№474 2-8-декабрь, 2011-жыл
Өткөөл мезгил өз соңуна чыгып бара жатат. Буга Жогорку Кеңештеги чоң жаңжалдын башталышы айкын далил. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев спикер Ахматбек Келдибековдун кызмат учурунда кетирген бир топ катачылыктарын эске алып, ага ишеним көрсөтпөө менен төрагалыктан кетирүү керектигин айтып чыкты.
“КӨЛБАЕВДИН “КАПРИЗДЕ” БОЛГОНУН БИЛБЕГЕМ”
Жылдын башынан старт алган ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибековдун ызы-чуулуу окуялары телеканалдардын эфиринен, гезит беттеринен түшпөй келет. “Жаңы жылды криматалык Камчы Көлбаев менен тосуптур” деген кептен бери аны четке каккан же далилдеген адам болгон эмес. “Ата Мекендин” фракциясында бул маселе кабыргасынан коюлганда Ахматбек мырза: "Каприз" деген – чоң эс алуучу жай. Канчалаган адам келет ал жерге, өтө чоң зал да. Мен Көлбаевдин ал жерде экенинен кабарым да жок эле",- деп актанды. Билбегени чын болсо, спикер менен криматалыктын бир залда отурганын билбеген жан сакчылары, баарынан да төраганы кайтаруучу УКМКнын кызматкерлери эмнени карап жүргөнү белгисиз.
Депутат Жоомарт Сапарбаев спикер кетирген бир топ катачылыктарды эсептеп, айрыкча анын миллиондогон сомдорду сапырып жүргөн чет өлкөлөргө болгон сапарларын белгиледи. “Келдибеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев менен Орусияга жеке учакта барып келип, ага 70 миң доллар сарпталган”,- деди депутат. Коомчулукка жарыяланбаган бул сапар сабак болбогон чыгар, спикер кийин Түркияга да жашыруун барып келгендиги айтылган. Буга да кебелбеген Келдибеков “менин аттуу-баштуу досторум көп, алар өздөрү учак менен келип мени алып кетип турушкан” деп жооп берди.
ЭКИ ЖАК БИРИ-БИРИН СОТКО БЕРИШЕТ
Компроматтын артынан компромат жааган бул жыйын Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Текебаевдин бири-бирин "сотко беребиз" деген билдирүүсү менен аяктады. “Ата Мекен” фракциясы “биз спикердин кызматтан кетишин талап кылабыз” деген бүтүм чыгарышты. Мунун баарына төрага “Текебаев менин ордума барыш үчүн уюштурду” деп жар салууга жетишти. Бирок көп өтпөй эле Өмүрбек Текебаев “эгерде Келдибеков спикерликтен шыпырылса, мен өз атымдан анын кызматына барбай турганымды билдирем” деди. Демек, бул чууну кызмат үчүн эмес, “ата мекенчилердин” милдетин так аткара албаган аткаминерлер менен болгон күрөшү десе болчудай.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сырттан карап сынчы болуп силерда чукуй бербей эртенки кунду ойлосонор...