ЖАНЫШ БАКИЕВ КЕЛСЕ ДЕЛЕ ТАҢ КАЛБАЙБЫЗ

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл

Атактуу жести менен кыргыз тарыхында кала турган УКМКнын экс-шефи Мурат Суталинов кайдан-жайдан, болгондо да 7-апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сот залында пайда болду. Учурдагы УКМКнын, судьянын Суталиновдун кайдан пайда болгонун “билбей калышканы” күлкүнү гана келтирет. Атүгүл Интерполдо издөөдө жүргөн Суталиновдун “өз эрки менен” сотко келгенин “эрдик” деп баалап жибергендер да болду.

СУТАЛИНОВДУ СОТ БАЙКАБАЙ КАЛЫП...
Ушунча элдин ыйы, каргышы, анан да бийлик-мансабын заматта жоготуп алуу оңой эмес да. Чачын буурул баскан Мурат Суталиновду абдан жакшы билген Өмүрбек Текебаев да тааныбай калыптыр. Сот Дамир Оңолбеков да аны байкабай калгандыгын айтууда. Бирок судьянын кебине ишенүү кыйын. Алдын ала сүйлөшүү болбосо, эл аралык издөөдө жүргөн адам эч нерсе болбогондой сот залына келип, башкалардын катарында бейкапар отура алмак эмес.
Жабырлануучулардын бири Суталиновдун отурумга катышуучулардын катарында отурганына нааразы болуп чыр чыгарганда гана аны залдагы темир торго киргизишти. Ал “Ак үйгө карай бет алган көтөрүлүшчүлөрдү атууга буйрук берген” деп күнөөлөнгөндөрдүн катарында. Бул күнү соттук отурумда мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы депутат Өмүрбек Текебаев жабырлануучу катары жооп берди. Апрель окуясы Өмүрбек Текебаев баш болгон оппозициянын бир нече өкүлүн УКМКнын абагына камап коюудан башталганы, ал кезде бул органды Мурат Суталинов жетектеп турганы жалпыга белгилүү.

БУТ КИЙИМ МЕНЕН УРУУ МОДАДА
Күбө катары чакырылган акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берип жаткан кезде залды дүрбөткөн окуя болду. Мурат Суталинов суроо берейин деп ордунан турары менен жабырлануучулар тараптан бут кийим ыргытылып, дарегине жетпей жерге түштү. Бул “чабуул” менен катар “Суталиновго өлүм!” деген сөздөр айтылып, дүрбөлөң ИИМдин атайын даярдыктагы жоокерлеринин кийлигишүүсү менен жөнгө салынды.

СУТАЛИНОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ
Жабырлануучулардын нааразычылыктарынан улам Мурат Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев үй камагына чыгаруу өтүнүчүн билдирди. Адвокат анын сотко өз эрки менен келгенин, өлкөгө сиңирген эмгегин жүйө кылды. Ал эми сот Суталиновду туруктуу жашоочу жери болуп, жашы жете элек бала менен энесинин жалгыз багар-көрөрү экенин эске алып, баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырды.
Карачы, айрым адамдар үчүн мындай маселе кандай бат чечилерин?! Ушундай эле жүйөлөрү бар айрым айыпталуучулар соттун мындай чечимин айлап күтүшөт эмеспи. Алыс кетпей, ден соолугу кескин начарлап кеткен Данияр Дунгановду эле эске алалы. Соттун мындай чечиминин туура эмес экенин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Фарид Ниязов да айтып чыкты. “Соттун эшигин тээп кирген адамды камакка алып, бир нече сааттын ичинде кайра үй камагына чыгарганы сот системасы үчүн уят нерсе”,- дейт ал. Саясий серепчилер мындан да түшүнүктүү комментарий беришүүдө. Алардын бири “эртең эле биздин заман да келет, ошондо кантесиң?” деп кекетишет. Соттор эртеңинен коркуп, булардын сураганын орундатышат” деп билдирди.

“КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕ ЖҮРСӨ КЕРЕК”
Буга чейин Мурат Суталинов башкалар сыяктуу эле “башка өлкөгө качып кетти” делинип, Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Мындай адам кандайча чек арадан билинбей өтүп кетти? Атүгүл буга чейин кээ бир булактар анын Казакстанда жашап, бизнес менен алектенип жатканын жазышкан эле. УКМКнын жаңы башчысы Шамиль Атаханов Суталиновдун чек ара постторунан өткөнү катталган эместигин айтты. “Чек арадан өткөн эмес. Ал Кыргызстандын эле аймагында жашынып жүрсө керек”,- деди ал. Балким, Жаныш Бакиев деле Кыргызстандын аймагында эле жашырынып жүрбөсүн? Эртең ал дагы сот отурумунда пайда болсо, таң калбай калдык көрүнөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
19.12.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанышты айтасынар, Курманбек келсе да тан калбагыла!
19.12.2011. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelip kalyshsa bayagy ele peshkalar kechiresiz Kur Salievich biz adashkan ekenbiz, baldar ozdoru ele biri birin olturup koushkan tura dep bashkacha okum chygaryp jibereerine dele shek jok...
19.12.2011. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tareg, кошулам сизге
20.12.2011. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tareg, vazir jakshy han jakshy degen sozgo taianyp-K.S.Bakievge andai juioosuz sozdorunorgo karshymyn...
20.12.2011. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doc03 ar bir adamdyn ozunun ou bar, aga chek koulgan emes, bul jon gana bojomoldoo... Koooop soz aityshtyn keregi dele jok, ubakyt korsotot 7 aprel' ishi bouncha kandai okum chygarylaary, kuto turaly ee?
20.12.2011. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйго курал которуп баруу бул кылмышбы же митингби? Кылмышта туурабы?
21.12.2011. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер кудайдан улук суйлобогуло коп,чын эле КУРМАНБЕК АТТЫРГАН БОЛСО АНДА ЖАЗАСЫН АЛСЫН ДЕМЕКЧИМИН А СИЛЕР КАЙДАН БИЛЕСИНЕР МОЖЕТЬ оТУНБАЕВАЛАР АТТЫРГАН.Ошон учун коп мындай иштерди токтотуп мамлекеттин мындан аркы келечегин ойлонуш керек.Курманбек президент болгондо элдин баары макташып эми кеткенден кийин жамандап калбай,мындай нерсе уят,ошол кездеги митинге чыккандардын копчулугу чын журоктон мамлекект онолсун деген ой менен чыккандар аз эле болгон, копчулугу акчага сатылып кеткендер чыккан.
21.12.2011. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошонун кесепетинен оноло албай жатабыз ар дайым шайлооо болгон сайын ар бир адам озунун калоосу менен шайлабай ар бирибиз акчага сатылып кетип жатабыз,ошондуктан дээнгелибизге жараша президент болуп жатат.Ошондуктан ар бирибиз ар бир шайлоо откон сайын акчага сатылбай шайлап активтуу катышсак анан ал президент дагы жакшы иштемек эле.
23.12.2011. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
duishon сага кошулам биздин денгээлибизге жараша башчы келип жатат. Ар бир адам онолууну озунон баштаса анан барып уй-булоо, коом, мамилекет онолот. Бардыгын жыйынтык корсотот. Курманбек Бакиевдин ишинин жыйынтыгына кубо болдук, Роза Отунбаеваныкына да кубо болдук... Калганын дагы корорбуз... Бирок умут-тилек кылалы жакшылыктан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо