КАЛЬЯН

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

Бүгүнкү күндө көпчүлүк кафе, бар, түнкү клубдар кальяндын ордосу болуп калды. Алгач мода катары чегишсе, учурда аны адатка айланткандар да жок эмес. Ал эми кальян тартуунун өмүрдү кыскартып, өлүмгө эрте жетелей турган зыяндуу жагы бар экендигин билгендер аз.

МҮНӨЗДӨМӨ
Кальян бул – тамеки чегүү үчүн колдонулуучу аспап. Негизги кызматы – тамекиден чыккан түтүндү суу аркылуу чыпкалоо. Кадимки тамекини чегүүдө андан чыккан түтүн өпкөгө түз барат. Ал эми кальян болсо, түтүндү суу аркылуу чыпкалап (мында түтүндөгү уулуу заттардын кайсы бир өлчөмү калып калат), ага кошумча сууга кошулган шарап даам берип, анан өпкөгө өткөрөт.

ТАМЕКИСИ
Кальян тамекиси курамына жараша бөлүнөт.

  • Томбак. Муну алгач сууга салып нымдап алышат да, анан катуу сыгып, кальян идишине салышат. Курамынын 30 пайызын тамеки жалбырагы, 50 пайызын канттын ордун алмаштыргыч зат (патока) жана калганын жемиштердин кошулмалары түзөт.
  • Массил же тобамел. Курамынын 70 пайызга чейинкисин бал, канттын ордун алмаштыргыч зат, жемиштер жана нымдуулук берип туруу үчүн кошулган глицерин түзөт. Калган 30 пайызы тамеки жалбырагынан турат.

Негизи, кальян тамекиси шире чыккандай сууланып жана тамеки жалбырактары бири-бирине былжырап жабышып турат. Сыртынан караганда кыямга окшош. Ал эми кургап калган кальян тамекиси өзүнүн сапатын жоготуп, таасир бере албай калат. Даярдалган тамеки фольгага оролуп салынат.

45 МҮНӨТ КАЛЬЯН ЧЕГҮҮ 1 КУТУ ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ МЕНЕН БАРАБАР
Кальян чегүү чыңалган нервди жазып, рахат тартуулаганы менен, ден соолукка өтө зыяндуу. Алсак, изилдөөчүлөрдүн айтымында, 1 саат кальян чеккен адам тамеки тартканга караганда түтүндү 100-200 эсе ашыкча жутат. Себеби бир даана тамекини чеккенде адам 13-15 жолу гана сорот. Кальянда никотиндин өлчөмү аз болсо да, ис менен өпкөнү ууландырат. Себеби адамдар кальян чегип рахат алуу үчүн көп убакыт отурушат.
Кальянга бир порция үчүн 10 грамм кальян тамекиси салынат. Ал эми кадимки 1 даана тамекинин салмагы 0,94-0,96 граммды түзөт. Канадалык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы 45 мүнөттүк кальян чегүү учурунда адам организми бир куту тамекиден чыккан иске уулануу менен барабар боло тургандыгын көрсөткөн. Тамеки организмге кандай зыян алып келсе, кальян да ошондой зыян алып келет. Башкача айтканда, рактын пайда болушуна, жүрөк-кан тамыр жана башка ар кандай ооруларга жол ачат.
Кальянды көбүнчө достор, тааныштар чогулуп алып чегишет. Бул өтө кооптуу. Себеби бир түтүкчөдөн баары кезектешип чегишет. Бул ар кандай инфекциялардын жугушуна алып келет. Мындан сырткары алкоголь ичимдиктерин кошо ичүү да кооптуу.
Кээ бир эс алуу жайларында кардарларды кальян чегүүгө көндүрүү үчүн кальян тамекисинин курамына маң заттарын кошушат. Билинбей отуруп мындай адамдар келечекте баңгиге айланып калышы толук мүмкүн.
Маң заттары үчүн кальяндар
Маң заттары болуп саналган гашиш жана марихуана үчүн жасалган кальяндар да бар. Бул түрү адаттагы түрлөрүнө салыштырмалуу бир аз узунураак жана чөйчөкчөсү өтө кичине болот.

КАЧАН, КАЙДА ПАЙДА БОЛГОН?
Кальян 17-кылымдарда Индияда пайда болгон жана мусулман өлкөлөрүнө өтө тездик менен жайылган. Ал эми кальян чегүү Европага 21-кылымда жетип, чыгыш экзотикасынын өзгөчөлүгү катары модага айланган.
Илгери кальянды жез, латунь өңдүү металлдардан жасашса, азыркы усталар алардын ордун болот менен алмаштырышты. Анткени болот дат баспайт жана тазалаганга да жеңил. Ал эми түтүн соруучу түтүкчөлөрү мурда териден болсо, учурда силикон материалдан жасалууда.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


Кальянды эл эмне деп билет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
22.11.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ии, кальян чеккен мага да жагат, сонун да! Бирок коп чекпейм, анда-санда эле.
22.11.2011. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jagat, klubnichnyy
22.11.2011. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кальян канча чексен деле сигареттей эмес же мага эле ушундайбы мага жакпайт
SUPER.KG видео
30.11.2011. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi ujas, eldin baary ele kolyan chegip kalishty Bishkekte, men bilgenden taanishtarimdin baary ele chegishet, osobenno baldar, kafege baryp kalishsa ele kolyan deshet, ushunu korup toktotushsa eken.
SUPER.KG видео
01.12.2011. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahmat super... ywyndailardu kop korsotsonor soonun bolmok da...
SUPER.KG видео
01.12.2011. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз айтабыз депутаттарды кыргызча орусча арлаштырып суйлошот деп бул жерде деле жарымы кыргызча жарымы орусча болуп атпайбы ушундайдан баштабасак каяктан онолот Кыргызстан !!!
SUPER.KG видео
01.12.2011. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала болуп башыма жүн чыкканы кальян чегип көргөн эмесмин. Бул сюжетти көргөндөн кийин, чегип көрүү жөнүндө ойлонуудан да баш тарттым....
SUPER.KG видео
01.12.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсени обу жоктор эле колдонот деп ойлойм,ар бир адам көргөнүн кылат жаман нерсе бачым мода болот мисалы тамеки ж.б.у.с.
SUPER.KG видео
02.12.2011. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат ушундай корсотуунор учун!
SUPER.KG видео
02.12.2011. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kashmar, myna saga! Emi munu korgondon kiin baldar jana airykcha kyzdar tameki jana kalian chekkenden bash tartyshat dep oiloim. Baikush piiavkaga boorum oorup ketti, aiabai kyinaldy okshoit. Super ushundai nerselerdi koburook korgozsonor jakshy bolot ele jashtarga, mooda dep korgon ukkanyn oilonboi kylgan.
SUPER.KG видео
03.12.2011. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chekkenderge jakshi kenesh.Eger kal'yandan bash tarta albay jatsanar,koburook jashayin desener telefonunarga juktop alip kayra-kayra korgulo!
SUPER.KG видео
06.12.2011. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кальян бул бул ммах
SUPER.KG видео
28.12.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о Кудай...мен көрүп алып,шок болдум,эми чекпейм....
10.01.2012. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жагат кальян,арбузный
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо