№475 9-15-декабрь, 2011-жыл
Өлкөнүн эң маанилүү үч адамынын бири, парламенттик мамлекеттин парламент башчысы Ахматбек Келдибеков «мыйзамдагы уруу» Камчы Көлбаев менен бир эмес, эки жерде чогуу болгондугу документ түрүндө тастыкталды.
“Ишенген кожом сен болсоң...” демекчи, минтип катардагы аткаминер эмес, Жогорку Кеңештин бакыйган башчысы, төрө пейил төрагасы, буга чейин “карандай калп, каралоо аракети” деп секирген спикер Ахматбек мырзанын “быкыйлары” документтер менен далилденди. Келдибековичтин “Каприз” эс алуу борборунда “мыйзамдагы ууру” Көлбаев менен чогуу болгондугу тууралуу ИИМдин каты жана Дубайга бир учакта кеткендиги жөнүндө экөөнүн фамилиясы жазылган тизме коомчулукка жарыяланды.
Четке кагууга мүмкүн болбогон документтер ортого чыккан соң ЖКда спикердин бул иштерин иликтеп, баа берүүчү депутаттык комиссия түзүлдү. ЖКнын 7-ноябрда өткөргөн жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаев: “Парламенттин спикери менен кримавторитет Камчы Көлбаевдин 2011-жылдын 1-январында “Капризде” жолуккандыгы чын”,- деди. Анын айтымында, “30-декабрда Көлбаев өзүнүн жигиттери менен Ысык-Көлгө сапар алды” деген оперативдүү маалымат келип түшөт. “Биз Көлбаевдин артынан жүрдүк. Анын эс алуу борборуна качан келип, ким менен жолуккандыгы тууралуу бардык маалымат бар. 1-январда ЖКнын төрагасынын “Капризге” келгени бизге күтүүсүз болду. Ошол эле күнү Көлбаев экөө ресторанда жолукту, бирок эмне тууралуу сүйлөшкөнүн билбейбиз”,- деди Т.Алибаев.
Баса белгилөөчү жагдай, эки персондун жолугушуу учурун фото жана видеого тартууга спикердин жан сакчылары жол бербей койгон. Буга спикерди кайтарган УКМКнын 9-башкармалыгы: “Биздин милдет – төраганын коопсуздугун камсыз кылуу. Анын жолугушууларын көзөмөлдөө биздин компетенцияга кирбейт”,- деген жообун узатты.
Дубайга учканы да өзүнчө кеп кылууга арзыйт. 2011-жылдын январь айындагы Дубай-Бишкек багытынын №454-каттамы боюнча учкан жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарыяланды. 11-январда бир учакка отургандардын тизмесинен Ахматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, депутаттар Алтынбек Сулайманов, Нурлан Сулаймановдун ысымдары көрүнөт.
Бир эмес, эки жерде кримавторитет менен чогуу болуп калгандыгын Ахматбек Келдибеков кокустук катары көрсөтүүдө. Бирок эл ишенип кызмат берген, элдин эсеби менен туш тарапка учуп, эл көрүп, жер көрүп жүргөн Келдибековдун криминалдык чөйрө менен бирге жүргөндүгү – акылга сыйбас жорук. Мамлекеттин аброю үчүн да өтө уят иш. «Капризге» ошол күнү кокусунан барып калган Орусиянын элчиси кримавторитет жүргөн жерге түнөгөнү үчүн жетекчилигинен сөгүш алганын айтышты эле. Элчиге караганда спикер өлкөдөгү үчтүн бири эмеспи. 7-апрелде бейкүнөө мекендештердин каны Ак үйгө чейин ээлик кыла баштаган бандиттерди кууп чыгаруу үчүн төгүлгөнүн унутушпаса болгону...
Турдугүл Каримова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |