МУАММАР КАДДАФИ ТОКМОКТУН УУСУНАН ӨЛДҮБҮ?

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Ливияны 42 жыл башкарган лидерди көтөрүлүшчүлөр уруп-тепкилеп, сүйрөп жүрүп өлтүргөнүн телеканалдар көрсөтүштү. Расмий бийлик мүчөлөрү “Каддафи атышуу учурунда октон каза тапты” деп билдирүү жасады.

20-октябрда Ливиянын лидери болуп турган Муаммар Каддафи туулуп-өскөн Сирт шаары Улуттук өткөөл кеңешинин аскерлери тарабынан курчоого алынып, эки тараптуу кагылышуу башталган. Унаалар жараксыз абалга келгендиктен, шаарда жашынган Каддафи жана бир топ бийлик мүчөлөрү жөө качууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу ошол убакта аны менен бирге болгон мурунку Ички коопсуздук кызматынын башчысы Мансур Доу колго түшкөн соң айтып берди. “Каддафи акыркы күндөрү абдан тынчсызданганына карабастан, аскер адамы катары токтоолукту көрсөттү”,- дейт ал.
Каддафинин өлүмү тууралуу Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши Сирт үчүн согушуу учурунда кагылышуу ортосунда калып, октон каза тапканын билдиришкен. Дагы бир вариантка ылайык, жөө качып бара жатып эки бутунан жарадар болуп, бункерде жашынып жаткан жеринен көтөрүлүшчүлөр тарабынан кармалып, ур-токмоктон каза тапкан. Экинчи версия боюнча, Сирттен качып кетип жаткан 30-70ге жакын унаа кербенине НАТОнун аскерлери ок ачышкан. Жарадар болгон Каддафи андан ары учурдагы бийликтин аскерлеринин чабуулуна кабылып, өзүнүн жанында болгон эки алтын мылтыктын бирөөсүнөн, 20 жаштагы көтөрүлүшчүнүн колунан жан берген. Бирок азыркы убакытка чейин Каддафи кантип каза тапканы тууралуу так маалымат жок.
Анын чындыгында эле көз жумгандыгынын далили катары Улуттук өткөөл кеңеши Каддафинин сөөгүн Мисурат шаарындагы дүкөндөрдүн бириндеги муздаткычка салып, каалоочулар келип көрүп кетүүсүнө уруксат берген. Ошондой эле уулу Мутасимдин сөөгү да ошол жерге көрсөтмөгө коюлган. Мусулман дининде бир күндүн ичинде сөөк жерге берилиш керек. Бирок өкмөт кайсы жерге көмүү боюнча келишимге келе албагандыктан, сөөк 20-24-октябрь күндөрү дүкөндө турган. Каддафинин туугандары анын сөөгүн берүүнү суранышып Бириккен Улуттар Уюмуна чейин кайрылышкан. Бирок жаңы бийлик дароо берилбесин айтып, ошол эле учурда эч ким билбеген жерге көмүлөрүн да билдирген. “Каддафинин мүрзөсү аны колдоочулардын сыйынуу жерине айланбашы үчүн көрүлгөн чара”,- дейт Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин премьер-министри Махмуд Жибрил. Ошол эле учурда 24-октябрда дүкөндөн белгисиз тарапка жөнөтүлгөн Каддафинин сөөгү какыраган чөлгө көмүлөрү гана билдирилди. Экс-лидерди колдогондор терең ыйга батып отурушса, көтөрүлүшчүлөр Каддафинин өлгөнүн угуп, колдоруна желек жана мылтык алып көчөгө жеңишти майрамдап чыгышкан.
Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин алдында жаңы башкаруу бийлигин түзүп, өлкөнүн Баш мыйзамын жаңыдан жазып, өлкөдөгү алгачкы жолу боло турган эркин шайлоого даярдануу иштери турат.
Эске салсак, Ливияда жарандык согуш 2011-жылдын февраль айында башталып, Каддафинин өлүмү менен аяктады.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
31.10.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагы келгенде ал Улуттун Баатыры болуп калат...көрөсүңөр го...
31.10.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар адам эмес айбандар экен,мыкаачылар.
31.10.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакие да ушинтип колго тушуп калса олгон ал аттырган октон олгон балдардын туугандары аны мындан да жаман кылышмак
31.10.2011. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында улуттун баатыры экен!Ушундай президентти баалай албаган,Батыштын акчасына сатылган Ливиялыктарга наалат!Мекени учун,туулган жери учун олгон Каддафиге данк!
31.10.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам жаалданган абалга барса эмне кылып жатканын билбей калат тура. Ушундай киши олтурууго катышкан адам тынч жашай албасына кепилдик кылса болоттур.
01.11.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадаффинин кусуру урат аларды. Кийим менен тамак-аш бекер болсо аларга эмне жетпеди. андагы баардык нефть эми американын карамагына отот. коробуз анан алардын жыргап жашаганын. адамдардын ушунчалык жетелеме экендигине тан каласында....
01.11.2011. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак эл экен Каддафи улуттун айколу эле. Эми "Элита" эмес "эшектин" жашоосуна тушушот
02.11.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э менде соз деле жок буларга . Кымыр иш , кырк кундо билинет! Каддафи !
03.11.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каддафи баатыр. Мен аны ушундай баалайм. Оз убагы келгенде эли тушунуп окунушот .
03.11.2011. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdar emne bolup baratat ai!!!kudaidan korkpoi kalywkan.emnegedir musulmandar ele olup baratat...(((
05.11.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАДДАФИ эн мыкты башкаруучу ЛИВИЯ эли эми КАДДАФИНИН кадырын билишет америкадан оздорунун нефтисин акчага сатып алышканда
05.11.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАДДАФИ эн мыкты башкаруучу ЛИВИЯ эли эми КАДДАФИНИН кадырын билишет америкадан оздорунун нефтисин акчага сатып алышканда
06.11.2011. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бензин сомго 75тыйын,свет акысыз,жаны уйлонгон жубайларга 64мин дол подарок,мед услуга акысыз!интересно дагы кандай башкаруучу керек аларга?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо