-
“2011-жылдын ноябрь айынан тарта Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан “Токмок автожолу” пункту эми 24 саат бою иштейт”,- деп УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.
-
Алтындын баасы 6 ай
ичинде рекорддук баага жетти. Учурда анын бир унциясы (1 унция = 28 граммдын тегереги) 1774 долларды
түзүүдө же анын 1
граммы 2815 сом
турат.
-
Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек алды. Бирок КРнын Башкы прокуратурасында бул тууралуу маалымат жок.
-
2011-жылдын 15-октябрынан 31-декабрына дейре темир жол аркылуу кант кызылчасын “Кайыңды-Кант” заводуна жеткирүүнүн төлөмү 20 пайызга төмөндөтүлдү. Мындай мыйзамга Өмүрбек Бабанов кол койду.
-
“Сауд Арабияда ажылык сапар учурунда дагы бир кыргызстандык каза таап, ошол жакта сөөгү жерге берилди. Ал 64 жаштагы Базар-Коргон районунун жашоочусу эле. Ажылык сапарга кеткендердин биринчи бөлүгү 11-ноябрда кайтып келишет”,- дейт муфтий Чубак ажы Жалилов.
-
2005-жылдан 2010-жылга чейин өлкөдө авто- унаалардын саны 71 пайызга өскөн.
-
“Центерра Голд” компаниясы вице-президенттик орунга 18 талапкердин ичинен 3 талапкерди (Кылычбек Шакиров, Турат Усубалиев жана Тенгиз Бөлтүрүковду) тандап алды. Алар Торонтодо өтүүчү дагы бир сынактан өтүшөт.
-
Быйылкы жылдын январь айынан сентябрга чейин Орусиядан өлкөбүзгө 1,12 миллиард доллар акча которулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 37 пайызга көбүрөөк.
-
“Казакстандын Кыргызстандан ташылуучу этке киргизген тыюу салуусу жакын арада жокко чыгарылбайт”,- дейт Мал жана ветеринария департаментинин башчысы Самат Алиев.
-
Электр жарыгын таркатуучу компанияларга анын кардарлары 1 миллиард 178 миллион сом
карыз.
-
Марат Эшперов президенттин жарлыгы менен Аскердик прокурор болуп дайындалды.
-
11.11.11 деген датада Бишкек шаарында 50 жуп үйлөнөт. Эске салсак, 2007-жылы 7-июлда (07.07.07) Бишкектин Бакыт үйүнөн 65 түгөй үйлөнүү тууралуу күбөлүк алышкан. Бул борбор калаадагы эң көп жуп үйлөнгөн күн болуп катталган.
-
БШКга шайлоо учурундагы кемчиликтерге нааразы болгон 127 адам арыз жазды. Анын 67си өзүн тизмеден таба албагандар.
-
Кыргызстанда 30-октябрда президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 215 миллион 600 миң сом сарпталды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
-
Ош шаарында 20-ноябрда жаштарга арналган “JashtarCamp-2011” форуму өткөрүлөт. Анын негизинде жаштар жакшы идеяларын ишке ашырууга акчалай гранттарды ала алышат.
-
“Манас” эпосунун кол жазмалары 10 жылдын тегерегинде жоголуп кетиши мүмкүн”,- деп билдирет Кыргызпатент.
-
Ахматбек Келдибеков Украинанын Киев шаарынын көчөлөрүнүн бирине Ч.Айтматовдун атын берүүнү Украина парламентинин төрагасы Владимир Литвинге сунуштады.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg