Бир бүркүм... 28-30-ОКТЯБРДА КАР ЖААЙТ...

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

  • Вице-премьер Ибрагим Жунусов эмдиги жылдан тарта студенттердин стипендиясын 100 пайызга жогорулатуу тапшырмасын тиешелүү министрликтерге тапшырды. Эгерде ал 2012-жылдын бюджетине киргизилип калса, 58 миллион сом керектелет.
  • Өзбекстан бир жарым жыл мурун жабылган Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Дустлик-авто” өткөрүү пунктун ачты. Ал 26-октябрдан тарта жазында эртең менен саат 8ден кечки 8ге чейин, кышында 6га дейре иштейт.
  • “Кыргызстан 46 өлкөгө визасыз режим киргизет”,- деди Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев.
  • 22-октябрда 23:00 чамасында коюн издеп чыккан Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Суроо-Таш айылынын тургуну Сайитислам Кучкаровго карата өзбек чек арачылары Кыргыз-Өзбек чек арасына жакын жерде ок чыгарышкан. Ал операциядан кийин ооруканада дарыланууда.
  • Шайлоо учурунда күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе, ИИМ 860 кызматкерин 2 сааттын ичинде учак, 10 сааттын ичинде автоунаа менен тиешелүү аймакка жеткире алат.
  • Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, Ысык-Көл облусунун «смотрящийи» делген 41 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Жеңиш Токтобаев кармалды.
  • “Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делип 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалды”,- дейт Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев.
  • Метеорологиялык борбордун маалыматына ылайык, 28-30-октябрь аралыгында күн кескин суук болуп, өрөөндүү райондордо карга айланган жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы күндүз 1-6 градуска чейин төмөндөйт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
31.10.2011. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо