КУУРЧАК ТЕАТРЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры Казакстанда болуп өткөн Куурчак театрларынын “Ортеке” 2-эл аралык фестивалына катышып, баш байгени канжыгага байлап келди. Бул ийгилиги тууралуу театрдын директору Темирлан Сманбеков менен баарлаштык.

– Бул фестивалга кайсы спектакль менен барып келдиңиздер?
– Казактар тарабынан чакыруу түшкөн экен, Маданият министрлиги бизге кабарлап, даярдана баштадык. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы “Найман эне” жомогун “Томого” деген аталыш менен алып чыктык.
– Эмне үчүн “Томого”?
– Чыгармадагы маңкурт айласыздан энесин өлтүрүүгө барып жатса, азыркы замандын маңкурттары эс-акылы менен эле өлтүрүп коюп жатышат. Акылы менен мыкаачылыкка баруу бүркүттүн томогосуна окшош да. Кийгизип койсо, караңгыда көрбөй калат, бирок акылы ордунда. Философияга жык толгон, тарбиялык мааниси чоң спектакль.
– Башкасын коюп, кепти жеңиш­тин таттуу мүнөттөрү туу­ра­сында улантсак...
– Биз спектаклди койгондон кийин залдагы көрөрмандар ордунан туруп кол чабышты. Калыстар тобу болсо «бул спектаклди бүт дүйнө көрүүгө тийиш» дешти. Ошентсе да казактар баш байгени бергиси келген жок. Калыстардын 6 сааттык талкуусунан кийин бир добуштан баш байгени бизге ыйгарышты. Фестивалга 7 мамлекет катышкан, алардын бири да орунга илинген жок. Бизден кийинки калган 6 байгенин баарын казактар өздөрү алышты.
– Баш байгенин суммасы канча болду?
– 400 миң теңге, башкача айтканда, 2500 доллар.
– Фестивалга барууга канча каражат сарпталды?
– Баш-аягы 150 миң сом кетти. Аны биз фестиваль тууралуу кабар алган күндөн тартып гастролдоп жүрүп өзүбүз чогулттук.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
21.11.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар ! Кыргызстан ийгиликтин жолуна тушуп бараткандай ! Ийгилик сиздерге !
21.11.2011. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кабарларды уксам эле конулум которулуп , озумчо башкалар жараткан ийгилик учун сыймыктанып калам. Куурчак театрынын артистери сыйлыгынар кут болсун ! Сыйлык алып бизди кубандырганынар учун чоон рахмат силерге !
22.11.2011. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda kancha jyldan beri jashap bir da jolu kuurchak teatryna bargan emesmin, birok suiundum sizder uchun bizde da ushundai kuchtuu kuurchak teatry bar ekendigine. Iiigilik!
23.11.2011. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Likvidator sizdin kommentariyiniz abdan jakty,a kuurchak teatryna iygilik!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо