Шайыр Касымалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «КЫЗДАР, ЭЧ КАЧАН КӨҢҮЛДӨШ БОЛБОГУЛА»

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Эл ичинде “артисттердин эле жашоосу жыргал. Жасанып алып, эл алдында ырдап-чоордоп жүрө беришет” деген кептер айтылып жүрөт. Бирок жылдыздар да жеке жашоосунда сиз менен биз катары тагдырдын сыноолорун башынан өткөрүшөт.

“БАЛЫКЧЫНЫН БОЗ АЛА ЧАҢЫ, АЙ!”
– Мен Балыкчы шаарында артисттердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгендиктен, бала чагымдан эле артист болом дечүмүн. Иним Бакыт экөөбүз атам менен апамды ээрчип алып сахна артында чемодандын ичинде уктап, ага батпай калганда аны жаздык кылып жазданып жүрүп чоңойдук. Кийин алар Нарын театрына чакырылып, биз таенемдин колунда калдык. Мен 10 жашка чыкканда Фрунзеге көчүп келип, азыркы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына ишке орношушкан. Атам өтө таланттуу актёр эле, апам болсо бизге да, жумушка да жетишүү үчүн актрисалыкты таштап, ошол күндөн бери гримдөөчү болуп иштеп келет.
Ата-энем пикир келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Апам бизди өтө оор кыйынчылык менен чоңойтту. Жалгыз бой калганы аз келгенсип, эки баласы тең жаш. Убактысына карап эки-үч жумушта иштечү. Түнкүсүн кийим токуп сатар эле. Секелек куракка жетип калгандыктан, мага да үйрөтүп койгон, сабактан кийин түнкү саат 3-4кө чейин уктамай жок. Экөөлөп отуруп кийим токуйбуз. Мени алаксытыш үчүн сонун жомокторду айтып бечү.
Балалык дегенде эле Балыкчыдагы бактылуу курагым менен Фрунзедеги кыйын турмуш эске түшөт. Азыр да Көлгө барганда Балыкчы шамалдан улам бозоруп, чаңы асманга сапырылып жатса да, жаан төгүп жатса да мага бейиштин төрүндөй көрүнөт. Бала кезде күн канча суук болбосун, барып көлгө бир чумкуп чыгууну жактырар элем. Эх, Балыкчынын боз ала чаңы, ай! Ошол күндөрүмдү сагынам.

“ТУРМУШКА ЧЫГУУГА МАЖБУР БОЛДУМ”
– Бой жетип, студент болчу күн да келип жетти. Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайынан билим алуу бактысы маңдайыма жазылыптыр. Окуп калдым. Сабактар эң жогорку деңгээлде, кызыктуу өткөндүктөн, канчалык ооруп, дене табым 38 градус болуп жатса да сабакты калтырчу эмесмин. Тилекке каршы, 2-курста курсташым Абдумалик Шерматовго турмушка чыктым. Өзүнө ишенбегендир, мага асылып жүрүп, зордук көрсөткөнгө чейин барды. Мени күчкө салып турмушка чыгууга мажбур кылды. Кыз баланын табияты ошондой экен, көнүп кеттим. Күндөр өтүп, ал адамды мен да сүйүп кете алдым. Көп өтпөй жарык дүйнөгө эң кымбат адамым – кызым Мээрим келип, эне да болдум.
Окуубузду аяктагандан кийин бул жакка келип ишке орношуп калдык. Кызымды иним менен апам чоңойтуп жатышкан. Кыйынчылык турмуш ошондо башталды. Үй-бүлө, кайын журт, бала, жумуш дегендей. Баарынан да кыйыны жолдошумдун өтө эле кызганчаак болуп, себепсиз шектене бергени болду. Анча-мынча аялдар жеген күйөөнүн таягынан мен деле куру калган жокмун. Кол көтөрчү болгондо андан ары чыдай албасымды билип, ажырашып кеттим.

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫК...”
– Кудай берген талант элден өзгөчөрөөк, бир аз бийигирээк болсо, бут тосуулар болот экен. Анын баарын жеңдим, азыр да андайларды жеңип келатам. Апам айтар эле, «болсоң эң алдыңкы актриса бол, болбосоң орто заар болуп театрда иштебей эле кой» деп. Бирок мен ойлойм, театр, кинодо мен өз ордумду таба алдым деп.
Кино жаатында эң биринчи ролум маңдайыма жазылган бактым экен, Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” чыгармасы боюнча тартылган “Куш өмүр” тасмасындагы Сейденин образы болду. Андан бери аздыр-көптүр тасмаларга тартылып эле келем. Ал эми спектаклдерде студент кезден бери эле ойноп жүрөм. Театр сахнасында көксөп жүрүп жеткен образым Жульеттанын образы, ал эми таптакыр каалабай туруп ойногон ролум “Майраш” спектаклиндеги Майраштын ролу болду.

“ЖАЛГЫЗДЫК...”
– Ажырашкандан кийин жалгыздык менин жүрөгүмдү биротоло ээлеп алгандай болгон. Апам, иним жана кызымдын жардамы менен ал кыйынчылыкты жеңип кете алдым. Ошол кезде “экинчи турмушка чыкпайм. Андан көрө дос күтүп алып эле жашай берем” дегем. Антип да жашап көрдүм. Көрсө, ошондо оозумдан чалыныптырмын. Чыныгы тозок ошол экен. Сен экинчи сорттогу, четтеги адам катары саналып калат экенсиң. Бирөөнүн досу болуп жүргөн аялды поезддин станциясына окшоштурам. Поезд өз жолу менен баратып станцияга бир токтоп кеткендей. Ооба, ал сени сүйөт, ооба, сага чын дилинен мамиле кылат, бирок анын жашоосу башка жакта өтөт. Ал жашоодо сен жоксуң. Бул аялзаты үчүн бакыт эмес. Бир күнү мындай турмуштун дагы мага кереги жок экенин түшүндүм. Жылдарымдын көбүн өткөрүп жибериптирмин. Азыр ал күндөрдү эстесем, туура эмес кылганымды туям. Ошентсе да ал адам менин кызыма өз кызындай мамиле кылганына ыраазымын. Заманыбыздын кыз-келиндерине айтар элем, эч качан, эч качан андай жолго түшө көрбөгүлө. Андан бир гана кайгы-муң табасыңар.

“АЗЫРКЫ КҮНДӨ...”
– Кызым турмушка чыккандан кийин үйдө жалгыз калганыма байланыштуу үйүмдү сатып, апам менен инимдин үстүнө көчүп баргам. Жолдошум жок болгондуктан, иним Бакыт мага ата катары да, бир тууган катары да, күйөө катары да кеңешин берип, жөлөк-таягым болуп келет. Бакыттын балдары да мага жашоонун башкача кызыгын тартуулап келишет. Улуусу мени Шайырка десе, калган экөө чоң мама дешет.
Улуу неберем Темирлан үч жаштан ашты, ал эми экинчи наристесин кызым Мээрим мына үч-төрт күн мурун гана жарык дүйнөгө алып келди. Бала туура эмес жатып калгандыктан, операция жолу менен көз жарды. Ошол себептен ымыркайды төрөлөрү менен менин көкүрөгүмө жаткызышты. Мен ага ырдап бердим, аны менен сүйлөштүм. Айтор, эң бактылуу көз ирмемдер өтүүдө.

“ТУРМУШКА ЧЫГАР КҮНҮМ ЖАКЫН ДЕП ОЙЛОЙМ”
– Жалгыз бой аял болгон соң, анын үстүнө элге таанылып калгандан кийин турмушка чык деген сунуштар өтө эле көп болот экен. Экинчи аял болууну сурагандары канча. Андайды элестете да албайм. Турмушка чыкканда балалуу болосуң. Анан Жаңы жыл күнү ал адам өз үй-бүлөсү менен болсо, экинчи жубайына эртеси келет да. Мындайда бала эле кыйналып калат эмеспи. Анын үстүнө бирөөнүн көз жашынан бактыңды кура албайсың демекмин. Турмуш деген оюнчук эмес. “Жети өлчөп, бир кес” деген бар да. Көп жылдардан бери өлчөп эле келатам, бирок таптакыр кесе албай койдум. Турмушка чыгар күнүм жакын калды окшойт деп ойлоп калам. Жакшысы, аны болгондон кийин “мен баланчага турмушка чыктым” деп айтайын.

“АЯБАЙ ЫЙЛААК ЖАНМЫН”
– Кичинемден эле аябай ыйлаак жанмын. Ата-энемдин ажырашуусуна, өзүмдүн үй-бүлөмдүн бузулганына, театрда мен ойногон каармандардын тагдырына кайгырып ыйлап эле келем. Бирок керектүү жерде кайраттуу болуу колумдан келет.
Сулуулукту, жаштыкты сактап калуум керек деп жанымды карч урбайм. Кудайдын берген сулуулугуна, талантына тобо деп эле келем.
Жан дүйнөмө азыкты Тоорат, Инжил китептеринен алам. Бул китептерди кайталап окуудан эч тажабайм. Анан да бош боло калганда бала кезимден калган дагы бир шыгым – кийим токуу. Өз жакындарымдан тышкары кээде сурангандарга токуп берип коймоюм да бар. Бизнесим, материалдык жактан ашыкча каражатым жок. Кара тер менен тапкан маянама эле жашап келе жатам.

Чолпон Сүйүнбаева
lira@super.kg


Менин дүйнөм - Шайыр Касымалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(75)
02.11.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыр аяктын сыры кетсе да,сыны кетпейт эмеспи Шайыр дагы эле жап-жаш,сулуу бойдонсун,аялдык бакыт жолугаар сага да!
SUPER.KG видео
02.11.2011. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayabai soonun eje da, men ejenin emgegin ayabay baalaim, jaratkan obrazdary ayabay realduu jana professianalduu, bul ejedei aktrisalar kop bolso anda bizde kino ayabay onugot ele, iygilik sizge.
03.11.2011. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul videonu kochurgongo bolboubu computerge?
03.11.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan sonun ayldardy aitypsys eje rahmat!!! Computerime kochurup alayn desem bolbou jatpaiby!
03.11.2011. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanday talanttuu,suluusuz birok siz bilseniz adam oz baktysyn islam dan gana tabat!kuran kitebin okunuz andan kiyin siz baktynyzdy tabasyz!Allah bizge kancha azaptardy berip bizdi syndait,jana bul diuno synoo jashoosu,chynygy bakytty tigil duinodon gana tababyz.musulman bol,anan baktyngdy sezesin.injil okup ech kim bakyt taba albas!siz turmushtun kyiynchylygyna chydadynyz j-a munun akybetin kuran m-n kosho tabasyz demekchimin!Allah jurogubuzgo yiman,jashoobuzga bakyt beregor!!!
03.11.2011. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр эже сиздин турмуштан ордунузду таап бактылуу болушунузга тилектешпиз.Мусулман кызы болгондон кийин Куранды да окуп короорсуз. Инжилден, Тоораттан ала албаган руханий азыкты Курани-Каримден табасыз.
SUPER.KG видео
03.11.2011. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayabay kyrgyzchany tereen maanide, tushunuktuu jana shar oruscha aralashtyrsa da jakshy suylonu tangaltty. Shayirkul ejeden bizdin yrchylar suylogondu, oz oyun bildirgendi, intervyu bergen boyuncha sabak alyshtary kerek eken!!!
03.11.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге
03.11.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо келтирип, мусулман болунуз! Инжил, Тооратты эмес, Куранды окунуз!
04.11.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisi kitepti okusa anin ozunun iwi tigini bunu dep aitkanga ech kimdin tiewesi jok.Eje siler chindap ele ichinen da sirtinan da suluu adamsinar daima iygilik kowtop jursun.
SUPER.KG видео
04.11.2011. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shajyr eje men sizdi abdan syilajm,tatyktuu ejesiz
emgeginizdi baalajbyz,ijgilik sizge!!!!!!!!!
04.11.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр эже сизге ийгилик, сиз эн мыкты актрисасыз, бул жашоодо бактылуу болунуз дайыма чыдамкай болунуз.
04.11.2011. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоорат, Забур, Инжил китептерин окуганыныз абдан жакты, дагы окуй бериниз. Алардагы жан дуйнонун кенчин омур бою окуган адам да казып буткон эмес.
SUPER.KG видео
04.11.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр эжеке аябай соонун майек куруптурсуздар рахмат !!!
05.11.2011. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайырбу эже сиздин талантыныз баа жеткис. Мен сизди искуство адамы катары ото баалайм. Талантыныз зор экендигинде шек жок. Сизди суйуп журчум. Бирок кыргыздарга жармашкан Манкуртизм оорусу сизге да жуккандыгына ото капаландым. Сизге болгон урмат сыйым бир топ томондоп кетти.Албетте кайсы динди тутунуу ар кимдин оз укугу денизчи ... ошондой болсо да... кийин окунуп калбасаныз экен. Сиздин окунучтуу , кейиштуу абалга кабыл болушунузду такыр каалабайм.Деги аман болунузчу. Сизди сыйлап бир куйорм
05.11.2011. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайыр, сиз атаңыз жөнүндө бир-аз көбүрөөк айтсаңыз. Атаңыздын аты Таштанбекпи? Мен кичинекей кезде "Ак куу көлү" аттуу оюду коюшуп биздин айылга келгенде көргөм. Атүгүл оюндан кийин биздин үйгө келип конок болуп кетишкен. Абдан талантуу адам эле.
Сага кааларым, бактылуу бол. зор эмгегиңдин үзурун көр.
06.11.2011. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адам кайсы динди карманат кандай китеп окуйт аны озу тандайт жашоо ага бир эле жолу берилип ошол жашоосу учун акыретте оз башы учун озу жооп берет аны силер талкуулабай эле талантын талкуулагыла ал анын жеке жашоосу эч кимдин укугу жок бироонун жашоосуна мурдун тыканго
06.11.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээде адашкан бир кадам бутундой омурго таасирин тийгизерин билсек кана...Балким 1-турмушу жакшы болсо,Шайыр эже чыныгы бактылуу болор беле же чыгармачылыгы аксайт беле?
06.11.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра-кайра зериккенде окуган китептеринизди озгортсонуз болмок эже мусулмандардын оз динин сатып башка динге откону жан кейитет да байкашымча сиз да капр динине отуп кеткен окшойсуз озубуздун куран китептерди окусаныз тушунуп мантынын эн сонунун жегендей болосуз!
07.11.2011. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге экенин билбейм, бирок менде бул эжеке негативдуу гана сезимдерди жаратты. Эл козуно токтоо болсо да карапайым турмушта абдан эле кырс дама экени туюлуп турат. Анын устуно иничеги жонундо айтып, эмнегедир келини жонундо эч нерсе айтпаптыр
SUPER.KG видео
10.11.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиз кыргыз элинин корунуктуу эл адамысыз. Ден соолукта болунуз бар болунуз, аман болунуз.
11.11.2011. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кураанды окусаныз тоорат,инжил, забурдагыларды ошол жактан таба аласыз!!!
SUPER.KG видео
19.02.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр эженин билими аябай жогорку денгээлде экени,Москвадан билим алганы,суйлогон созунон эле байкалып турат.аябай культурная и этичная.думаю мен Шайыр эже менен жолугушуп маек курсам бир жума эмес бир ай суйлошсок да бири-бирибизден тажабасак керек себеби:суйлоо речибиз,ойлорубуз бири-бирибиздикине окшош экен...Шайыр эже бар болунуз,иштеринизге ийгиликтерди каалайм,биз сиз менен сыймыктанабыз!..
nurik_aida@mail.ru
SUPER.KG видео
12.06.2012. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай адам болду озу динин чанып башка динге откон. динин саткандан кийин башка соз айталбайм.
SUPER.KG видео
12.06.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай адам болду озу динин чанып башка динге откон. динин саткандан кийин башка соз айталбайм.
SUPER.KG видео
14.12.2012. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торат м.н Инжилди окугандан коро Куранды окусаныз,каап... Алар отгон доордун китептери. Куран акыркы ж.а туура жолго угутточу китеп.
SUPER.KG видео
12.03.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Torat jana injil okugandygy andan murun KURAN okumak tursun KURAN betin achpagandygyn dalildeit-sebebi KURANDAGY akyikatty korgondon kiin injil m.n torattagy burmaloolorgo,aldanbait ele.Beishti tozokko eeeeen' baktysyz adamdar almashtyrat!
SUPER.KG видео
24.04.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка динге киргениниз сизди элден алыстатканы, сабырдуулук керек дептирсиз, бирок башка динге ошо сабыры тугонгондор кобунчо кирип кетет. Эмне учун 5-чи мектепте окуганынызды 1 да суйлом менен айтпаптырсыз. А негизи мен сизди сыйлайм.
SUPER.KG видео
07.09.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр Касымалиеванын кызы менен Динара Акулованын Маликасы бир тууган го деп ойлой экоонун тен атасы Абдымалик Шерматов да
SUPER.KG видео
12.02.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен корком берген маегинизден, куранды окубайсызбы жузунуздон нур чыгып турмак, суук корунуп калыптырсыз аураныз жок.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо