БЕКНАЗАРОВ СЫЙЛЫКТАН БАШ ТАРТТЫ

№475 9-15-декабрь, 2011-жыл

“Революциялардын бульдозери” атыккан Азимбек Бекназаров убактылуу бош, бирок жакын арада кайрадан эски ролун аткарышы мүмкүн. “Мага бийликтегилер “кресло” сунуштай элек, бирок оппозициянын жаңы күчтөрүн жетектөөгө чакырып жатышат”,- деди. Экс-президент Роза Отунбаева бийликтен кетер алдында 7-апрель окуясынын аткарылышына салым кошкон санаалаштарына сыйлык тараткан эле. Анда Бекназаров Манас орденин алуудан баш тартты. “Өзүбүздү өзүбүз сыйлаганыбыз туура эмес. Татыктуу болсок, жакшысы, кийинки бийлик сыйлык тапшырсын”,- дейт ал.
Азимбек мырза уулу Руслан Бекназаровдун Япониядагы элчиликке кызматкер болуп дайындалганы тууралуу да түшүндүрмө берди. “Мен азыр бийликте отурбасам, кандайча баламдын кызматка алынышына таасир бере алмакмын? Уулум билимдүү, жашы 30да, буга чейин Акыйкатчынын институтунда жана өкмөттүк аппаратта иштеген”,- деген жообун айтты. Бирок бул окуя интернет чөйрөсүндө талкуу жаратып, кээ бири “Русланга салыштырмалуу япон жана англис тилин мыкты билген, тиешелүү дипломатиялык билими барлар он жылдап ошол кызматка келе албай жүрүшөт”,- деп нааразы болушууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
12.12.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сыйлыктан баш тартып жакшы кылгансыз! оунорду озунор сыйлагандан коро башкалардан сыйлык алсанар болмок сыйлык алган байкелер!!!!!!
13.12.2011. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пенсияга чыктыгы го десе ...хмм
14.12.2011. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Р.Отумбаева анын ойлогонун бербептир да ошого баш тарткан,сыйлыктан кору кресло жакшы болмок. Бирин бирин ушуга чейин озулору эле сыйлап каалагандай кылып эле келишкен го -(. АНАН БИЗДЕ АК УЙДО ИШТЕГЕНДЕР ПЕНСИЯГА ЧЫКПАЙТ))) АЛАР ЖАШАРАТ КАЙРА,А БИРОК ЭЛ БИЗ АГА МААНИ БЕРБЕЙБИЗ(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо