө “Transparency International” компаниясынын иликтөөсү боюнча, 2003-жылы 133 мамлекеттин ичинен 124-орунду ээлесе, 2009-жылы 180 мамлекеттин ичинен 66-орунга чыккан. 2003-жылы пенсиянын эң төмөнкү чеги 6,5 долларды түзсө, 2009-жылы эң төмөнкү чеги 48 долларды түзгөн. 2004-2007-жылдардагы экономикалык өсүштүн орточо жылдыгы 9,3 пайызга өскөн. Менчиктештирүү боюнча өзгөрүүлөрдү төмөнкү эки жадыбал аркылуу көрсөтмөкчүбүз:

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо