СЕНСОРДУК ТЕЛЕФОНДОР ВИРУС ТАШЫЙТ

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Кечээ жакында эле ар бирибизде телефон болот дегенди угуп, бирок аны элестетүү кыйын болсо, азыр уюлдук телефону жок адамды элестетүү кыйын. Ушул тапта экраны сенсордук “соткалар” модада. Аталган телефондордун айрымдарын алып, кандай артыкчылыгы же кемчилиги бар экени жөнүндө маалымат топтодук.

СЕНСОР ТАРЫХЫНАН
"Сенсор" – англисчеден которгондо "башкарууга ылайыкташкан техникалык системанын элементи" дегенди билдирет. Алгачкы сенсордук экран 1972-жылы АКШда программалык камсыздоону изилдөө алкагында PLATO IV компьютердик системасында жасалган. Сапаты начар болсо да, экрандагы керектүү объектти басканда буйрук аткарылган. Алгач андай экрандар изилдөө иштери жүргүзүлгөн жайларда жана медициналык аппараттарда гана колдонулган. Кийинчерээк массалык түрдө жайылган техникалык буюмдарда, айрыкча уюлдук телефондордо кичинекей клавиатураны алмаштыруу максатында чыга баштаган. 2004-жылы Nintendo DS аттуу чөнтөк оюнчуктары аркылуу биринчи сенсордук экран элдин калың катмарына тараган. Ал эми жогорку сапаттагы сенсордук экран (Multitouch) биринчи жолу “Эппл” компаниясынын iPhone`нунда жарык көргөн.
Сенсордук экраны бар телефондогу дээрлик бардык иш-аракеттер экрандагы белгилүү объектке колдун манжалары же атайын таякча менен басуу аркылуу аткарылат.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Экрандын көлөмдүүлүгү жана жөнөкөйлүгү.
  • Керектүү текстти жогорку ылдамдыкта терүү мүмкүнчүлүгү.
  • Аппараттын мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн артышы.

КЕМЧИЛИГИ

  • Экранды карабай бир нерсе жазууга ыңгайлашкан эмес.
  • Көп энергия сарптайт. Батарейкасы бат отуруп калышы мүмкүн.
  • Манжалардын тагы калып, иштегенге жолтоо болушу мүмкүн.
  • Экран өтө назик болгондуктан, этият урунбасаңыз, сынып калышы ыктымал.
  • Өтө суукта сезимталдуулугун жоготот, сырттан кээде кол капты чечүүгө туура келет.
  • Жөнөкөй телефондорго караганда сенсордук экранга вирус жана бактериялар көп жабышат. Колдонуучу манжалары менен экранга тийгендиктен, вирусту өз организмине жугузуп алышы мүмкүн.

NOKIA C7
Сенсордук экраны бар телефондордун ичинен учурда көп колдонулуп жаткан Nokia C7 моделин тааныштырабыз.

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
2010-жылдын аягында чыккан.
Тиби – смартфон (акылдуу телефон), коммуникатор.
Корпусу – классикалык.
Кара, күмүш жана күрөң түстөгү түрлөрү бар.
Телефондун корпусу дат баспай турган болоттон жасалган.
Салмагы – 130 грамм.
Калыңдыгы – 11, бийиктиги – 117, туурасы – 57 миллиметр.
Multitouch (жогорку сапаттагы сенсор), WiFi (зымсыз интернет байланышы) жана GSM стандартында 3G (жогорку ылдамдыктагы интернет) бар.
Symbian3 операциондук программасы менен иштейт. 3 кызматты бир убакта аткарууга болот.
Фотокамера бар (жарык бергичи менен).
Экраны сыйымдуу.

КЫСКА КАТ КЫЗМАТЫ
Кат жазууда кошумча кызмат каралган, даяр шаблондор жана MMС бар.

КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР
Үнү катуу чыккан динамикалар орнотулган, телефонду үн менен башкаруу кызматы бар.

ЭКРАН
Экрандын тиби – түстүү, сенсордук (тиби – сыйымдуу), автоматтык түрдө тигинен же капталынан которгондо бурулат, программалык камсыздоо орусчага которулган.

МУЛЬТИМЕДИАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
Санарип камерасы 8 мегапиксель менен (санарип Zoom 3x, видео тартуу алдында жарык берүү, ак балансты коюу кызматтары бар) видеого тартуу жана сактоо (MPEG-4), видеоконференция үчүн камерасы, аудио (MP3, AAC, WMA, FM-радио, FM-трансмиттер), диктофону, оюндар бар.

ЭС ТУТУМУ ЖАНА ПРОЦЕССОР
Телефондун эсинин көлөмү – 8 гигабайт, мындан тышкары 32 гигабайттык кичи флешканы орнотууга болот.

Эскертүү: Телефондун баасы жана анын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кандай болбосун, ал кооз буюм же башка эмес, жөн гана байланыш каражаты экенин унутпаңыз.

СЕНСОРДУК УЮЛДУК ТЕЛЕФОН БОЮНЧА ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Сенсордук экран чөнтөгүңүздөгү же сумкаңыздын ичинен ачкыч же болбосо ар кайсы нерселерге тийип чийилип калышы мүмкүн. Андан сактануу үчүн дисплейди коргой турган плёнка жабыштырыңыз.
Телефонуңузга бир эле антивирус орнотуңуз (эгер смартфон болсо).
Телефонуңузду нымдан, күндүн нурунан (көпкө кармоо зыян) жана жерге түшүрүп алуудан абайлаңыз.
Батарейкасы такыр өчкөнгө чейин күтпөстөн, толтуруп туруңуз.


Жылмайып коюңуз!

Жалданма киши өлтүргүч бирөөнү атып өлтүрөт. Өлгөн киши бейишке түшүп, ал жакта жашай турган үйлөрдү кыдырып, эч жактырбайт. Анан бул дүйнөдөгү досуна телефон чалып мындай дейт:
– Досум, мени өлтүргөн киллерге дачамды мыкты салган куруучуларды өлтүрсүн деп буйрук берип койчу. Аларды бул жактан тосуп алып, үй салдырайын дедим эле.

ххх

Уюлдук компания кайрымдуулук акциясын өткөрүп, токойдогу жаныбарларга бекер телефон таратат. Коён арстанга чалып:
– Алло, бул арстанбы?- деп катуу сурайт.
Арстан:
– Ооба, бул арстан.
Коён көзүн ойноктотуп, телефонун өчүрүп коёт да, телефонун карап:
– Ой, шумдугуң кур!- дептир.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(36)
31.10.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамга вирус өтүп кетет дейби?
Защитный пленкасы болсо кандайча өтүшү мүмкүн?
Сенсор телефонуңуздун экрандагы вибрацисын өчүрүп жана яркостту азайтыңыз:батарейкаңыз көпкө чыдайт жана көзүңүздү талытпайт!
Нокиа сенсордун жакшысы ГВЕРТИ клавиатуралары бар!
31.10.2011. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
батарейкасы бат отурбайт меники 7-8 кунго жетет телефонум samsung Wave525
01.11.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat, сиз телефонунузду кантип колдоносуЗ? абайдап ойлонуп жазсаныз болмок экен! ишениш кыйын 7-8 кун деп саат десениз дагы ии дейт элек.
31.10.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дуйнодо пайдалуу эч нерсе жок. даже жеп жаткан тамагын да зыян.
01.11.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DilyaKiev, гы гы анда эч нерсе жебей эле жата берели ))))
01.11.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
studentka,
Азыркы замандагы жеген тамактарыбыздын канчалык зыяны бар экенин изилдеп корсок, сен айтмакчы жегенге боло турган эч нерсе таппайсын. Ошон учун коруп эле туруп деле козду жумуп жей бергенден башка айла жок...
01.11.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bai.kymbat. Сиз апаратты эч колдонбой заряддап кайра сейфке кулптап коесузбу?? 7-8кун чыдагандай атомный батарея болуп кетсе да, ушунча укмуш болсо сатынызчы 5000ге, меники Нокиа Х6, анан Нокиа 5230 1кунго да жетпейт, мен апаратты 20саат колдоном кунуно
01.11.2011. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nokia c7 ge karaganda nokia c6-01 jakshy. Atkargan funksiyalary baary 100% birdei. Ekoo ten 8 mpix. birok c6-01 ishtetuugo yngailuurak, jana arzan!
02.11.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самсынын wave525и чындап эле көпкө чыдайт. Меники дуос үчүн 5-6 эле күнгө жетет. Дегеле самсунг жаңылары жакшы. блютус, вай-файларды өчүрүп, дисплейдин подсветкасы менен убактысын азайтып коюш керек.
02.11.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
x2 деле жакшы го дейм! 8гб флэши менен
03.11.2011. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
een yngayluu Nokia E71go deym, bar jogunan dal kelgen. baasyda kymbat emes. maga e71 jakwy kyzmat kylyp atat.
03.11.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
honestbek bekbolot7 мен апаратты связга эле колдоном интернет музыканы комп.н угам.
5000 сом эмес 5000 рублдан да кымбат алгам Силерге айтарым телефонду Москвадан алдыртсанар качественный болот
03.11.2011. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калбаныздар Wave525 зарядды жакшы кармайт чынында эле 1 жумага жетет,WiFi (зымсыз интернет байланышы),бар жакшы аппарат. Ал эми bestbek сага кошулам с6-01 жакшы ынгайлуу колдонгонго эгерде тушуруп жиберсен жерге чачылып кетет,с7 дин памяты 8гига ОШОл жери жакшы
03.11.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынан жакшы Samsung galaxy s 2 экраны да чон интернет менен тез байланыша аласын.бирок iphone 4 кичине жетпейт.
04.11.2011. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефонумдан вирус өтүп калса мен деле тормозит етип каламбы анда
04.11.2011. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап турсам баарынар эле озунордун телефонунарды мактап жатасынар. Мен да телефонумду мактап кетсем, nokia 5130 XspressMusik. Мага 2 жылдан бери кызмат кылат. Интернет байланышын деле узбой колдоном. Анча мынча эле видео роликтерди коро албасам, 'Азаттыктын', 'Супердин', ж.б. сайттарына кирип, ушинтип форумдарга катышып, пикир жазып турам. Москвада безлимит. интернет арзан, нетбугумду да тындырбайм. Бирок жакында телефонду алмаштырайын деп жатам, андыктан телефон тандоого кенеш бергиле достор!
05.11.2011. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда мен деле мактана кетсем менин телефонум Nokia 1110 баардык условиясы менен сенсорный экран Wap GPRS WI-FI EDGE Bluetooth СМС ММС камера 12 мегапиксел MPEG 4 ванна душ сауна бассеини бар
05.11.2011. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда жакшысы Nokia 1110 алыш керек экен.
06.11.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да мактанып коеюн...Баарынан жакшысы меники Сони Эриксн,функциясы да оңой,удобный 2 кундо бир зарядтайм.
06.11.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык эле сенсорный экрандар жакшы бирок меникиндей эч киминерге жок экен:)
06.11.2011. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga Nokia 1110 vanna dush saunasi menen jakti))))
06.11.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдики озуно ай корунот козуно
11.11.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антип мактангандын ордуна кемчилдик жерлерин да кошо жазсанар телефон тандагандарга маанилуу маалымат болмок
11.11.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисалы менин азыр колдонуп жатканым Samsung Wave723 La Fleur red-бордовый цветте, аял кишилер учун мыкты чечим, стили, функциясы, защитный футляры комплетиси м-н,а кемчилдиги жокко эсе дегендей.....
07.12.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу сенсордук экран тажатып бутту. Ун менен башкаруу ыкмасын толук кандуу кылып чыгарышса жакшы болмок! Биринчиден козубуз жыргамак, экинчиден бир эле убакытта бир нече иш кылып калмакпыз(козун менен кошо желкенди таалытып ыкшырайып дисплейди тиктебей)ж. б. кооооооооп!
03.01.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, рахмат. Билбептирмин...
26.02.2012. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даяр ашка сынчы коп... озу колдон эмне келет,бироонун бир нерсесин сындагандан башка???
31.05.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп маалымат алдым окшойт сиздерге рахмат
23.06.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа мага озумдун еки апаратым жагат Биросу НОКИА 31 10 екинчиси НОКИА Н9
11.07.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне вирус отуп кетет дейби? Коргоочу пленкасы болсочу?
24.08.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да мактана кетейин самсунг s+..шикааарный.самсунгду 5жылдан бери иштетем.ото удобный.жыл сайын жаны моделине алмаштырып турам.кудаага шугур.москвада иштеп всё можем позволить.
07.09.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskva, эмне кыргызстанда иштегендер не все могут позволить экенби?
16.04.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskva, кудаага эмес, Кудайга. Анан да Москва эле эмес, негизи эле чет жерге биринчи жолу чыккан окшойсуң)) Кореяда да, Америкада да иштеп жүргөн кыргыздар толтура, тилекке каршы. Все можем позволить болсо, Кыргызстанда деле толтура андайлар!!!
05.12.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамга вирус отуп кетсе кандай болот экен?
21.07.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
friendwipkg, телефондогу вирус сага отпойт, ойлонбо.
05.12.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антивирусту да киргизсе болор бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо