ЖЕР ТАМДА ЫҢГАЙЛУУЛУК ТҮЗҮҮГӨ КАНЧА КАРАЖАТ КЕТЕТ?

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Үйүңүз борбордук ысык суу жана канализацияга кошулбаган жер там болсо да, жашоого бардык шартты түзүп алууга болот. Ыңгайлуулукту өз алдынча түзүп алууга канча каражат сарпталарын эсептеп көрөлү.

ЖУУНУУЧУ ЖАЙГА КЕРЕКТҮҮ
МАТЕРИАЛДАРДЫН БААСЫ КАНЧА?
Электр суу жылыткычтын базардагы баасы сыйымдуулугуна жараша. Бизде сатыкка көбүнчө сыйымдуулугу 10 литрден 100 литрликке чейинкилер чыгарылат (аталыштары “Аристон”, “Термекс”). 10 литрлиги 4500 сом болсо, 100 литрликтери 7200 сом турат.

Өзүңүзгө канча литрлик керек экенин тандоону төмөнкү таблицадан карап алыңыз:

1 киловаттык суу жылыткыч 1 саатта 1 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт. Ал эми 1,5 киловаттык болсо, 1 саатта 1,5 киловатт-саат электр энергиясын сарптайт.
Суу жылыткычтар сууну 85 градуска чейин ысыта алат. Суу ысыган соң жылыткыч автоматтык түрдө өчүп, суу муздап баратса, кайра иштеп турат.

Эми үйдүн ичине жуунуучу бөлмөнү жана 4-5 кишиден турган бир үй-бүлөгө
жете тургандай суу жылыткыч орнотуу канча чыгымды талап кылат
экенин эсептеп көрөлү.

Мисалы, жуунуучу бөлмөнүн ички өлчөмүнүн узуну 2,5 метр,
туурасы 2 метр, бийиктиги 2,7 метр болсун.
Бул бөлмөнүн ичи душ, раковина орнотууга ылайыкталмакчы.

ЧЫГЫМДАР

Шыбак:
Дубал – 22,94 чарчы метр. Керек: 1,5 кап цемент х 270 сом = 405 сом,
8 кап кум (50 килограммдык) x 30 сом = 240 сом.

Пол:
5 чарчы метр. Калыңдыгы
5 сантиметр. Керек:
4 кап цемент x 10 кап кум = 1380 сом.

Кафель:
Дубал – 22,94 чарчы метр. Кафелдин 1 чарчы метри 280 сом. Ошондо 22,94 x 280 = 6423 сом.
Пол – 5 чарчы метр. Полдун кафелинин 1 чарчы метри 300 сом. Ошондо 5 x 300 = 1500 сом.

Шпатлёвка:
4 кап (25 килограмм) х 350 сом = 1400 сом.

Клей:
Кафель чаптоо үчүн колдонулуучу клей
4 кап х 250 сом = 1000 сом.

Канализация:
Жуунуучу жайдан чыккан кир суулар үчүн борбордоштурулган канализация системасы жок болсо, анда короого же короонун сыртына чуңкур (септик) казууга туура келет. Бул үйдөн 10 метр алыс аралыкта жайгашты деп эсептейли.
Чуңкурдун өлчөмүнүн узуну 1,5 метр, туурасы 1 метр, тереңдиги 3 метр = 15 чарчы метр.
Төрт тарабын бетондоо.
Узуну 1,5 метр, туурасы 1 метр, тереңдиги 3 метр жана калыңдыгы 10 сантиметр.
Бул үчүн керек: 5 кап цемент, 1 тонна шагыл, 15 кап кум = 4300 сом.

Эшик – 1 даана 1500 сом (бөлмө аралык).
Терезе – 1 даана (0,4 х 0,4 өлчөмүндө) 400 сом.

Душ кабинасы:
Душ кабинасынын жөнөкөйү 8500 сом.
Душка керектүү бөлүктөрү (суу чабыштыргыч (смеситель), самын койгуч, канализацияга кетүүчү түтүк) жалпылап алганда, баары биригип 2000 сом.

Суу жылыткыч:
4-5 кишиге ылайыктуу 100 литрлиги 7200 сом.

Раковина:
3000 сом.
Раковинага керектүү бөлүктөрү: суу чабыштыргыч 600 сом, суу жылыткычтан ысык суу алып келүүчү резина түтүк 150 сом жана кир агуучу түтүк 150 сом.

Түтүк:
Суу жылыткычка жана раковинага муздак сууну туташтыруучу түтүк.
Диаметри 50 миллиметрлик түтүк – 11 метр х 80 сом = 880 сом.
Бурчтарын кошуучу түтүктөр – туташтыргыч (соединитель) 1 даана = 250 сом. Түтүктүн бурчтарын туташтыргыч 2 даана = 200 сом.

ЖАЛПЫ БААСЫ:
Жуунуучу жайды курууга 41 478 сом сарпталды. Долларга айландырсак, 886 АКШ долларын түзөт.

АШКАНАДА ЫСЫК СУУ БОЛСУН ДЕСЕҢИЗ...
Ал эми мындан тышкары ашканага да идиш жуу үчүн ысык суу кошом десеңиз, жуунуучу жайга орнотулган суу жылыткычка эле туташтырып койсоңуз болот. Ал үчүн суу өткөрүүчү желим түтүк аркылуу ашканадагы эмерек топтомундагы идиш жуучу жайга туташтыруу керек. Кир сууну дагы түтүктөр аркылуу эле жуунуучу жайдагы канализациялык түтүккө кошуу зарыл. Буга кетүүчү каражаттын өлчөмү жана баасы ашкана менен жуунуучу жайдын аралыгына жараша болот.

ЭСКЕРТҮҮ!
Булар базардагы материалдардын орточо баалары менен алынып эсептелди. Ошондой эле орнотуу жана курулуш иштеринин акылары кошулган жок.
Атайын адистердин кызматынан пайдалансаңыз, жуунуучу жайдагы суу жылыткычты жана кир сууну канализациялык түтүккө коштуруунун баасы 2000 сомдон жогору.

ЧУҢКУР КАЗУУДА...
Тереңдиги жер кыртышына жараша болот. Жер саздак болсо, суу чыккан тереңдикке чейин казылат.
Кургак болсо, топурактын катмарынан кийин шагыл чыкканга чейин жана шагылдан дагы 1 метрче тереңдетүү керек.
Ал эми жердин кыртышында топурак калың болуп шагыл тереңде болсо, 3-4 метр казуу жетиштүү. Кир суулар жерге сиңип кете берет.
Чуңкурдун төрт тарабына 10 сантиметр калыңдыкта бетон куюп, үстүн киши түшүп кетпегидей жабуу керек. Колдон келсе люк жасап, үстүн бетондоо оң.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
12.12.2011. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенешиниздерге рахмат!
12.12.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат
12.12.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм мен лучше баня салып алмакмын
12.12.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже мен уйго кылдырып буттум эле.
Баарын эсептегенде 40 000 сом кетти
12.12.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок душевой кабинадан сырткары
12.12.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баня эле салып алдым кышка чейин!Каражаты 45 000 тегерегинде болду!
12.12.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат, ушундай кеп кенешинерди жазып тургула. Аристондун 100 литрлигин алмакмын.
12.12.2011. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan kerektuu maalymattardy bildiripsizder.
Rahmat
12.12.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешинерге чон рахмат ушундай кенештерден коп коп жазып тургула
13.12.2011. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenewinizge 4oon rahmat
13.12.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aa muzdak suunu üygö kantip alıp kiret misalı ayılda üydön su çıkpayt puşunu bilip bere alasızdarbı menin üyüm 92 cılı saıngan 2 etaj birok içinde muzdak su tuvalet eçteke cok kantip casasa bolot (eski korpustaran)
14.12.2011. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka, айылдарда арбир кочодо 2-3 тон колонка бар. Мына ошого кеткен суу тутуктон айыл окмотунон уруксат алып уйунузго муздак суу киргизип алсаныз болот. Эгер андай суу откорруучу тутуктор жок болсо, анда жер алдын тешик атайын суу соруп алуучу насос орнотушунуз керек. Насостор базарларда сатылат. Баасы деле анча кымбат эмес.
16.12.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, айылда ал калонкалрда суу озу жокта.
16.12.2011. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ysymbek, анда жогоруда айткандай жерди казып суу чыгарууга болот. Ага тутук орнотуп тутукко насосту туташтырсаныз, жер астындагы сууну соруп чыгарууга жардам берет.
13.12.2011. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat!
14.12.2011. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы кенештер, рахмат буйруса келечекте керек болот уй салып жатканда.
14.12.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунгон жокмун бирок баарибир рахмат ))) мен деле Баня салып алмакмын ))
26.06.2012. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ergazy.kgz, ысыкта жуунгун келсен баняны жакпайсында кечкеле, а в душ можно каждый день принимать....
15.12.2011. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cyldyzka силердин кочонордон биринчи суу отобу.
Эгер суу болсо 8-9 метрге чейин сууну жогоруга айдаган китайский насостор бар.Насосту уйдун подвалына койдуруп, жогору жагын монтаждатып кетесин.Жогоруда айтылгандардын баарын уйдун ичине жасаса болот. Мен да вакумный насос алып ошентип иштетип жатам. Насостун баасы 2000 сомдон жогору.
16.12.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдагы уйлорго ушундай суу жылыткыч койсо суусу кандай болот анда!
16.12.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ysymbek, айылдарда арбир кочодо 2-3 тон колонка бар. Мына ошого кеткен суу тутуктон айыл окмотунон уруксат алып уйунузго муздак суу киргизип алсаныз болот. Эгер андай суу откорруучу тутуктор жок болсо, анда жер алдын тешип атайын суу соруп алуучу насос орнотушунуз керек. Насостор базарларда сатылат. Баасы деле анча кымбат эмес.
16.12.2011. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбир мага окшоп билбегендерге аябай эле керектуу кенеш экен.Ишинерге ийгилик.Рахмат.
17.12.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен рахмат! бирок орточо бир тамды курууга канча чыгым сарпталат ошону да жазып койсонуздар жакшы болмок
27.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
реалдуу кеңештер, рахмат
19.06.2017. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоооң рахмат супер kg ишиңерге ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо