БИШКЕК, МЕН СЕНИ СҮЙӨМ!

№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл

Шоу дүйнөдө ырчылар уктап жаткандай. Ооба, мен атактуу дегени да быйыл ыр дүйнөсүнө өзгөчө жаңылык киргизген жок. Баштагыдай уу-дуу болуп айлап концерт койгон артисттердин саны азайды. Концертке жөнөп калчу көрөрмандар азыр кыргыз кинолорунун күйөрманына айланды десек болот. Быйылкы тартылган тасмалардын арасында «Бишкек, мен сени сүйөм!» аттуу фильм да бар.

Өлкөсү – Кыргызст
Жанры – Комедия, драма
Тасманын жаратуучулары – Руслан Акун, Александр Цай, Сауле Алымбекова, Степан Головаш, Эльдар Супатаев жана Чыңгыз Төрөбеков
Ролдордо – Марина Ким, Ляля Ли, Ален Офойо, Чыңгыз Төрөбеков, Александр Цай, Замирбек Сооронбаев, Ольга Жигулёва, Нурбек Савитахунов жана башкалар
Чыккан жылы – 2011
Тасманын узактыгы – 1саат 55 мүнөт

БАШ КАЛААНЫ БААЛАЙБЫЗ
Фильмде Бишкек шаарынын учурдагы кадимки көрүнүшү сүрөттөлөт. Тасма ичине 10 окуяны камтып, анда Бишкек шаарында жашаган түрдүү адамдардын тагдыры чагылдырылган. Сюжети жөнөкөй. Шаардык жаштар, түнкү клубдарда капчыктуу жигиттерди издеген сулуу кыздар, кымбат машиналуу мырзалар, тууган-тааныштарынын аброюна таянып иштеген жаштар, адамдардын үй-бүлөгө жана сүйүүгө болгон мамилеси, саясат, достук, эркектер менен айымдардын ой жүгүртүүдөгү айырмачылыгы... Анан, албетте, ушул окуяларга күбө болгон тасманын «башкы каарманы» – Бишкек шаары же Малышка Би. Окуялардын узактыгы 6 мүнөттөн 12 мүнөткө чейин. Кино жаратуучулардын негизги максаты – жаштардын аң-сезимин ойготуп, патриоттук духун күчөтүү, жашаган шаарынын баркын билүү, баалоо.

АЛТЫ АДАМДЫН ЭМГЕГИНЕН ЖАРАЛГАН
Фильмдин жаратуучулары катары Руслан Акун, Александр Цай, Сауле Алымбекова, Степан Головаш, Эльдар Супатаев жана Чыңгыз Төрөбековдорду атасак болот. Аталган ысымдар тасманын башынан аягына чейин активдүү катышып, бирөөсү режиссёр болсо, экинчиси продюсер, үчүнчүсү координатор болуп, тасманын жаралышына зор салымын кошушкан. Андыктан режиссёр, продюсер, оператор деп бөлүп отурбай эле, жалпы тартуу тобуна катышкан чыгармачыл адамдардын атын атоону туура көрүшкөн. Аталган адамдардын баары башталгыч режиссёрлор.

ИДЕЯСЫ
«Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» демекчи, алты адамдан алты башка ой жаралып, жогорудагы тасманы тартуу идеясы пайда болгон. Буга чейин кыргыз киносуна жаңылык киргизген жакшы кинону тартуу тилеги ар бир эле башталгыч режиссёрдо жашап келсе, эми алар чогулуп кыска метраждуу фильмдерди бириктирип, бир тасманы жарыкка алып келип отурушат.
Фильмдин «Париж, мен сени сүйөм!», «Москва, мен сени сүйөм!», «Нью-Йорк, мен сени сүйөм!» деген кинолордон айырмасы, сарпталган каражатта болушу мүмкүн. Чет өлкөлүктөр киносуна миллиондогон акча жумшап, ар бир окуяны өзүнчө режиссёр тартса, бизде бирин-экин демөөрчүлөрдүн жардамы менен жогоруда аты аталган алтоо ишке ашырышкан.

АКТЁРДУК КУРАМДА 100ДӨЙ АДАМ...
Жалпысынан тасмага 100дөн ашуун адам тартылса, алардын 50сү эле башкы ролдогу каармандар. Сценарийин жазып жатканда эле ролго ылайыктуу тааныш-билиштерин караштырып коюшкан. Мындан сырткары интернеттеги социалдык тармактагы достор аркылуу да издешкен. Кээ бир эпизоддоруна атайын гонорар төлөп Орус драма театрынын актёрлорун алышса, көпчүлүк актёрлор акысыз тартылып беришкен. Ал эми фильмдеги сулуу кыздардын көпчүлүгү моделдер.

КОЛДООЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ
Фильм 2011-жылдын май айында тартылып баштап, ушул эле жылдын сентябрь айында бүткөн. Тасманын ортосуна келгенде каражат түгөнүп калып, режиссёрлор демөөрчүлөрдүн колдоосуна муктаж болушканын жашырышпады.
Тасманын режиссёрлорунун бири Руслан Акун: «Президенттик шайлоонун алдында эки-үч саясатчы «тасманы шайлоонун алдында көрсөтөлү» деп кайрылып, чоң суммадагы акча сунушташты. Бирок баарыбыз жакшы көргөн шаарыбызга багышталып тартылган тасманын атын булгагыбыз келген жок. Жардам бергендер көп эле болду. Бири машинасын берип турса, экинчиси үйүн берип жатышты»,- дейт.

САУНДТРЕГИ УЧУРДА ПОПУЛЯРДУУ
Тасманын ичинде он чакты саундтрек бар. Алардын арасынан жаштар арасында популярдуу болуп жаткан “Oakland city” тобунун аткаруусундагы “Малышка Би” аттуу чыгарманы азыр ар бир уюлдук телефондон угууга болот. Ырдын кайырмасына атайын Нурбек Савитахуновду чакырышкан. Нурбек өзү музыкант. Жакында эле Англиядан келип тасмага тартылып калган. Ал эми тасмага жакшы маанай тартуулоочу музыканы жаш композитор Садан Баялиев аттуу жигит жазган.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


Тасма таржымалы - Бишкек, мен сени сүйөм!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
13.11.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 режисер биригип тартса жакшы эле болгон болуш керек. Көргөндөн кийин айтпасам, азыр эч нерсе айта албайм. Дисктерге чыгат экенби өзү?
SUPER.KG видео
13.11.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagi korgum kelip atat,emi ka4an internet sayttarina 4igat boldu eken???
SUPER.KG видео
14.11.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ramilya,
знаю что не у всех бишкекских такое наплевательское отношение к небишовским... А насчет фильма, очень рады что даже взялись за такую инициативу. Видно что фильм в любом случае(если даже будут мелкие недостатки) внёс свой вклад нашу кино-индустрию, хотя бы взять обзор съёмок..

ЗАЧЁТ!!)))
14.11.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхххххх көрүш керек экен
14.11.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетке койгулааа соссуз коргум келтат Кыргызстанда емесмин AGAT Эже коююююн ))
14.11.2011. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдин баары таза эле жамандап жатышат го... Бирине бири бут тосмой адатка айланып калганбы?
15.11.2011. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Париж я люблю тебя деген кинону корсонор тушуносунор кандай кино экенин. Мааниси жок тупизм
15.11.2011. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ыр, клиптер калып кинону да копирования кылып калышыптыр да((( эххххх городской шум шум шум шум шум эле дей берет экен жаккан жок!!!
SUPER.KG видео
15.11.2011. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodsy !!!
SUPER.KG видео
15.11.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы тартылыптыр кино!Азаматсынар!! Келечекте силерден кыйын режиссерлор чыгат деген ойдомун!!! мага жакты!!!
SUPER.KG видео
15.11.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргум келааааатат аявай!
SUPER.KG видео
15.11.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тасма кандай болуп тартылбасын-бул биздин суйуктуу шаарыбыз жонундо болгондуктан-мен (жеке) колдойм, канча деген биз байкабай жургон кооз жерлерди камтыганы козду суйунтот....созсуз барып кором буйруса
репортаж-мммм ун жаккан жок-интонациясы озгочо....кызыктуу яркий кинону-элестетип репортажды коргон сон конул тушуп калгандай(((( ИМХО.....Ийгилик баарына.
15.11.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кинолору акыркы убакта осо баштады,сапаттуу тартыла баштады алгалай бергиле Кыргызым!
SUPER.KG видео
15.11.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
internetke kowsonor jakwy bolot ele ozgo4o 4et olkodogy kyrgyzdarga syrany4.
15.11.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге албан-албан ийгилйк каалайым,келечекте "Оскар"ала турган тасмаларды тартышынарга чын журоктон тилектешмин!!!
16.11.2011. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne ele jamandagandan bashynar chykpait, en sonun ele yr go! you tubedan 4 minutun korup ele korgongo shashyp atam! Iygilik dagy koop uwundai kinolor tartyla bersin!
SUPER.KG видео
16.11.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super Кошосунарбы иннетке жооп берип койсонор кичине жок же ооба деп !
16.11.2011. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы батырак дискке чыгаргылачы кандай болду екен озум кыргызстанда емесмин.
SUPER.KG видео
16.11.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким кинопрокат бутокондон кийин чыгаар интернетке,а так коруп коюш керек, кантсе да биздин шаар жонундо да. мага эмнегедир
Бишкектеги жашоо "гламурно" тартылып коюлгандай сезилип жатат, кантесе да жашоо башка да, бирок коро элекмин, бул менин жеке оюм, балким таптакыр башкачадыр.
SUPER.KG видео
17.11.2011. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
когда фильм будет?
17.11.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олкосун-толук жазып койсонор болмок-уят го...
17.11.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн Соонун Жаштардын Киносу!!!
SUPER.KG видео
18.11.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгерки Фрунзе шаарына жетпейт!!! Ата-энебиз айтып калышат,жомоктогудай.Тап таза,женил унаалар аз,адамдар,траллейбус автобустарга гана тушушуп,театр,кино,дегендерге киришип.Иштеген ишин бар,курсагын ток,тамактар тыйын,элдердин камын мамлекет корчу экен.Жумуштан кийин келип ойлонбойт эртен эмне кылам эмне болот деп.Мына ошо жонундо тартыш керек болчу кинону.
18.11.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каачаааааааааааааааааааааан кором бул кинону
18.11.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кааачан Ошко келет
19.11.2011. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо буйруса бул тасманы созсуз кором! абдан жакшы тартылган бирок! Алга Бишкек!
SUPER.KG видео
19.11.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фильм помотреть охота,когда в интернет выложат?так то фильм думаю классный,раз про Бишкек=))
20.11.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Бишкекти суйом, качан корот болдум экен, чыдамсыздык менен кутом
13.12.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кыргызстанды суйом коруш керек экен кызык кино окшойт.
SUPER.KG видео
17.05.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек жонундо башка кино тартса болмок дейсинер, айтыш оной. Бул башка олколорду туураган эмес. Кыргыздардын кандай кооз Бишкек шаары бар экендигини чанылдырган. Жаштардын патриотттук сезимин кучотуш учун. Мактанып коет дейсинер чындыкты айтып атат да. Кыргызстанда очкон киноиндустрияны онуктургонго аракетенищкен да. Тасма жошоодогу чындыктарды:мисал келтирсек тааныш туугандар аркылуу ийгиликке жетишкени. Соз аркылуу эле кыйын болосунарда
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо