№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
Спикер менен президент 5-канал үчүн тирешип отуруп, 21-октябрь күнү парламенттик каналды түзүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Роза Отунбаеванын айтымында, Жогорку Кеңеш бул каналга басым көрсөтүп, аны өз көзөмөлүнө алууну каалайт. Сөз эркиндигин кысуунун жаңы үлгүсү 5-каналдын тегерегиндеги окуялар болорун жашырган эмес.
ЖКнын төрагасы болсо 5-каналдын жетекчилигин алмаштыруу аркылуу иш баштаарын билдирген. “Максим Бакиевдин убагында иштеп келгендер азыр дагы буюртма менен иштейт”,- деди ал. Коомчулукта “Келдибеков 5-каналды ээлегиси келет” дегендер да бар. Бирок 5-канал кимдир бирөөнүн кожоюндугуна эмес, ЖКнын көзөмөлүнө өтүп жаткандыгы эске алынбай жатат сыңары. Келдибеков ээрден шыпырылган күндө деле 5-канал парламенттик бойдон кала берет эмеспи. Парламенттик республикага айланган Кыргызстанда ЖКнын ишмердигин чагылдыруучу телеканалдын болгону акылга сыярлык көрүнүш.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |