КЫРГЫЗСТАН КМШга ҮЛГҮ

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге
президенттик бийликти өткөрүп жатып, КМШнын
тактан түшпөс ажолоруна мунун эч кандай трагедия
эмес экендигин көрсөттү. Башкаларга үлгү болду.

Бул апта КМШнын алкагы маанилүү жаңылыктарга бай болду. Орусиянын авторитардык лидерлерине барган сайын абалды көзөмөлдөө кыйынга турууда. 4-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Бирдиктүү Орусия” буга чейинкиге салыштырмалуу аз орунга ээ болду. Ага карабай шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгондордун арызы күч, Москва менен Санкт-Петербург шаарларында каршылык көрсөтүү жүрүштөрү өтүп жатат. "Орусиянын борборуна ички армиянын аскерлери киргизилди" деген маалымат да тарады.
Өзбекстандын парламенти президенттин жети жылдык мөөнөтүн беш жылга чейин кыскартты. Муну көпчүлүк "Ислам Каримов бийлигин жакын арада ишеничтүү адамдарынын бирине өткөрүп берерине байланыштуу" дешүүдө.
Казакстанда "өкмөт башчылыкка Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев келиши мүмкүн" деген маалымат ачык эле айтыла баштады. Парламенттик шайлоого чейин элдин кулагы көнө берсин деп жатышат өңдүү.
Биздин мамлекет болсо, ушул сыяктуу окуяларды башынан өткөрүп, айрымдарынын алдын алып, бийликти революция жолу менен алмаштырып, кайрадан стабилдүүлүккө жетишти. "Кыргызстандагы реформалар өлкөнү саясий жашоонун жогорку деңгээлине чыгаруучу жолго салды" дешүүдө.
Бирок аты чыкпаса, жер өрттөгөндөн качпагандар “Баш мыйзамды өзгөртүш керек” дешүүдө. Былтыркы жылы оор кырдаалда жазылып, талкууга алынып, кийин референдумда кабыл алынган Конституция менен өлкөнүн жашоо кечирип жаткандыгына бир жарым жылдай болду. Жыйынтык чыгарууга эрте, Баш мыйзамдын, жаңы системанын жемишин жакынкы он жылдан кийин гана байкасак керек. Айрымдар же биздин эле коңшулар биздин Баш мыйзамды азырынча түшүндө гана көрүшү мүмкүн. Андыктан майга жетпей сасык деген мышыктарды саясий маданияттуулукка чакырып, коомчулук өзү керек учурунда Баш мыйзамды коргоп чыгышы зарыл. Себеби көп өтпөй, ошол эле Конституциядан улам бийлик бир адамдын колунда байланбай, мамлекет алдыга жылып, ар бирибиздин коопсуздугубузга жана өнүгүүбүзгө шарт түзүлөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
12.12.2011. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
за то орусун да казагын да бизден бай да даже озбекстан мамлекети да кыргызстандан бай
иши кылса элдин козун куйгузгон законго эмес жашоого жетеличи
ошо сартын казагын орусун биздин эшикти шыпырып полубузду жуусунчу
16.12.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirka, туура айтасын сага кошулам биз да жашап калсак экен Россиядай бай болуп....
12.12.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Umuttor bar birok kiiincheerek kyrgyzdar ozubuzdu ozubuz kul kylabyz zakondu bilbei
13.12.2011. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеткен аял кайын журтун, "торкун" кылат болбостон (!) авторитетин бекем сактап, такыр эле окмот жумуштарына келбей коюшса женет эле...кресло чапталып калбастан...
18.12.2011. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакынкы он жылда ким бар ким жок Кудай билет, биздин Эл он жылга эч чыдай алышпайт, Атамбаевдин мурдагы шайлоонун алдындагы убадасы эмне болду, мына Президент да болду, эми андан только 1, 2жылда мамлекетти онуктуруусун кутобуз, кандай жардам керек болсо ар бир жаран даяр, бир гана онуксок болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо