-
Оштун Кара-Суу районунда тургузулуп жаткан эки мектептин курулушу жакында аяктап, 2012-жылы колдонууга берилет.
-
“Март-элдик революция” коомдук фонду өткөргөн маалыматтык жыйында Жогорку Кеңештин 24-Март – Революция күнүн жокко чыгарганына нааразычылык айтышып, бул күндү мурдагыдай эле майрам катары калтыруу талабын коюшту.
-
Ош шаарындагы “Транс Ордо” ассоциациясы жана айдоочулар коомдук уюму иш таштоо менен митингге чыгышып, алар Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаковго нааразы экендигин билдиришүүдө.
-
Экономикалык тескөө министрлигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2011-жылдын 1-ноябрына
карата Ош облусунда
расмий катталган жумушсуз жарандардын саны 12 миң 756 адамды
түздү.
-
Депутат Каныбек Иманалиев мектептердеги кенже класстарга ысык тамак берүүнү токтотуп, ага жумшалган каражатты окуу басылмаларына жумшоо керектигин айтып чыкты.
-
Каракол шаарынын Кашка-Суу кичирайонунун айрым үй-бүлөлөрү аргасыздыктын айынын буу казандан келген сууну ичишүүдө.
-
Ошто “Манас” монументинин куруу иштери дээрлик аяктап калды. Ага 2 тонна жез жумшалган.
-
Жогорку Кеңеште жашы жете элек балдарды зордуктагандарды 25 жылга же өмүр бою эркинен ажыратуу маселеси каралып жатат.
-
Бишкек мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу-курулуш” муниципалдык ишканасынын директору билдиргендей, келечекте Кара-Жыгач сейил багында зоопарк ачуу иши пландалып жатат.
-
24-ноябрда Токмок шаардык соту
Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев
катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишинин кароосун аяктады. Ал жабыркоочулардын өкүлдөрү күнөөлөөнү колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу токтотулган.
-
“Альфа Телеком” ишканасынан ири суммадагы акча алып чыгып кеткен” деп айыпталып, учурда тергөө абагында отурган Раушан Рыкунованын баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту кайра карамай болду.
-
25-28-ноябрь күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүп, жолдордун тайгак болушу күтүлөрүн Гидрометеорологиялык кызмат билдирет.
-
Өлкөнүн карызы 1-октябрга карата 2,985 миллиард долларды түздү.
-
Экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратовдун айтымында, эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, биринчи орунда автоунаа менен тоок санынын баасы кымбаттайт.
-
Евразиялык экономикалык союз боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Сергей Глазьев Бишкек шаарына сүйлөшүү үчүн келип, Өмүрбек Бабанов менен Алмазбек Атамбаевге жолукту.
-
23-ноябрда Ысык-Көлдүн Тогуз-Булак деген айылында окуучулар катышкан массалык мушташ болуп өткөнүн жергиликтүү агенттик кабарлайт. Окуяда 9-класстын бир окуучусу көз жумду.
Турдугүл Каримова
Автандил Добулбеков
politika@super.kg