-
Талас облусунун учурдагы губернатору Койсун Курманалиева:
"Молдомуса Конгантиевди митингчилер сабап, эми асалы деп жатканда автоунаа менен алып чыгып кеткем",- дейт.
-
Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов Далай-Ламага 10 жыл мурун тоодон тапкан көгүлтүр ташты белек кылды. Таштын үстүндө Тибет Автономиялык Республикасынын сүрөтү бар болгону Далай-Лама үчүн өтө жагымдуу белек болгон.
-
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басарлары болуп Ошто төрөлгөн, 45 жаштагы генерал-майор Рустам Мамасадыков жана Нарында төрөлгөн, 40 жаштагы Аман Мамбетсеитов дайындалды.
-
УКМКнын курамында Коррупцияга каршы кызмат түзүлүп, анын директору болуп Бектен Сыдыгалиев дайындалды.
-
“Пирамида” телеканалынын жалпы баасы 3 миллион 784 миң сом деп бааланды.
-
Жардыргыч, баңгизат жана курал-жарактардын мыйзамсыз түрдө ташылуусуна бөгөт коюу үчүн Жалал-Абад облусунун
аймагында 6
жерге блокпост коюлду. 
-
“Кыргызстанда жумушунан негизсиз бошотулган адамдын сотко кайрылуу мөөнөтүн бир айдан эки айга дейре узартыш керек”,- дейт депутат Курманбек Дыйканбаев.
-
120 депутаттын автоунааларын оңдоп-түзөөгө жана айдоочуларынын маянасын төлөөгө 2011-жылы, бүгүнкү күнгө чейин
75 миллион сом каражат жумшалган.
-
15-декабрдан тартып Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында 23 метр бийиктиктеги башкы балатынын оту жанды.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg