КЫРГЫЗ КИНОСУ ЖАНДАНУУДА

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Октябрь айында баш калаабыздын Байтик баатыр-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Кыргыз киносу” кинотеатры кыргыз тасмасын баалаган киномандарга эшигин ачкан. Аз убакытта өз көрөрмандарын топтой алды. Бул окуя кыргыз жыттанган тасмалардын көбөйүшү жана алардын улам сапаттуу тартылып жаткандыгын далилдегенсийт.

КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫНАН РАХАТ АЛ
“Кыргыз киносун” ачуу идеясы режиссёр Айбек Дайырбековго таандык. Ал мурун көп тасмалардын режиссёру катары таанылса, эми кыргыз киносун бир нукка салган инсан катары элге аты чыгууда. Баары эмнеден башталган эле? Кыргыз кинолорунун ар кайсы кичи залдарда көрсөтүлүп жатканына зээни кейип, атайын кинозал ачууну көздөйт. Жалпысынан 117 оруну бар зал кыргыз оймо-чиймелери менен кооздолуп, көрүүчүгө жагымдуу атмосфера тартуулайт. Учурда кыргыздын эң популярдуу жана сапаттуу тасмалары дал ушул “Кыргыз киносунда” көрсөтүлүүдө.
Баарынан жагымдуусу, ата мекендик классикалык тасмалар жакынкы күндөрдө көрсөтүлөт. Мурун күн санап көз ирмебей сүйүп көргөн классикалык тасмаларды эми атайын чоң экрандан көрө аласыздар.
Алгач ачылганда эле классикалык тасмаларды элге тартууласак деген тилегибиз бар болчу. Акыркы мезгилде ар кайсы уюмдардан “классикалык кино коюп бергилечи” деп сунуштап башташканда бул планыбызды ишке ашырууга кириштик”,- дейт кинотеатрдын жетекчиси Айбек Дайырбеков. Мындан ары кинотеатрда шедевр тасмаларыбыз үзгүлтүксүз, шаршемби, жекшемби күндөрү саат 13:00дө көрсөтүлө баштайт.

КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН САНЫ ҮЗҮЛБӨСҮН!
90-жылдары чет өлкөлүк премьераларды көрүп, “бизде да жок дегенде бир айда бир премьера болуп турса” деген Айбектин кыялы азыр орундалууда. Анткени учурда бир айда эле орточо эсеп менен 4 кыргыз киносу элге тартууланат экен.
Кыргыз киносу мурун “өгөйлөнүп”, канчалык көп кинотеатрлар болгонуна карабай кыргыз драма театрында же тарых музейинде көрсөтүлүп келчү. Кыргызстанда, өз мекенибизде жашап туруп өз кинобузга орун таба алган эмеспиз. Жадакалса башка кинотеатрларга кыргыз киносун көрсөтүп берүүнү сунушташса, теңине албагандай мамиле кылышчу. 4D деп тамашалап атап алышкан эски “Манас” кинотеатрынын бир залында кыргыз тасмалары көрсөтүлүп да жүргөн. Ал жакта тасма бүткөнчө шыптан тамчы тамып турчу. Ошентсе да көрүүчүлөрдүн саны үзүлгөн эмес. Ошонун баарын эске алып, азыр “Кыргыз киносун” ачып, катуу иштей баштадык. Күндөн-күнгө көрүүчүлөр көбөйүп, жадакалса кечки сеанстарга эл батпай калган учурлар болууда”,- деп кубанат режиссёр.
Эмне демекчибиз, “Кыргыз киносу” кинотеатрынан көрүүчүлөрдүн саны үзүлбөсүн!

Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
12.12.2011. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun!Ushintip Kyrgyzstanda da onuguu bolup jatkanyn okup bir suyundum!Azamatsynar!
12.12.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онугот деген ушу
12.12.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga kyrgyz kinosu
12.12.2011. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai gana sonun janylyk,kinolorubuz sapaty jana sany jagynan da koboyup kubandyruuda,talanttuu jawtar koboyudo,kyrgyz yrlary kazak4aga kotorulup,al jakta hit bolup,tamawou alardy kaptap,bagyndyryp olturat,emi kinolorubuzdu toje koruwot go jakynda,kubanarlyk,jylyw bar KGda.wailoobuz da tyn4 ottu,emi kudai buiursa sayasatybyz da uwundai jylywtar bolup,uwuga okwogon optimist jawtarga koldoo korsotoor degen umut bar jana uwundai boluwuna tilenem,anan dagy 4yn dilimden iwenem,alga kyrgyz elim!
12.12.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai kyrgyz koncertin,kinosun,tamawounu korgum kelip jatat,Kyrgyzstanymdy ayabai sagyndym,ar bir jakwy janylygyna suiunom))
12.12.2011. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да,эмне демекчибиз,алыста журуп ийгилик гана каалайбыз.ал жакта болгондо жок дегенде кино же концерт кормокпуз.алга жылуу,ийгилик гана коштой берсин КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ!
13.12.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер !!! Азаматсыз, Дайырбек !! Ишинизге ийгилик !!! Кыргызстанга барсам, созсуз барам киного !
13.12.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан онуго берсин ,эн сонун
14.12.2011. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Ар дайым Кыргызстандан конулду которткон жанылыктарды окуп туралы алыста жургондо!
15.12.2011. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы !!!+10 а башка кинолорду дагы койот бекен мисалы АКШ И тд дегендей ))
15.12.2011. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик силерге!! Чет мамлекеттен достор кыргыз кинолорун заказ кыла башташты жакшы екен деп.
16.12.2011. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, Кыргыз киносу "Голливуд" болбой эле койсун, бирок мына ушул бараткан жолу менен онуксо, дагы бир жолу Кыргыз киносунун "Алтын доорун" алып келет го!!! Азаматтар!
17.12.2011. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун жанылык.Азаматсын Айбек!!!
17.12.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен абдан кубанычтамын! Кыргыз киносу алга! Акжол жана ийгилик сиздерге!
03.03.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канфорт просто!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо