Динара Жусаева: «МЕН ЖАКТЫРГАН АДАМ КАЗА БОЛУП КАЛГАН»

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Бир кезде “Энекем” деген ырды гитара менен ырдап чыккан назик үндүү Динара эже көпчүлүктүн эсинде. Ошол эжекебиз көп көрүнбөй кеткенинен издеп барып, маек курдук.

БЫЖЫНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨН ДИНАРА ЖУСАЕВА
Туулган жылы – 1969-жылдын 17-декабры.
Зодиак белгиси – Жаачы.
Бою – 151 сантиметр.
Салмагы – 48 килограмм.
Жактырган гүлү – Роза.
Жактырган тамагы – Быжы менен йогурт.
Жактырган дарагы – Балаты.
Жактырган жаныбары – Жылкы.
Жактырган киноактёру – Жонни Депп.
Баалаган ырчысы – Майкл Жексон.
Баалаган композитору – Микаэл Таривердиев.
Баалаган акыны – Акбар Рыскулов.
Жумуштан тышкары – Чакан бизнеси бар.
Учурда “Түнкү белес” жана Кыргыз радиолорунун баяндамачысы.

“ЭҢ СОНУН КЫШ НАРЫНДА”
– Мен Нарын жергесинде соодагерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам менен апам дүкөндө сатуучу болуп иштешчү. Ошол себептен бала чагым бардар турмушта өттү. Тогуз бир туугандын жетинчисимин. Менден улуу да, кичүү да бир туугандарым болгондуктан, абдан шаңдуу болчубуз. Анан да баарыбыз биздин үй-бүлөнүн мыйзамы менен жалаң “5” деген баага окучубуз. Күндөрдү бөлүштүрүп алар элек. Бир күнү адабият күнү болуп, баарыбыз отуруп алып китеп окусак, экинчи күндү орус тил күнү деп, бири-бирибиз менен орусча сүйлөшчүбүз.
Нарындын кышы эң сонун кыш эмеспи. Өзөндөгү суунун бети кышында тоңуп, көк жылгаяк муз болуп калат. Ал жакка барып муз тебебиз. Анан да кыздар менен чогулуп алып күнү-түнү велосипед тебер элек. Айтор, балалыгым кызыктуу өттү.

“ДИСКОТЕКАЛАП ЖҮРГӨН СТУДЕНТТИК КҮНДӨР”
– Мектепте окуган кезде эле ырдаганды, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырчумун. Ошол себептен 8-классты аяктаганда борборго келип, филармониядагы эстрадалык студиянын гитара классында окуп калдым. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун гитара бөлүмүндө билимимди уланттым. Студенттик күндөрүм эң сонун өттү. Бардык студенттердей эле ачка, ток күндөр болгон. Ошентсе да ал кез кыйкырып ырдаган шаңдуу курсташтар, дискотекалар менен эсимде калды. Студент кезде Майкл Жексондун күйөрманы элем. Анын пластинкаларын чогултуп алып укчумун.

“ЖҮРӨГҮМ ЫРЧЫЛЫКТЫ КААЛАБАГАН КҮНҮ САХНАНЫ ТАШТАДЫМ”
– Бала кезимден эле ырчылыкка жакын болдум. Райондук, облустук деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин Искусство институтунда окуп жүргөндө ал жерде баары эле таланттуулар ырдашат да. Ошолорго кошулуп жүрүп Бакыт Айтболсуновдун “Энекем” деген ырын жаздырып, ырдап чыккам. Бул ыр биздин жатакананын гимни болуп калган эле. Мен ырды чегине жеткире жакшы ырдаганымдан элге сиңди деп айта албайм. Менимче, элден өзгөчөлөнүп гитара менен ырдап чыккандыгым үчүн эл башкача, жакшы кабыл алды окшойт.
Менин он-он бештин тегерегинде эле ырым болду. Сахнага деле ырчы болуу үчүн чыккан эмесмин. Ырчылык мен үчүн хобби катары гана кала берди. Ырдаганды жүрөгүм каалабай калган күнү сахнаны таштап кеткем. Акыркы ырымды 2002-жылы жаздыргам. Анын үстүнө апамдан тартып бир туугандарымдын баары намаз окуган дин жолундагы адамдар. Ырдоо мусулманчылыкта күнөө катары саналгандыктан, баары тыюу салышты. Азыр буга эч өкүнбөйм. Ырдоо мен үчүн эмес. Анын үстүнө ашып-ташкан деле бийик үндүү таланттуу ырчы болгон эмесмин. Азыр керек болсо үйдө да кыңылдап ырдагым келбейт.

“РАДИОГО КӨП ЖЫЛДАРЫМДЫ АРНАДЫМ”
– Институтту аяктаарым менен эле Маданият министрлигинде эки жыл иштедим. Ошол эле учурда Кыргыз радиосуна келип, азыноолак берүүлөрдү даярдап жүрчүмүн. Кийинчерээк биротоло баш-отум менен радиого киришип кеттим. Бир аз убакыттан кийин “ХХI кылым” радиосу түзүлүп, жетекчилик мени радиого башкы продюсер кылып дайындады. Ошол күндөн тартып менин жашоом “ХХI кылым” радиосу болуп калды. Радионун угармандарын көбөйтүш керек, радионун берүүлөрүн кызыктуу чыгарыш керек деген маселелер менин мойнумда эле. Жумуштан тамактанып, жумушта түнөп калган күндөрүм көп болчу.
Баса, ошол кезде түз эфирде иштей баштаган элек, элден ар кандай сын-пикирлерди укчумун. Бири “шашып сүйлөйсүң” десе, бири “сенин үнүң таптакыр жагымсыз, ичке, анан да чыйылдап чыгат” дейт. Менимче, үн деген табияттан. Кулагы чоңдор кулагын кесип сала алабагандай эле, мен дагы үнүмдү өзгөртүп сала албайм да. Менимче, кеп үндө деле эмес. Айтайын деген оюң болсо, ал элге шыбырасаң да жетет. Жашоомдо мен көп эле катуу-катуу сүйлөгөн, катуу-катуу баскан адамдарды көрдүм. Бирок алардын бири да эсимде калган жок. "Көңдөй челек катуу калдырайт" деген сөз чын окшойт. Менин үнүм сүйлөгөндө назик болгону менен, ачуум келсе, балакеттей эле катуу чыгат (күлүп).
Ошентип, “ХХI кылым” радиосунда 10 жыл башкы продюсер болуп иштедим. Бир топ эле жакшы иштерди жасадым деп ойлойм. Албетте, угармандарыбыз көп болчу, бирок түбөлүктүү эч нерсе жок да. Бардык нерсенин башталышы менен бүтүшү болот. Акыры реформалардан улам "ХХI кылым" радиосунун ордуна "Түнкү белес" радиосу ачылып, учурда иштеп жатат.

“АТЫР МЕНЕН КАПЧЫК КОЛЛЕКЦИЯЛАЙМ”
– Мүнөзүм ар кандай. Өтө ишенчээкмин, анан да мени жакшы тааныгандар өтө жөнөкөйсүң деп айтышат. Көп нерсеге көтөрүмдүүмүн, бул сапат мага апамдан өтсө керек. Апам өтө сабырдуу, көтөрүмдүү, акылдуу жан.
Үй тиричилиги менен алектенгенди жакшы көрөм. Көркөм, сулуу, кооз нерселерден рахат алам. Хоббим – дизайн. Негизинен, үйдү жасалгалаганды жактырам. Атыр менен капчык коллекциялайм, андан тышкары кооз идиштерди да чогулта бермейим бар. Конокко барганга караганда конок тосуу менин жан дүйнөмө жакын. Ошондой эле автомобиль – менин стихиям. Эркек болгонумда автожарышчы болсом керек эле. Машина айдоодо тездикти, ылдамдыкты жактыргандыктан, Нарынга эки жарым, үч саатта эле кирип барам. Муну билген досторум мени “Шумахер местного значения” деп коюшат. Мага атымдан эмес, Шумахер деп кайрылгандар да бар.
Кичинекей, арык болсом эле мени көптөр ак кол деп ойлошот экен. Ашканада менин колумдан даам сызгандар мактап эле келишет. Андан тышкары эркектердин жумушун жакшы жасай алам. Мисалы, тез эле короону иретке келтирип, бактарды кыркып, отун жарып, мык кагып, дегеле бардык сырткы жумуштарды аткаруу колумдан келет. Кир болуп чачылып жаткан иретсиз нерселер ачуумду келтирип жиберет. Эң жаман көргөнүм ошол.

”ТУРМУШ КУРУУГА АЗЫР ДЕЛЕ КЕЧ ЭМЕС”
– Турмушка чыга элекмин. Мындан үч-төрт жыл мурун мен жактырган адам каза болуп калды. Убакыт билинбей өтө берет экен. Маңдайыма жазган болсо, үй-бүлө күтөрмүн, болбосо, арга жок.

”ЖАШОО, ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ”
– Менимче, бул жашоонун максаты тиги дүйнөгө даярдануу болсо керек. Мени өлүмдөн кийинки жашоо коркутат. Аркы дүйнөдө бизди эмне күтөт, анын баары азыркы иш-аркетибизге, жүрүм-турумубузга байланыштуу. Ошондуктан бул жашоодогу эң башкы нерсе – ыйман деп айтар элем. Ал дагы өзүбүздүн колубузда.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Менин дүйнөм - Динара Жусаева: "Мен жактырган адам каза болуп калган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(56)
08.11.2011. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai tunuk akyl,tatyna juzunuz m-n albette baktyluu bolosuz!"Kozduu monchok jerde kalbait" emespi.
08.11.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашарып кетиптир, стильный кийинип дагы.
08.11.2011. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бала кезим ушул ыр менен өткөн.Эже аябай жагат. Ийгилик сизге.
08.11.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже, Сизге баардык жакшылыктарды каалайм!
08.11.2011. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара мен сени суйом!Сенин унун сонун
08.11.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
42де экен бирок жапжаш корунот.бактылуу болунуз!
08.11.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апеей, ботом! Бүлөң жокпу дагы эле? Бала деле багып алсаң болмок экен, эми кудайым бактыңды берсин.
13.11.2011. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet, зачем так осуждать, у нее своя голова на плече, сделает так как она сама захочет, значит еще не встретила достойного себе мужчину, встретила но он к сожалению ушел из жизни, буюрса встретит и будет у нее дети!!!!
08.11.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо Динара эжеке дагынделе жылдызду суйукту и татынакайсыз бактылуу болун бар болун ардайым
09.11.2011. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динара эже Кадыраалы Артыков менен жашаганынызды унутунузбу после этого кадыраалы байкем уй булоосу менен ажырашып кеткен Айгерим менен Исхактын коз жашынан коркбогонсузбу. кийин Кадыраалы байкем катуу ооруп уйундо айылда журуп калды азыр аялы жок эми жашасаныз болот себеби бишкекте жалгыз жашайт.Улуттук университетде иштейт
13.11.2011. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, не мне судить конечно, но зачем так открыто все объявлять. надо было ей в личку написать..
13.11.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888, мы конечно не знаем что творится у нее на душе, но она же говорит что вся ее семья религиозные... так что, она на такие грехи неспособна.
09.11.2011. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adel. Менин билгениме караганда, 1992-жылы ноябрь-декабрь айларында концерт коюп Казарман айылына барышат. 90-жылдарга мүнөздүү бир тың жигит жактырып калып ала качып кеткен. 2-3 ай жашап бири-бирине махабат артып калган кезде апасы келип чоң окуу жайга окутмакмын деп 1992-жылы 28 февраль күнү алып кетип калат. Маанайы жок, ал жигит ошол түнү чыккан чырдан улам каза тапкан.
11.11.2011. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adel., анын аялдар менен болгонун коргон 4кубон болбосо антип айтып куноо кылып не кыласын ,эркектер менен эле жашап журуптурго
13.11.2011. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adel., ну а ты что с ними вместе была когда они встречались? ;))) может ты сама такая и тебя они отшили ;))))
12.11.2024. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adel. (уландысы) Кимдер менен ичкендиги белгисиз, түндө саат 11-12 чамасында мушташып жаткандар тууралуу милицияга кабар түшкөн. Коңшу айылдын менменсинген жигит менен мушташкан. Анын жанында досу болгон. Милициянын айтымында, ажалы жакындаган жигит, тиги коңшу айылдын тың чыкмасын басып алып сабап жаткан. Досу ажырата албай турган. Милициялар берки 2 жигит калтырып, сабап жаткан деген жигитти буту колун толгон машинага салып жатканда эсинен танат.Милисаканага алып барышып столго жаткызып коюшат
12.11.2024. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adel. (уландычы 2)Милисалар сайганы, же тиги 2 эргуул сайганы белгисиз болуп, милисалар кийлигишип ажыратып жаткан учурда аркасынан бычак сайылып жүрөгүнө кирип кеткен. 2 жигит бүгүнкү күнгө чейин сайбаганын айтып карганып келишет экен. 2 милийса ошол инциденттен көп узабай которулуп кетишкен. Бирөөнүн тагдыры менен тамашалашкым келбейт, бирок, ошол турмушунан баласы бар деген такталбаса да, так маалымат бар деп билем
09.11.2011. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым сизге бакыт нурун чачсын! бактылуу болун
09.11.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже аялдык бакыт каалаймын сизге!
09.11.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul duynonun maksaty tigi duynogo dayardanuu degeni jakshy eken. Tigi duynodon korkkonu da en tuura. Dinden kabary bar pende eken. Azyrky jashoo 1-2 kunduk ubakyt. Chynygy jashoo aldyda.
09.11.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да ушул эженин уну Энекем деген ыры жагат, ушул ырды мен коп ырдайм, бактылуу болунуз!!!
09.11.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анча мынча орусча кошсо да аябай жагымдуу кооз суйлоптур тиги орусчаны чала билген айжамал кабыловаларга окшоп жасалмаланбай.чыныгы интелигенттуу билимдуу жана назик айым
09.11.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул маек болуп атканда фондо ырдап аткан ырын медиа порталга жуктоп койгулачы сураныч
10.11.2011. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сагындырып копко чыкпай кеттиниз эле 10 минут болсо да унунузду угуп эс алып калдым, сиздин унунуз менен чонойгон элек да Динара эже.Ишинизге ийгилдик, ден соолук, уй булолук бакыт каалайм!!!
SUPER.KG видео
11.11.2011. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolunuz.
11.11.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир сөз менен чыныгы аялзат!назиктиги,өзүн алып жүрүшү,аруу жан дүйнөсү!арбаңыз Динара эже,дүйнөдөгү эң жакшы нерселердин баарын каалайм!бактылуу болуңуз!
11.11.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara eje 21 kylym radiosunda ishtep jurgondo , men kipkichenekei kyz bolchumun, akem ekoobuz kundo radionun tubundo jatyp alyp ukchubuz.airykcha "chak tush " beruusun jaktyrchubuz. Oshondonbu azyr Dinara ejenin unun uksam balalygymdy, jaidyn ysyk kundorun , esteim. Ishterinizge iygilik Dinara eje. Rahmat 21 kylym radiosu uchun..... je ununiz uchun desembi :))).
12.11.2011. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер
SUPER.KG видео
16.11.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бала кезимде...мурун теледен беш алты киши чыгып алып эле суйлошо берчу,бир куну ушул эжени да коруп калдым куто бердим куто бердим качан ырдайт деп эч ырдабай койду,анан эсимден чыкбай калып калды эженин элеси...
SUPER.KG видео
26.11.2011. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men algach Dinara ejeni 21-kylym radiosunda ishtep jurgondo taanygam."
Dialog"degen Beruunu alyp baruuchu.Bul ejeni men abdan baalaiym.Unu abdan jagymduu.Suilogonunon Aial katary meer jana naziktik chygyp turat.Ishterinizge iygilik bolsun!Men ushul eje tuuraluu koop maalymat ukbai jurgom.Super Tv ge da rahmat!
SUPER.KG видео
04.12.2011. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кичинемде бул эженин ырларын коп укчу элем, бала чак эске тушту го.... чындап эле аябай жашарып калыптыр, озбек кыз бар го ырчы актриса севинч беле ошого аябай окшоп калыптыр го
SUPER.KG видео
17.06.2012. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Динара эже абдан жакты. Суйлогон создору орду орду менен, сулуу, жонокой, назик! Айтор, айымга татыктуу эн жакшы сапаттардын ээси экен. Кыргыз айымдарына улгу:) Айымдык бакытыныз ачылып, суйуктуу жар, мээримдуу эне болушунузга чын журоктон тилектешмин:-**^_^
SUPER.KG видео
17.06.2012. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiluu bolosuz dep men iwenem owondoi ele jakwi adamga joluguwunuzga men tilektewmin:)
SUPER.KG видео
16.09.2012. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы инсандардын тугойу да жакшы болушу керек мен ишенем сизгеда жакшы инсанды жазып койгондур Алла Таллабыз, туура айтасыз бул дуйнодо биз убактылуу эле жашайт экенбиз сыноо катарында,убакыт ото берет экен,бардык нерсени АЛЛАНЫН каалоосу менен болот экен!
SUPER.KG видео
16.12.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinara ejenin unu "el artistterinin" ununo karaganda kyila jakshy, ununuzgo taazim, super info ushul ejenin ketpeim saga jolukmaincha degen yryn koshup koigulachy, pliiiz
SUPER.KG видео
20.02.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх..., ырдабай калганыныз окундурот.
SUPER.KG видео
20.04.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 klassta at bashyga chon atamdardykyna okugany baryp kalganda uidun keregesinde daiyma bir eski radio ilinip turchu daiyma okkudan kirip kelgende 21kylym radiosu bolup atkanyn ukchum ayabai esime tushup ketti oshol kundor
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо