ФЛЕШКАда МААЛЫМАТ 10 жылга ЧЕЙИН САКТАЛАТ

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Флешканы бүгүнкү күндө ким билбейт? Жашообузга компьютердин кириши менен “флешка”, “интернет”, “антивирус” деген сөздөр биздин лексикондо кадимкидей эле жашап калды. Ошол флешканын тарыхына көз чаптырып, баары биле бербеген өзгөчөлүктөрүн байкап көрөлү.

САКАДАЙ БОЮ САРЫ АЛТЫН
Флешканын расмий аталышы – USB-флеш-топтогуч. Анын эң негизги кызматы – тийиштүү электрондук материалды (тексттик документ, ыр, кино, сүрөт, ар кандай программалар ж.б.) сактоо, ташуу, аларды алмаштырууда колдонуу. Флешкада материалды сактоодо флеш-эс тутум колдонулат. Анын өзгөчөлүгү – электр энергиясына көз каранды эместигинде, тактап айтсак, кокусунан компьютер өчүп калса да флешкадагы бардык документтер сакталып калат.
Сакадай бою сары алтын флешкага физикалык мүнөздөмө берсек, орточо салмагы 60 граммды түзүп, эсинин көлөмү 32 мегабайттан 256 гигабайтка чейин жетет. 256 гигабайттык USB-флешка компьютердин эс тутумуна барабар. Ага сапаты мыкты 4 гигабайттык 60 тасма батат.
Азыр адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк ишине жарай турган 2, 4 же 8 гигабайттык флешкаларды көп колдонушат. Андагы маалымат 5 жылга чейин, сапаты жакшыларда 10 жылга чейин сакталат. “Toshiba”, “Samsung”, “Sundisk”, “Kingstone Technology” жана “A-Date” компаниялары флешка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турушат.

ДҮЙНӨНҮ БАШКАРАМ ДЕСЕҢ, ФЛЕШКА АЛ!
Флеш-эс тутумду алгачкылардан болуп 1984-жылы “Toshiba” компаниясынын инженери Фудзио Масуоко жасап чыккан. “Флеш” деген аталышты Фудзионун кесиптеши Седзи Ариидзуми койгон. Себеби анын ичиндеги маалыматты өчүрүү, ага фотоаппараттын жарык берүүсүн (flash – англисчеден жарк этүү деп которулат) эстеткен. Алгачкы USB 1.0 үлгүлөрү (маалымат өткөрүү ылдамдыгы жайыраак) өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында пайда боло баштаган.
Учурда кеңири жайылган USB 2.0 үлгүсүндөгү (маалымат өткөрүү ылдамдыгы мурункуларына салыштырмалуу тезирээк) флешкалар 2000-жылы чыгарыла баштаган.
“XXI кылым – маалыматтын кылымы, ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген кеп бар. Бул жагынан алып караганда, азыр флешка – күнүмдүк турмушта өтө керектүү буюм. Ал өзүнүн ыңгайлуулугу, механикалык бышыктыгы, иштөө ылдамдыгы, чоң эс тутум көлөмү жана аз энергия сарпташы менен заманбап, санарип технологияларда кеңири колдонулуп келет.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Салмагы жеңил, моюнга илип же чөнтөккө салып алса болот.
Үнсүз иштейт.
Температуранын кескин алмашуусунан көз каранды эмес.
Дисктердей чийилип калбайт.

КЕМЧИЛИГИ
USB байланыштыргычтын иштөө ылдамдыгынан көз каранды.
Дисктерге салыштырмалуу электр разрядына жана радиацияга сезимтал келет.
Бузулар алдында маалыматты жазуу жана өчүрүү чектелип калат.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(19)
14.11.2011. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага дайыма жардам берген ушул флешка ким чыгарса да узун омур
14.11.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М м жакшы.
14.11.2011. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USB-накопитель арзан эле турат го 10 жыл жакшы срок деп ойлойм) лично мен 1 жылда 2 же 3 флешка жоготом))
15.11.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
16гб флешкам 2 жылдан бери кызмат кылат,чынынды керектуу жакшы буюм.
15.11.2011. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маалымаь экен. Бирок кичинекей вирус кирип алса, он жылда маалыматка жеп,тоюп, ачып карасан эле маалыматындын ордунда бир семиииззз вирус жатат де....
16.11.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek_posol,

ушундай вирустар бар секунда ичинде файлынды талкалап жок кыла турган
06.01.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek_posol, азаматсын
16.11.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түбөлүк эч нерсе жок, бирок, 5-10 жыл деп чектөө туура эмес. Эгерде сактоо шарттары так аткарылган болсо флешкада маалымат 100 жыл бою деле тура берет.
18.01.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lifeview, адашасын тууган.Срогу келгенде бузулат.Вечный буюмду чыгарбайт да.Ал бузулат,жанысын алат,дагы бузат дагы алат.Ошентип не болот?!!компаниянын товарлары узгултуксуз сатылат.
16.11.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер вирус кирген болсо флешканы чыгарганга чейин, ошондой эле кайра иштеткенден баштап гана аракет кыла алат. Ал эми өчүк турган абалда көп жыл турса да вирус эч кандай аракет аткара албайт.
16.11.2011. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жакшы маалымат экен. мен флешканын 10 жыл сакташын билген эмесмин.эмне андан кийин очуп калабы?
16.11.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oşonço maalymatty kiçinekey flaşke jatkyryp,any çöntökö salyp alasyn.sonun ee.
17.11.2011. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыы мактанып мактанып алгыла эми биринен бирин отуп
18.11.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалыматынарга чон рахмат!!!
07.12.2011. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek_posol сенде кулку сезими ото жакшы экен!
07.02.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
антивирус барбы туугандар
24.02.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да антивирус керек
23.03.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 жылдан кийин эмне болот. жакшы колдонсо копко эле иштейткоооооооо дейм
08.12.2012. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asat02,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Түбөлүк банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо