СВЕТТИ ҮНӨМДӨӨЧҮ ЛАМПОЧКАЛАР ООРУЛАРДЫ ЖАРАТАТ

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

БАШ СӨЗ ОРДУНА
3-ноябрда ЖКнын кезектеги отурумунда спикер Ахматбек Келдибеков: «Светти үнөмдөөчү лампочкаларды колдонуудан улам рак оорулары көбөйүп жатыптыр»,- деп коңгуроо какты. Мындай лампочкалардын зыяны эмнеде? Бул жаатында окумуштуулардын изилдөөлөрүнө кайрылалы.

БАШКЫ КҮНӨӨКӨРҮ СЫМАППЫ?
Энергияны үнөмдөөчү лампочкалар электр энергиясын кадимки лампочкаларга караганда 3-5 эсе үнөмдөйт. Ушуга карап дүйнөнүн көп эли, анын ичинде кыргызстандыктар да колдоно баштаган. Маалыматка караганда, эң заманбап түрлөрүнө да 5 миллиграммга чейинки буу түрүндөгү сымап колдонулат.
Сымап адам өмүрүнө коркунуч туудурган эң уулуу заттардын катарына кирет. Кадимки лампочкалар сыяктуу эле булар да ток көп келгенде ысып, жарылып кетет. Жарылганда айланага деңгээли тиешелүү өлчөмдөн 20 эсе ашыкча болгон сымаптын уулуу буусу тарайт. Бул болсо, окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, борбордук нерв системасын жана жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат. Ушундан улам талма оорусу барлардын оорусу кармап, баш оорулар (анын ичинде шакый) козголуп чыга келет. Бул жаатында Кыргызстандын Санэпидемкөзөмөл департаментинин директорунун орун басары Людмила Давыдова: “Мындай лампаларды чыгарууда ар бирине 5 миллиграммга чейин сымап колдонулат. Анын буусу уулуу. Нерв системасын жабыркатып, жүрөк-кан тамыр системасына терс таасир этет”,- деп айтып чыккан.

ЭКЗЕМА, ПСОРИАЗДЫ ЖАРАТАТ
Канада окумуштуулары “энергияны үнөмдөөчү лампочкалар ультрафиолет нурларын бөлүп чыгарат. Мындай нурлар теринин рак оорусун жана башка тери ооруларын жаратат” деп дүйнөгө жар салышууда. Булардын айтканын коштогон башка көптөгөн окумуштуулардын да “мындай нурлардын таасиринен улам экзема, псориаз, рак, бөрү жатыш дегендер келип чыгат. Ал эми кимде аталган оорулар бар болсо, алар күчөп, адамды азапка батырат” деп айткандары бар. Көз ооруларын күчөтүп, ашказан-ичеги, боор, бөйрөк ооруларын да чакырат делет.

ЭМЧЕКТИН ЖАНА УРУК ЧЫКТАГЫЧ БЕЗДИН РАГЫН ПАЙДА КЫЛАТ
Израилдин окумуштуулары “энергияны үнөмдөөчү лампочкалардан чыккан ультрафиолет нурлар адамдагы мелатонин гормонуна терс таасирин тийгизет. Тактап айтканда, анын тиешелүү өлчөмдө иштелип чыгышына жол бербейт. Ушундан улам билинбей аялдарда эмчектин шишигин, ал эми эркектерде урук чыктагыч бездин шишигин жаратат” дешет.

ТАШТАНДЫГА ЫРГЫТПАГЫЛА!
Таштандыга же жөн эле туш келди жерге ыргытылган лампочкалар сынып, андагы уулуу сымап абага тарайт. Ошол жер да, өсүмдүк-жаныбарлар да сымаптан жабыркайт. Демек, адам организмине гана эмес, экологияга да зыяндуу болгондуктан, керектен чыккан электрди үнөмдөөчү лампочкалар атайын жайларга гана өткөрүлүшү керек жана ал металл контейнерлерде сакталуусу кажет. А бизде кандай? Эл жарактан чыккан лампочканы жөн гана таштандыга ыргытып салат. Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримовдун “Кыргызстанда бүгүнкү күнү колдонулган энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды чогултуу жана утилизацияга (таштандыны колдонуу) чыгаруу механизми иштелип чыга элек” деген сөзү далил.
Демек, бул жаатта өкмөт атайын чара көрүүсү зарыл. Ал эми эл мындай лампочкаларды колдонордон мурун зыян жактарын эске алып, өз саламаттыгын ойлонсо жакшы болот эле демекчибиз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
14.11.2011. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып светти уномдоочу лампочканы сразу чечип салдык,эми прихожийде свет жок,эртен обычныйын алып тагалы....
16.11.2011. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында мен залдын люстрасына мындай лампочкалардан 4 ту тагып койгон элем залда озум коп олтурам акыркы убакта аябай каттуу башым ооручу болду тамографияга туштум айлам кетип, анальгин,цитрамон дегендер жардам да бербейт, анан акыры мигрень (шакый )деп диагноз коюшту...азыр да ооруйт,шакыйдын айыгышы кыйыныраак дарт экен,мен эми тушундум мен бул шакыйды кантип пайда болду экен деп журдум эле. Рахмат супер силерге! Баары тиги мендеги лампочкалардын кесепетинен турбайбы!
17.11.2011. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men emne kylam? Amerikada baardyk lampochkalar ushunday, daje menin svetil'nigim ushunday lampochkadan, men any almashtyra albaym. Magazinderde baardyk lampochkalar ushunday.
19.11.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana menda Amerikada jashaim,otkondo bir magazinde bolgom al jerde ozubuzdun lampochkalarda bar eken,izdesen bar,Dollar General degen shopeto
12.03.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне деген шумдуктар ээ бул кытайлар барып эмне кылар экен аа.
06.04.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм даа, билбеймин эмне кылыш керек чындыгында ушундай зыяндуу болсо Уйдогу Лампанын баарын алмаштырганга туура келет)))))
23.07.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Японияда жашайм. Биякта азыр энергияны экономдоо максатында LED лампочкаларын колдонгула деп сунуштоодо. Электр энергиясы да кымбат.:((((
22.10.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кап...
27.05.2013. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа мен болсо квартирант болуп бир квартиртирага кирсем ошондой лампочка экен,сразу эле чечип салып,обычный Ленин шамынан койдум.
04.01.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай лампочкалар уномдойт айтып коюнуздарчы? Мен билбейт экем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо