№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл
Кышкы бут кийим тандоо боюнча пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.
ЖАСАЛМА ТЕРИ МЕНЕН ТАЗА ТЕРИНИН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
Базарданбы же дүкөндөнбү, айтор, кышкы бут кийим сатып алууда колдон келсе териден тигилгенин тандаганыңыз туура. Жакшы иштетилген тери бут кийим ысык-суукка чыдамдуу келип, бутта жагымсыз жытты да пайда кылбайт. Бирок көп учурда жасалма териден тигилгендерин таза териден деп сата беришет. Көпчүлүк сатып алуучулар да алардын айырмасын билбегендиктен, ишенип, сатып алышат. Андыктан төмөнкү кеңештерди окуп, таза терини жасалма териден айырмалоону билип алуу оң.
КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ?
ҮСТҮҢКҮ БӨЛҮГҮ
Бут кийимдин үстүңкү бөлүгүнүн ички бети толугу менен мехтен болуусу абзел. Ошондой эле үстүңкү бөлүк таман бөлүккө кошо тигилгени (клейдин ордуна жип колдонулуусу) жакшы.
Бул бут кийимге жабышкан кар эригенде кошулган жерлердин ажырап кетүүсүнө жол бербейт. Ал эми клей менен чапталса, суу тийгенде клейи чыгып, бат эле жараксыз болуп калат.
Үстүңкү бөлүктүн материалынын сапаттуу экендигин билүү үчүн бут кийимдин баш жагын жана согончок тарабын манжаңыз менен басып көрүңүз. Эгер манжа менен басылган жердеги чуңкурча кайра калыбына келсе, демек, ал сапаттуу жасалган. Ал эми чуңкурча түзөлбөгөн бойдон калса, анда сапаты начар.
Кээде өзгөчө башы учтуу келген бут кийимдердин уч жагында мех жок болот. Мындайлар муздак тартып тургандыктан, аларды алуудан баш тартканыңыз туура.
ТАМАНЫ
Кыштын күнү көчөлөр күнүгө тазаланып турбагандыктан, кар менен музду эске алып, таман бөлүгү жылмакай эмес бут кийим тандоо зарыл. Мындан сырткары таманы канчалык калың болсо, жылуулук да ошончолук сакталат.
Сатып алып жаткан учурда таманын болушунча ийип көрүңүз. Жакшы иштетилген материалдан жасалган бут кийимдин таманы ийилчээк келет. Ийилчээк болсо, суукта анын тоңуп жана сынып калуу коркунучу жок. Эгер ийип жатканда көп күчтү талап кылса, андай тамандар суукта тоңуп, сынып калат.
ӨЛЧӨМҮН ТУУРА ТАНДОО – БУТ КИЙИМДИН ӨМҮРҮН УЗАРТАТ!
Бутубузга чак, туура келе турган өлчөмдү тандоо эң маанилүү. Себеби өлчөмү тар болгон бут кийимдин тигилиштери сөгүлүп, чоюлуп, тез айрылат. Мындан сырткары бутту кысып, ар кандай ооруларды пайда кылат.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Рахмат кеңешиңиздерге!!!
Баасы мынча деп кымбат сата берсе, жакшы экен деп ала берген деле болбойт. Мин сомдукту беш минге сатып жатышпайбы. Таанып билуу керек качествосун.