№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл
“Бишкек шаарынын жылуулук электр станциясында Казакстандан сатылып алынган 80 миң тонна радиактивдүү көмүр жатат. Арзан алынгандыгы үчүн кайтарып берүү да мүмкүн эмес”,- деди депутат Райкан Төлөгөнов. Жылуулук электр станциясынын башкармалыгына Ахматбек Келдибеков тарабынан телефон чалып, Кыргызстанга мындай көмүрдү алып келүүнү спикердин жардамчысы көзөмөлдөгөнүн да билдирди. “Ата Мекен” фракциясы Келдибековдун жардамчысынын тиешеси бар же жогун аныктоону Башкы прокуратурага тапшырды. Айта кетсек, көмүр “Кулан ТБ” компаниясынан өзүбүздүн көмүрдүн 1 тоннасы 55 доллар болуп жатканда ал 23 доллардан сатылып алынган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |