№471 11-17-ноябрь, 2011-жыл
Ош шаарынын мэриясы Ички иштер министрлигине көз карандысыз, өзүнчө муниципалдык милицияны түзүп чыгууну пландаштырууда. Ал шаар башчысы Мелис Мырзакматовго баш ийет. Мындай идея мэрдин өзүнө таандык.
Анын айтымында, муниципалдык милициянын курамында участкалык жана жаш балдардын инспекторлору менен спецназ да болот. Былтыркы жылдын июнь окуясынан бери эл арасында кадыр-баркы жогорулаган Мырзакматовдун бул аракети, өзү айткандай, жергиликтүү башкаруунун үлгүсү болобу же борбордук бийликке баш ийбей өзүм билемдик, өтүгүмдү төргө илемдик катары бааланабы, азырынча жооп боло элек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |