Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов: «БИРИНЧИ АКЧАМДЫ СКРИПКА ОЙНОП ТАПКАМ»

№473 25-ноябрь - 1-декабрь, 2011-жыл

Кыргызда атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул болот дейт. Биз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Элдар тууралуу сөз учугун улайбыз.

ЭКИ ООЗ КЕП

  • 1979-жылы 1-декабрда Москва шаарында төрөлгөн.
  • Эки дипломдун ээси: “Бизнес жана менеджмент”, “Сүрөтчү жана дизайнер”.
  • Кыргыз, орус, немис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Бош убактысында достору менен жолукканды жана кино көргөндү жактырат.
  • Хоббиси – мылтыктан ок атуу спорту.
  • Скрипка жана фортепианодо ойной алат.
  • Жеке турмушу тууралуу коомчулукка кеп чыгаргысы келбөйт.

«ЖАКЫНДА СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨМДҮ УЮШТУРАМ»
– Элдар, сөзүбүздү сиздин балалык кезден баштасак...
– Үйдө абдан эле эрке болуп чоңойгом. Эс тарта баштаганда эркелеткенди да токтотушкан, тескерисинче, чоңоюуга мажбур болгом. Балалык кезди эстегенде дароо эле бир окуя эске түшөт. Бир жолу атам, апам мени жана Ширинди Ала-Арча капчыгайындагы альпинисттердин мүрзөсүнө алып барган. Ширин экөөбүз мүрзөлөрдүн арасында жүрүп адашып кеткенбиз. Мен анда жаңыдан эле 1-класска барган элем. Эки сааттан кийин атамдар бизди араң таап алышкан.
– Көпчүлүк учурда ата-эненин каалоосу менен болууга туура келет эмеспи. Маанилүү кадамдарыңызда бул нерсе таасирин тийгизгенби?
– Кичинемден эле сүрөткө кызыкчумун. Ал эми үйдөгүлөр архитектор болуумду каалашкан. Бирок мен чыгармачылыкка жакын болгондуктан, сүрөттү тандадым. Ошондон улам Бельгиядагы Ханышалык көркөм өнөр искусство академиясынын сүрөтчү жана дизайнер факультетине тапшырдым. Андан кийин бизнес жана менеджмент факультетин бүтүрдүм.
– Ата-энеңизге кайсы сапатыңыз окшош?
– Мен алардын эң жакшы сапаттарын алууга аракет кылам. Өзгөчө атамдын эртең менен таңкы саат беште турганы жакчу. Атам бул убакытты чыгармачылык менен алектенүүгө эң ыңгайлуу деп эсептечү. Анткени бул убакта эч ким телефон чалып же башка нерсе менен тоскоолдук кылбайт.
– Учурда эмне менен алектенесиз?
– Көп убакыт бою эргүү келбей, сүрөт менен көп алектенген эмесмин. Кайрадан сүрөт тарта баштадым. Эми өз көргөзмөмдү уюштурууну самап жатам. Көргөзмө алгач Бишкекте өтүп, анан Алматыда жана Москвада уланат. Анын негизги бөлүгүн табият тууралуу сүрөттөр түзөт. Өз көз карашым менен табияттын кооздугун чагылдыргым келет. Албетте, көргөзмөм башка тематикадагы сүрөттөрдөн да куру эмес.
– Чыңгыз Айтматов фонду кандай иш-чаралардын үстүндө иштеп жатат? Аны сиз жетектейт эмессизби...
– Атам жашаган үйдү музейге айландыралы деген ой-тилегибиз жакында ишке ашат. Ошондой эле “Айтматов борбору” аттуу чоң комплекс курууну пландаштырып жатабыз. Азыр долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 2012-жылы Ысык-Көл форуму Бишкекте же Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Ага атамдын пикирлештери, Михаил Горбачёв жана белгилүү жазуучулар катышат.
– Фондду башкарууда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
– Атам өтө ак көңүл болгондуктан, көптөгөн адамдарга китептерин басып чыгарууга уруксат берген. Ошондон улам Европа, Түркия, Кытай жана КМШ өлкөлөрүндөгү басмаканалар атама автордук укукка эч кандай акча төлөбөй, китеп басып, пайда табышкан. Учурда юрист жана адвокаттардын жардамы менен териштирип жатабыз. Кээ бирлери атамдын колун жасалма кылып коюп, «атаң уруксат берген» деп чыгышууда. Бул өтө чоң жумуш. Атамдын адабий мурасын сактап, өнүктүрүп, урпактарга берүүнү милдетим деп эсептеймин.
– Атаңыз Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тууралуу кандай комментарий бере аласыз?
– Биринчиден, улуу инсандын эстелиги коюлганына ыраазымын. Сүрөтчү катары жакшы жасалганын айтар элем. Бирок айкелин жасоо боюнча сынакка башка өлкөлөр да катышса, эстелик мындан да жакшы болмок деп ойлойм.

ГЕНИЙ...
– "Генийлердин балдары гений болбойт” деген сөзгө кошулбайм. Эгерде ата-энеси белгилүү бир тармакта озуп чыкса, анда анын баласы башка тармакта ийгилик жарата алат. Алсак, атасы кыйын экономист болду дейли, анын уулу музыка чөйрөсүндө атактуулукка жетиши мүмкүн. Тарыхта мындай мисалдар көп эле кезигет.

ЖЫЛМАЮУ...
– Жаш балдарды көрүп калсам, себепсиз эле маанай көтөрүлүп, жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Балдарды тазалыктын символу, жакшылыктын жышааны дейм. Алар эч кандай жамандык кылышпайт.

АК КӨҢҮЛ...
– Ак көңүлмүн. Эгерде сыналгыда бир мезгилде жубайымдын сериалы менен мен жактырган тасма башталып калса, сериалга жол бошотмокмун. Өзүм күткөн тасманы экинчи көрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, бирөөнүн көңүлүн оорута албайм.

ОПТИМИСТ...
– Столдун үстүндө жарым стакан суу турса, бош жагын эмес, толуп турганын көрмөкмүн. Жашоо кыска. Андыктан ар бир нерсеге оптимисттик көз караш менен карап, улам алдыга умтулуу керек.

АЛГАЧКЫ АКЧА...
– Бир жолу үй-бүлөбүз менен Грецияга бардык. Анан бизди конокко чакырып калышты. Ал жакта бир бала ортого чыгып, скрипка ойноп кирди. Ага баары акча бере баштады. Бир аздан соң ата-энем мени да ойно деп мажбурлай баштады. Каршы болдум, бирок баары бир ортого чыгып, скрипка ойнодум. Мага да көп акча беришти. Ошол биринчи тапкан акчама Италияда жасалган скрипка сатып алганмын.

САНДЫК...
– Үйдө чоң энемдин оймо-чиймелер менен кооздолгон эски сандыгы бар. Ал чоң энеме анын апасынан, ага да анын апасынан өтүптүр. Сандык үйдө көргөзмө катары турат.

КАРА МЫШЫК...
– Табияттын өзгөчө кубулуштарына ишенем. Бир сапар Ысык-Көлгө жөнөп жатсак, жолдон кара мышык өтүп кетти. Кийин орто жолдон машинамдын дөңгөлөгү жарылып калды. Аны алмаштыруу да көп убакытты алды. Кара мышыктын айынан кечиктик деп ойлой берем.

МЕКЕН...
– Азыр 31 жаштамын, анын 22 жылын чет өлкөдө жашап өткөрдүм. 2007-жылы гана Кыргызстанга кайтып келдим. Буга чейин дайыма Кыргызстанга келип жашоону кыялданчумун. Мындан ары өз мекенимден башка өлкөгө кетейин деген ниетим жок. Алгач Бишкекке келгенде анча көнө албадым. Анткени бул жерде жол эрежелерин сакташпайт экен, жашыл түс күйбөй жатып эле унаалар жүрүп кетет. Убакыттын өтүшү менен андан башка нерселерге көнүп кеттим.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


Маек - Элдар Айтматов: "Биринчи акчамды скрипка ойноп тапкам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
25.11.2011. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле жонокой адамдар, Ширин дагы. Атасы дагы, апасы дагы. уйлоруно барганда абдан жыдуу кабыл алышат, кадимкидей эле карапайым калкка окшогон жонокой адамдар. эн чон айырмачылыгы ушундай билимдуулор, созду туура орду менен суйлошот. уйлгу алса болот булардан
SUPER.KG видео
25.11.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы маек болуптур. Бирок мындан да кобуроок маалымат алгым келди бул адам тууралуу. Белгилуу адам болгодон кийин анын жеке жашоосу да копторго кызык болсо керек. Бул жонундо маалымат бербей койгону окунучтуу.
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asecha биз жеке жашоолор жонундо угуп калып конуп калганбыз. бирок, бул туура эмес, эл адамы болгондон кийин ошол сфера тууралуу айтып, адамдарды ар кандай нерсе менен кызыктырыш керек жеке жашоонун "ушактары" менен эмес. айтпаганын туура деп эле эсептейм
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiabai toktoo jana akylduu eken!!!! Ui bulosuno bakyt taalai jana iygilikter...
SUPER.KG видео
25.11.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
coolcool, жеке жашоо дегенде эле ушакты элестеткениниз жаман экен! Жеке жашоонун ушакка кандай тиешеси бар?! А эмне учун уй-булолук жашоо дегенде, андагы кызыктуу окуяларды, бактылуу кундорду, балдардын кулкусун, мээримдуу ата (эне), дегеле позитивдуу нерселерди элестетпешибиз керек?! Мен, мисалы, ушул нерселерди уккум келген. Жогоруда белгиленген оюмдун манызы да ушунда болчу!
SUPER.KG видео
25.11.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу жазуучунун баласы эне тилин билбегени абдан уят. Ч.Айтматов олорундо "Корсо, "Манкурт" деген чыгармамдын идеясын єз балдарымдан алган турбаймынбы" деген окунуч тар чойродо айтып журушот
SUPER.KG видео
25.11.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок, абдан жонокой окшойт...
SUPER.KG видео
25.11.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор басырыктуу, маданияттуу... Баарыбыр тарбиясы бөлөкчө болгондуку да, өтө тонкий адам экен.
SUPER.KG видео
26.11.2011. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таасирлуу адам экен.Мага токтоолугу абдан жакты.Дуйно таанымы абдан кенен экен.Жеке жашоосу туралуу айтпаганы жакты.Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун тилин суйлой албагандан кийин,эмнеси озу кыргыз.Кыргыз тили менен Кыргыз.1000 жонокой болсо да кыргызча суйлосун.Тем более мекенинде жургондон кийин.
SUPER.KG видео
26.11.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун тилин билбеген элин суйуп жарытпайт деп коюшат , аябай окунучтуу.
SUPER.KG видео
26.11.2011. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy ymytaga koshulam min balaket jonokoi, ukmush bolsun, oz tilin bilish kerek.
SUPER.KG видео
27.11.2011. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа,аябай жонокой экен.эн эле окунучтуусу кыргызча суйлобогону болуптур.башка жерде журсо да кыргызчаны унутпаган жакшы го демекчимин.
28.11.2011. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вау, вау, вау... красавчик...)
SUPER.KG видео
28.11.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul adamdy ayabay siylaim! Siylai turgan jana ulgu ala turgan insan.
28.11.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
32 ге чыгып 33 ко кетип жатыптыр го .
SUPER.KG видео
28.11.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Торекулович воспитал ДОСТОЙНЫХ людей!!! Это не только его дети, но и мы, читатели!!! Насчет сына, Эльдара Айтматова, скажу: действительно достойный уважения человек, которому можно доверить такую большую работу, о существовании которой я и не знала. Всё думала, умер человек и ладно, зато КАКОЙ СЛЕД ОСТАВИЛ! А нет!Как оказывается есть проблемы, и много!!! Желаю успехов в работе!!! А тем издательствам и просто людям дай бог совести, да побольше!!!
SUPER.KG видео
30.11.2011. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен "Дүлөй"болуп көрүп олтурдум.Анткени Кытайлык болгондугума байланыштуу Орусчаны такыр түшүнбөйүм.Бир Ой келдои,Эмне үчүн Уулуу адамдын баласы туруп Эне тилинде бир Ооз да сүйлөбөгөнү өкүндүрөт.Бул өзү үчүн эмес,кайра келип Ыраматылык Атасына шек келтирет.Жарыктык,"Маңкурчукук"ту өз балдарынан арылта алган эмес окшойт деген бүдөмw
30.11.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу жазуучубуздай,мындан ары оз олконо кызмат кылууна тилектешмин.айтмакчы 01-декабрь менин да туулган кунум,мен да сурот тартканга кызыгам,бирок мен архитектор болдум,дал келип калганына кубанычтамын.
02.12.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uilonbogon bolso eken :))))) , kalp ele bolso da kuioom bolup kalsa ekeeen dep mechtat etip koigonu
09.12.2011. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенинди суйууго уйроткон улуу жазуучуга ыракмат!
SUPER.KG видео
03.01.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анкетасында кыргыз тилин эркин суйлойт деп жазылган.
19.02.2012. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
egerde mekenini chin suigondo ele kirgizcha suilomok ele seler syimiktanbai ele koigula bala atanin jolun joldobogonu korunup turat minake orustashkan kirgizdar mekenin suigon jiti korunboitkooo kuiorman kirgizdar.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо