КҮКҮК ШАХРА

№472 18-24-ноябрь, 2011-жыл

Мээрим Керимбектин бактылуу күндөрүнөн

Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Драма
Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров
Сценарийин жазган – Эрнест Абдыжапаров
Оператору – Санжар Абдыжапаров
Башкы ролдордо – Зарема Асаналиева, Николай Пименев, Евгений Таранов, Эльвира Плотникова, Чыңгыз Мырзаев, Элина Абай кызы,
Тасманын узактыгы – 1 саат 25 мүнөт
Бет ачары – 17-ноябрь, 2011-жыл

ЖОМОКТОГУ ШАХРЕЗАДА – ЖАШООДОГУ МЭЭРИМ
Алексей адаттагыдай эле чоң атасы Степан менен суу жээгине балык уулаганы чыккан. Күндөгүдөй торго балык түшпөгөнүн айтып, экөө кобурашып отурганда көпүрөдөн жаш кыз сууга боюн таштайт. Степан шаша небересин ал кызды куткарууга жиберет. Алексей менен Степан кызды үйүнө алып келип, айылдын мээрман айымы Фросяны чакырышат. Эс-учун жоготкон кыз өзүнө келип, бирок өткөнүн эстей албай, куткаруучуларын “мен киммин? Бул жакта эмне кылып жүрөм?” деген суроолору менен таң калтырбаспы. Өзү жөнүндө эч бир маалымат билбеген, өз атын да унутуп калган сырдуу кызды чоң ата менен небере жомоктогу Шахрезадага окшоштуруп Шахра деп атап алышат.
Арадан күндөр өтөт. Шахра Алексей менен достошуп, бара-бара аларга көнүп, уй саап, сүт тапшырып, үй жумуштарын жасаганды үйрөнөт. Өткөнүн эстесин деген максатта Степан небереси Алексейге Шахраны кошуп шаарга жиберген эле. Шахра акырындан башынан өткөргөн оор тагдырын эстей баштайт.
Көрсө, анын аты Мээрим экен. Ал айылдагы оорукчан апасы каза болгондон кийин шаарга жигитин издеп келет. Шаарда таанышы жок, көчөдө калган Шахра жолдо келатып Зуура деген селсаяк айым менен таанышып, анын жер кепесинде түнөмөй болот. Ошол күнү Зууранын үйүнө эски тааныштары келип калып, алардын бири Мээримди зордуктап салат... Ушул каргашадан соң кор болгон кыз бардар үй-бүлөгө бала багуучу болуп жумушка орношкон болчу. Ал үй-бүлө аркылуу жигитинин үйлөнүү тоюна капысынан туш болот. Көрсө, атайын издеп келген жигити Керимбекти (Чынгыз Мырзаев) Мээримди капчыгы калың байдын кызы Айгеримге (Элина Абай кызы) алмаштырып ийиптир. Демек, Мээримдин өз жанын кыйып сууга секиргенине жогорудагы окуялар түздөн-түз себеп болгон.
Тасма соңунда Степан абышка каза болор алдында мээрман айым Фросяга сүйүүсүн билдирет. Алексейге Шахраны айылына жөнөтүп жиберүүсүн айтып табыштайт.

ӨТКӨНҮБҮЗДҮ УНУТПАЙЛЫ...
Тасманын идеясы Орусияда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарынын айтып берген тагдырларынын негизинде пайда болгон. Сценарий боюнча, фильм Орусияда тартылмак, бирок режиссёр Орусиядагы элчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнө карабастан, натыйжа чыккан эмес. Каражат жагынан кыйналган режиссёр каармандарды жана окуяларды ошол эле бойдон калтырып, тарта турган жерди гана Кыргызстанга которгон.
Фильм тууралуу тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров мындайча ой бөлүшөт:
– Кинону көрүп бүткөндөн кийин биз, кыргыздар, кыргызчылыгыбызды, орустар орусчулугун жоготуп баратышканын байкадым. Батыш тамырыбызды кыркып, бизди такыр башка нукка буруп баратыптыр. Ыймандуулукту туу туткан баалуулуктарыбызды акчага алмаштырып калыппыз. Тасманын тарбиялык мааниси – өткөндү, кайдан келип, кайдан пайда болгонубузду унутпайлы деген ойду көрөрмандарга жеткирүү. Өткөнүбүздү билсек гана мамлекетибизди, тилибизди, дилибизди сактай алабыз. Фильмдин дагы бир өзгөчөлүгү – анын драматургиясында. Адам көрүп жатып, аягы эмне менен бүтөрүн билбейт. Каарман улам эстеп жатып, фильмдин соңунда гана окуя кандай болгонун түшүнөт.
Ал эми тасмада Шахраны таштап кеткен Керимбектин ролундагы Чыңгыз Мырзаев мындай дейт: "Тартуучу топту жалаң жаштар түзгөндүктөн, тартуу аябай күлкү-каткырык менен коштолуп, шаңдуу жүрдүк.Тасманын арты менен Соң-Көлдү көрүп келдим. Өзүмдүн ролумду өтө эле негативдүү образ дегенден алысмын. Мага ишеним артып, ушундай ролду сунуштагандарына сүйүнүп эле тартылдым".

АТАЙЫН ЗАРЕМАГА АРНАЛЫП ЖАЗЫЛГАН
Эрнест Абдыжапаров сценарийди жазып жатканда эле башкы каармандын ролуна Зареманы ылайыктап койгон. Анткени бул кызда жакшы талант бар экенин билчү. Бир нече тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарган Заремага бир чоң роль берсем деген режиссёрдун ою орундалып, жыйынтыгына канааттанып отурат. Ал эми боорукер абышка Степандын ролундагы Евгений Таранов менен Фросяны аткарган актриса Эльвира Плотникова – “Гвоздика” хорунун мүчөлөрү. Алардын кино тармагында эч кандай тажрыйбасы жок болсо да, образдарын мыкты ачып бере алышкан. Алексейдин ролундагы Николай Пименев – Орус драма театрынын актёру.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР...
Фильм июнь айында башталып, август айында тартылып бүткөн. Тартуу учурунда атайын сатып алган мотоцикл бузулуп, аны кайра оңдошуп убара тартышкан. Ал жарабай калганда ижарага башка мотоцикл алып, анысы да бузулуп калат. Аргасыздан тааныштар аркылуу мотоцикл табышкан. Бирок ал да бузулуп, ээси келсе иштеп, кетип калса кайра бузулуп жүдөткөн. Анан кечке келип-кете бербей деп ээси фильм тартылып бүткөнгө чейин тартуучу топ менен чогуу жүргөн. Дагы бир жагдай, режиссёрдун ден соолугу начарлап, андай учурларда жардамчысы Майрамга ишенип, кээ бир эпизоддорду ал өзү жалгыз тарткан.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


Тасма таржымалы - Күкүк Шахра

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(40)
SUPER.KG видео
18.11.2011. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay jakshy kino okshoit korgum kelipt ketti.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тартылган фильм экен. Оор турмуш, сүйүү, аянычтуу тагдыр, баары бар. Көрсөңөр арманда калбайсыңар.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dollar,мисалы биз кыргызстанда эмеспиз.бул жака койсо бармакпыз,ошон учун интернет аркылуу корсок жакшы болмок.уурунун махабатын да дисктери жок экен аны да коргубуз келет.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун фильм,ийгилик баарына.
SUPER.KG видео
19.11.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filmdin szenaryi en kiziktuu, BIROK bajagy ele akterlor, oshonu menen kizyksiz, odni i te je liza degendei ...anan aktrisa maktanat go men uchun tartylgan film dep...suilogonu nachar ele eken....
SUPER.KG видео
20.11.2011. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ernest Abdyjaparov jakwy rejisser ekeni talashsyz, birok bul agaiybyzdyn kemchiligi:, murdagy kinolordogu akterlordu kaira ele tarta bergeni,deerlik bardyk kinolorunda owol ele juzdor,ushul jagyn da eske alyp bashka talanttuu akter,aktrisalar m-n da ishteshse bolmok,Asema,Elina,Zaremalardyn ordun janyrtyp,al emi ekinchi plandagylar:K.Sarybaev,Momunbaeva,Sakiw,j.b.u.s,..
SUPER.KG видео
20.11.2011. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaki!Men sizge koshulam!Birok uchonun arasynan Asema mykty oinoit! Chynynda ele oshondoi.Menin bilishimche Asema bolgonu 2kinogo tartyldy Abdyjaparovdun.Ito 2-sin arandan sorgo emi korsotot okshoit. A Elina kalp ele Abdyjaparovgo je anyn balasyna ozunun vygodasy uchun jylmaiyp koiso,alar bashka umut mn bolgoncho reklama kylyshyp,bolbogon ele roldorgo kypchyp tartyshat je Elinasynan bir paida kelsechi!Siler terenireek oilonup,Asemany koshpoi ele koigula.Bul oiundan davno chygip ketkeni korunot,a
SUPER.KG видео
20.11.2011. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne uchun al da jakinda bilinet!!! A Zarema dumaiu chem to asemaga okshoshkon uchun tartyp atyshat.Antkeni ot Eliny nikakoi polzy!
SUPER.KG видео
20.11.2011. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону коруш керек экен!
SUPER.KG видео
20.11.2011. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун экен
SUPER.KG видео
21.11.2011. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
E.Abdyjaparovgo taazim, talanty choq jana Zarema suluu aktrisabyzga iygilik, oidodogu dostorgo koshulam bizde koptogon talanttu artistteribiz bar osholordu da tartsa.. jakshy film bouptur 100%
21.11.2011. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты, чыдамсыздык менен кутупатам. Качан болот экен?
21.11.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты, эми Сыртта жургондор кантип, качан коробуз. Азыр сонун кыргызча кинолор тартылып атат ошолорду коргонго зарбыз. Дискке чыгарышпайт ко ээ
21.11.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен чын эле Чынгыз Эрмекке окшоп башкага уйлонуп алган экен десе :)
21.11.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ошентип ойлогом
SUPER.KG видео
21.11.2011. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино абдан жакшы, психологиялык мелодрама экен
....
22.11.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз уйлонгон окшойт деп аябай кайгырып алыпмын да.(((( я его очень сильно люблю
22.11.2011. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кинолору аябай коп чыгып жатат,жана сапаттуу да тартылууда,ээххх....чет жактагылар качан корот экенбиз.
24.11.2011. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan,байкеси саламатсынар!мен да ушул ойдомун. а эмне Бишкекте ПИРАТтар жокбу?
22.11.2011. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга ! Жакшы кинолорду чыгара бериниздер ! Руханий жан дуйнобузго чоон салым болот !
22.11.2011. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начните снимать фильфы с отличным концом,чтоб увидев,можно было к чему-либо стремиться.Не осуждаю и не советую,но мне кажется Элина симпотична без косметики.
22.11.2011. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Кыргыздар суйунушубуз керек ушундай мыкты ойчул алысты коро билген режиссерубуз бар экенине. Сиздер айтып жатасыздар азыр тасмалар абдан коп тартылып жана сапатту деп мына ушунун баары ушул адамдын эмгеги. Ушул адамдын мастер-классынан чыккан балдар. Мен абдан окуном сиздин колунуздан сабак албай калганыма. Урматым менен .Фархат Бердибеков
23.11.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyn ele cyrta jurgondor kantip korobuz kinolordu conun kinolor chygup atat
24.11.2011. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Элинасыз кыргыз киносу тартылбай калды го, атандын гана кору
SUPER.KG видео
24.11.2011. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актриса жашоомдо болгондор дейтго,зордуктап кеткенби екен я?
25.11.2011. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен.И другим тоже советую.Шахра апасын эстеген жерде,мен да токтоналбай ыйлап жибердим...
25.11.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshko ka4an kelet?
25.11.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оруссияда жашаган биздин жарандар жонундо тартылса жакшы болмок эле бирок финансы жагынан кыйынчылыктар болуптур да аны тушунобуз.Оруссиядагы жарандар жонундо айтсак кыз келиндерибиз абийирин жана ыйманын сактап журсо дейм башка улуттун жарандары менен колтукташып кафеге андан ары мейманканага барып калганы тушунуктуу баарынарга.Башка улут дегеним бул негизинен тажик азербайджан жана озбек да бар булар эмне экзотика сезилеби же мыктыбы биздин жигиттерден.Корсон кыжырын келет абийири жокторду.
25.11.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн жакшы коргон режиссерлорумдун бири Эрнест Абдыжапаров!!!!!!!!
27.11.2011. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менден бешпетер неудачный экенда кино тарткан адамдар.
Мотоцикли бузула берип, бузула берип. Бирок эмгеги кучуу болсо, жегенин таттуу болот дейт.
SUPER.KG видео
08.12.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A men sudovol'stviem kiret elem kinogo,birok Kyrgyzstanda emesmin!Anonsunda korunup turat jak6y fil'm ekeni!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо