АТАМБАЕВ КОМАНДАСЫНА КИМДЕРДИ ЧАКЫРАТ?

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

КЕЛДИБЕКОВ ЖИГИТЧИЛИКТИ БИЛБЕЙТ
Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйыны Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Текебаевдин кайым айтышынан башталды. “Ата Мекендин” лидери спикерге “төө кушка окшоп башты кумга катып, маселени кароодон качыштын эмне кереги бар?” деди. Иштин чоо-жайы Ахматбек Келдибековго ишенбөөчүлүк көрсөтүүдөн улам келип чыкты.
Спикердин жоругу “темир генералга” да жаккан жок. “Бул жигитчилик эмес. Саясатчылар сөз берген соң аны аткара билгенди үйрөнүшсө”,- деди Феликс Кулов.
Айтмакчы, Ахматбек мырзанын кызматтан шыпырылганы жатканын уккан аксакалдар алыскы Алайдан Бишкекке келип, маалымат жыйын да берип кетишти.

КУРАМА ТЕМИР КУРЧ БОЛОБУ?
Бул аралыкта президент Алмазбек Атамбаев өз командасын, тагыраагы, жан-жөкөрлөрүн дайындай баштады. Күбүр-шыбырлар боюнча, Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыкка алып келишет деп жатышкан. “Түштүктүн кулуну, КСДПнын адамы, иш билги” деп сыпаттай да башташты эле. Бирок Жантөрө мырза азырынча президенттик аппараттын башчылыгына гана келди. Премьер болот имиш дегендердин катарында Аалы Карашев да бар. Ушактардын эсебинен рейтинги көтөрүлө түшкөн бакиевдик губернатор эч кандай өкмөт башчы эмес эле, президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүн башкарары маалым болду.
Атамбаевдин көлөкөсүндөй болгон Фарид Ниязовдун кеңешчиликке барганы жаңылык болбосо, Абдиль Сегизбаев деген персондун президентке жардамчы катары дайындалгандыгы сенсация жаратты. “Майрам Акаеванын айткан сөзүн жерге жеткирбей аткарчу, Атамбаевдин командасына кандайча кошулуп калды?” деген сөздөр чыкты мындан улам. Эсинен чыгып кеткендердин кулагына күмүш сырга, «Сегизбаев кезинде Акаевдин басма сөз катчысы болуп турган, 24-март окуясына чейин азыркы бийликте турган оппозициянын күчүн чымынга да теңечү эмес» дешет. “Курама темир курч болот” дейт, Атамбаев, балким, эски менен жаңыны аралаштырып курап чыгайын дегендир.
Ал эми УКМКнын төрагасы болуп Шамиль Атахановдун келиши да өзүнчө сөз. Улуттун коопсуздугун кыргыз жетекчи башкарышы керектигин эч ким айтпаган күндө да улутка күйгөн ар бир жаранды ойго салары ырас. Анын үстүнө аны “бул кызматтын майын чыгара иштейт” деп айтуу кыйын, себеп буга чейин кылган көрүнүктүү бир да ишинин дайыны жок экенин эл жакшы билет. Бир гана моюнга алар чындык ал – КСДПнын ишенимге кирген адамдарынын бири.

КОАЛИЦИЯНЫ КСДП КУРАЙТ
Президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрь күнү коалицияны түзүү мандатын өзүнүн фракциясы КСДПга карматты. Алмазбек мырзага бул чылбырды кимге берүү оор болду көрүнөт. Эксперттердин чөйрөсү «Атамбаевдин күттүрүп жатканынын бир мандеми бар. Ал ортодогу убакыттын аралыгында дос менен душмандын ким экенин байкап калгысы бар» дешти.
Буга чейин КСДП түзгөн биринчи коалиция бир күн өтпөй кулаган. Ошону эске алдыбы, президент: «Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт!»,- деп КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго айтты.
Бул аралыкта “республикачылар” “биздин фракция КСДП менен бирге коалицияда болот” деп жарыялоого жетишти. Демек, эки фракция даяр. Калган үчөө деле киребиз деп турушат, бирок айрым жагымсыз жагдайлар бар. Феликс Кулов менен Алмазбек Атамбаев илгертен элдешкис душмандар дешет, ошондон улам “Ар-намыс” эки баштуу болуп кетти. “Бийлик Куловго керек эмес болсо, бизге керек” деп отурушат “жапаровчулар”. Текебаев Келдибековдун быкыйларын чукуп салгандан бери эки жактын фракциясы тең шарт коюп жатыптыр. “Коалицияга же “Ата Журт”, же “Ата Мекен” кирет” деп.
Жакынкы эки аптанын ичинде КСДП коалицияны куроо менен алек болот. Эгерде ал ишке ашпаса, анда мамлекет башчы мандатты башка фракцияга өткөрөт. КСДП убакытты кетирбей, фракциялар аралык сүйлөшүүнү президенттин кабинетинен чыгары менен башташты.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
13.12.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КСДП эми кыргыздарды бийлейт.КСДП нын айтканы айткан дегени деген болот!Башка партиялардын товары эми отпой калды,Бакиевдин учурундагы "АК ЖОЛ"дой болот, «Атамбаевдин күттүрүп жатканынын бир мандеми бар. Ал ортодогу убакыттын аралыгында дос менен душмандын ким экенин байкап калгысы бар»
13.12.2011. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, туура айтасын
13.12.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы эле Байакелер)))
14.12.2011. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo you are true
i am with you...
14.12.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жантөрө Сатыбалдиевди кызматка койбош керек болчу,анын жузу жок.Ошто губернатор болуп жургондо кыйраткан эмес ал.Атамбаев жалан ушуга окшого жугуртокторду жанына топтоп жатат!
14.12.2011. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстан онолсун эми,главное жерди сатпаса болду
16.12.2011. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы,баягы отукчунун таягы, 20 жылдан бери жегендери жеген,же булар тойбоду,Ж.Сатыбалдиев,Сегизбаевге ж.ушугу окшогондор толтура соз жок,самындай колго тийбестер.
16.12.2011. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буларга ыйман берсинчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо