Бир бүркүм... АР БИР БАЛАГА PIN-КОД БЕРИЛЕТ...

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

  • 2012-жылы жаңы төрөлгөн ар бир балага өзгөчө PIN-код берилерин Улуттук каттоо кызматы билдирет. Бул каттоону жеңилдетери айтылат.
  • “Кыргызстанда бала асырап алуучу жарандардын курагы 60 жаштан ашпайт”,- дейт депутат Абдимуталип Кочкорбаев.
  • Акыйкатчы Турсунбек Акун 7-декабрда Япониядагы акыйкатчылар жыйынына калпак кийип барып, "Манас" айтып, катышуучулардын оозун ачырып кайтты.
  • 1-декабрдан тарта көгүлтүр оттун баасы 12 сом 60 тыйындан 13 сом 3 тыйын болуп кымбаттады. Бул тууралуу «Кыргызгаз» ААКсы билдирет.
  • "Өлкө ичиндеги бардык шаар башчылары жана айыл өкмөттөрү 27-декабрга дейре дайындалып бүтүшү керек",- дейт БШКнын өкүлү Марат Султанов.
  • “ЕврАзЭСтин каатчылыкка каршы фондунан берилчү 106 миллион доллар 2012-жылы келет”,- дейт биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов.
  • Альтернативдик аскердик кызмат өтөө төлөмүн 12 миң сомдон 18 миң сомго көтөрүүнү депутат Исмаил Исаков сунуштоодо. Анын айтымында, бул каражат аскер кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө жумшалат.
  • Депутат Тынчтык Шайназаров: Атай Өмүрзаков Кыргызстандын даңкын чыгарып жаткандыктан, парламент да ага колдоо көрсөтүшү зарыл”,- деп айтты.
  • Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого Азия Өнүгүү Банкы тарабынан 55 миллион доллар каражат бөлүндү.
  • Кыргызстан 1979-жылдан 1989-жылга чейинки убакыт аралыгында Ооган согушунда дайынсыз жоголгондорду издөөгө 75 миң сом каражат бөлөт. Бул операция КМШ өлкөлөрү тарабынан жүргүзүлөт. Эске салсак, анда 270 аскер жоголуп, анын ичинде 4 кыргызстандык болгон.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
12.12.2011. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайга уй берип койсо экен атамбаев
13.12.2011. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйду ал эмне кылмакчы, сүтүн ичеби, союп сорпосун ичеби?... Өзүң ойлоп көрчү?
17.12.2011. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaganat, кааласа сутун ичет кааласа союп сорпосун ичет Озун ойлоп корчу уй жаманбы?
14.12.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
„ү” менен „у” тамгалары алмашып калган окшойт урматтуу kaganat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо