БШК «ЖАНСЫЗДАРДЫН» ФАБРИКАСЫНА АЙЛАНДЫБЫ?

№469 28-октябрь - 3-ноябрь, 2011-жыл

Былтыркы жылы шайлоого карата 2 миллион 850 миңдей кишиге бюллетень чыгарылса, бир жылдан кийин добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллиондон ашып кетиптир. Айырмачылыгы 150 миңден ашуун кишини түзүүдө. Булар кайдан пайда болушту?
Эки-үч ай мурун Борбордук шайлоо комиссиясы 2 миллион 852 миң 751 шайлоочу бар экендигин айткан эле. Бирок президенттик шайлоо жакындаганда катталгандардын саны 3 миллион 34 миң 75 адамга жеткени белгилүү болду. Эки-үч ай аралыгында эле добуш берүүчүлөрдүн саны 150 миңге көбөйгөнү жазуучу Николай Гоголдун “Өлүк жандарына” окшоп жатат.
Ал эми бюллетендин узундугу былтыркынын тең жарымын түзөрү айтылууда. 29 партия катышкан парламенттик шайлоодо анын бою 70 сантиметр болгон. Бул сапар 23 талапкердин аты жазылган бюллетень 34 сантиметр экенин адистер билдиришет. Бюллетенге аты жазылып калганына карабастан, артты карай тайсалдагандар дале чыгууда. 27-октябрда БШК Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов жана Жумабек Токтогазиевдин талапкерлиги алынып салынгандыгын кабарлады. Ошентип, ажолукка ат салышкандардын саны 16 талапкер менен токтоду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(3)
31.10.2011. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болгон партиялардын окулдору бар...(член комисси)эмнени карап отурушту иштеп, талаш-тартыш кылып андай болсо айтып жарыя кылышпайбы ар кандай дооматтарды башында эле...туштон кийин муштум туйгондун, быкы-чыкы создун кереги деле жок го...
02.11.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок президенттик шайлоо жакындаганда катталгандардын
саны "3 миллион 34 миң 75 адамга
" жеткени белгилүү болду.
Шайлоого катышкандан катышпаганы(тизмеде жок болуп)көп болду!Анан ким уверенно айта алат шайлоо таза өттү деп!
03.11.2011. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досум шайлоого барса анын атынан башка адам добуш берип коюптур. Ал болсо россияда жургон адамдын ордуна добуш бериптир. Шайлоо таза болбой калды . Таза отушунон умут узуп койсок деле болчуудай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо